NEW
Font size
WorksheetsЭлдик оозеки чыгармачылык, орто кылымдардагы адабий мурастар
Total questions: 20
Worksheet time: 12mins
Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы канча текке бөлүнөт?
3
4
5
2
“Эпос” термини кайсы тилден кирген?
орус тилинен
латын тилинен
грек тилинен
араб
Турмуштук жомоктор элдик оозеки чыгармачылыктын кайсы тегине кирет?
лирикалык
эпикалык
прозалык
дидактикалык
Адамдардын турмуштук тажрыйбаларынан алынып, алардын философиялык ой-жүгүртүүлөрүн жыйынтыктаган, дүйнөгө болгон көз караштарын билдирген, тарбиялык мааниси курч сөздүү, көркөм элестүү, рифмага жана ритмге ээ кыска чыгарма. Ал сүйлөм, бир-эки сап же бир сабак ыр түрүндө да айтылат.
макал
ылакап
жаңылмач
табышмак
“Кут алчу билимдин” толук нускасы кайда сакталуу турат?
Кашкар шаарында
Өзбекстан илимдер академиясынын чыгыш таануу институтунун
кол жазмалар фондунда
Петербург университетинде
Ленинграддын чыгыш таануу факультетинин китепканасында
“Бейт” деген эмне?
туташ уйкаштуу эки саптан турган ыр түрмөк
макал сыяктуу түзүлгөн уйкаш ыр түрмөгү
эки саптан турган ырлар
адабиятта бул термин кездешпейт
М. Кашгаринин чыгармасы кандай аталат?
“Кутадгу Билиг”
“Диван-лугат ат-түрк”
“Байыркы түрк жазуусу”
“Куттуу Билим”
М. Кашгаринин “Түрк сөздөрүнүн жыйнагы” качан жазылган?
1011-жылы
1056-жылы
. 1015-1016-жылдары
1072-1077-жылдары
Мындай акындардын чыгармалары идеялык мааниси жагынан тереңдиги менен айырмаланат. Алардын поэзиясында өзү жашаган доордун тарыхый соц. коомдук өзгөчөлүктөрү ачык-айкын сүрөттөлөт, жашоо турмуштагы карама-каршылыктар, конфликттүү кырдаалдар жаап-жашырылбай ачык түрдө баяндалат, ушунун баары акыл-насаат, агартуучул үгүт-насыят менен коштолуп отурат. Булар кимдер?
жамакчы акындар
жазгыч акындар
нускоочу акындар
төкмө акындар
Кандайдыр бир окуянын негизинде же адамдардын жүрүш-турушунун, мүнөзүнүн өзгөчөлүгүн жыйынтыктап, так, элестүү берилген, өзгөчө чечмеленүүчү тарыхы бар, көбүнчө каймана айтылып, контекстке карата мааниси чечилүүчү кыска, образдуу сүйлөм.
макал
туруктуу сөз айкаштары
ылакап
учкул сөздөр
Лирикалык текке кирүүчү чыгармалар кайсылар?
эмгек ырлар
табышмактар
уламыштар
жаңылмачтар
Бул эпостордун мазмунун башкы каармандардын
сырттан келген баскынчыларга жана ички
душмандарга каршы күрөшү түзөт.
баатырдык эпостор
кенже эпостор
турмуштук-социалдык эпостор
улуу эпостор
Буларда эл турмушунун ар кандай жактары – эркин сүйүүгө умтулуусу, эски салтка каршы күрөшү, бийлик талашуулары ж. б. ар түрдүү кырдаалдардагы жашоо-тиричиликке байланышкан окуялары сүрөттөлөт.
турмуштук-социалдык эпостор
баатырдык эпостор
жөө жомоктор
эмгек ырлары
Фольклордогу эпикалык түргө кирүүчү ыр формасындагы
көлөмдүү чыгарма
эпос
лирика
поэма
турмуштук ырлар
Чубактын кунундай чубалган иш. Бул макалбы же ылакаппы?
макал
ылакап
учкул сөз
метафора
Дастандын мазмуну 85 баптан, 6645 бейттен (эки саптан турган ыр саптары), 13290 саптан, булардан тышкары 250 рубаилерден турат. Дастан арзуу ыр өлчөмүндө, экилик (маснавий) ыр формасында төрт каармандын аңгемеси аркылуу түзүлгөн. Кайсы чыгарма жөнүндө сөз болуп жатат?
Сайф ад-Дин Аксыкенти "Мажму ат- Таварих"
М.Кашгари "Кут алчу билим"
М.Кашгари "Диван лугат ат-түрк"
Ж.Баласагын " Кут алчу билим"
Негизги идея элди коргоо, мамлекетти чыңдоо,
белгилүү мыйзамдарды кабыл алуу,
ага баш ийүү деген идеологиялык багыттар
окшош сүрөттөлгөн чыгармалар кайсылар?
"Манас" эпосу жана "Мажму ат -Таварих"
"Манас" эпосу жана "Кут алчу билим"
"Кут алчу билим" жана "Диван лугат ат-түрк"
"Диван лугат ат-түрк" жана "Манас" эпосу
Эмгекте 290 макал-ылакап, 100 чамалуу ыр, 100гө жакын шаар, кыштактардын (мисалы, Аргу, Баласагун, Барсган, Фараб жана башка), географиялык атоолор (мисалы, Ертиш, Иле, Жейхун, Ысык-Көл жана башка), уруулардын аттары (мисалы, аргу, кыркыз, басмыл, чигил, тукси, ягма жана башка), аларга тиешелүү түшүнүктөр, аныктамалар келтирилген.
Бул кайсы китеп?
Ж. Баласагын "Кутадгу Билиг"
М Кашгари "Диван лугат ат-түрк"
Ж. Баласагын "Диван лугат ат-түрк"
М Кашгари "Кутадгу Билиг"
Ал XI кылымда эле дин менен каада салттын ортосундагы окшоштуктарды таап, ага далил катары түрк элдеринин дидактикалык чыгармалары, макал -лакаптары менен ислам дининдеги эрежелерди салыштырып, мазмундук окшоштуктарды таап,
ажырымды бириктирүүгө аракет кылган.
Бул эмгек кимге таандык?
Ж.Баласагын "Кутадгу Билиг"
М. Кашгари "Диван лугат ат-түрк"
Сайф ад-Дин Аксыкенти "Мажму ат -Таварих"
Сөз чогултуу, түзүү, иретке келтирүү сыяктуу иштер менен алектенген окумуштуу кандай аталат?
лексиколог
лексикограф
филолог
