Font size
WorksheetsТурактуу электр тогу
Total questions: 23
Worksheet time: 19mins
Электр тогунун ар кандай булактарында кандайдыр бир энергия сөзсүз электр энергиясына айланат. Электрофор машинасы кайсы энергияны электр энергиясына айландырат?
Механикалык энергияны
Жылуулук энергиясын
Жарык энергиясын
Химиялык реакциянын натыйжасында пайда болгон ички энергияны
Электр тогунун ар кандай булактарында кандайдыр бир энергия сөзсүз электр энергиясына айланат. Термоэлемент кайсы энергияны электр энергиясына айландырат?
Механикалык энергияны
Жылуулук энергиясын
Жарык энергиясын
Химиялык реакциянын натыйжасында пайда болуучу ички энергияны
Электр тогунун ар кандай булактарында кандайдыр бир энергия сөзсүз электр энергиясына айланат. Фотоэлемент кайсы энергияны электр энергиясына айландырат?
Механикалык энергияны
Жылуулук энергиясын
Жарык энергиясын
Химиялык реакциянын натыйжасында пайда болуучу ички энергияны
Электр тогунун ар кандай булактарында кандайдыр бир энергия сөзсүз электр энергиясына айланат. Гальваникалык элемент кайсы энергияны электр энергиясына айландырат?
Механикалык энергияны
Жылуулук энергиясын
Жарык энергиясын
Химиялык реакциянын натыйжасында пайда болуучу ички энергияны
Өткөргүчтө электр тогу болушу үчүн заряддалган бөлүкчөлөрдүн кыймылы кандай болушу керек?
Баш аламан жана өтө тез
Бир багыттуу
Баш аламан жана өтө жай
Баш аламан
Токтун күчү деген эмне?
Өткөргүчтүн кесилиш аянты аркылуу убакыт бирдиги ичинде өткөн заряддардын санын көрсөтүүчү физикалык чоңдук
Бирдик зарядды өткөргүчтүн бир чекитинен экинчисине которууда электр талаасынын аткарган жумушун мүнөздөөчү физикалык чоңдук
Өткөргүчтүн электр тогунун өтүшүнө тоскоолдук келтирүү касиетин мүнөздөөчү физикалык чоңдук
Ток булагындагы энергиянын запасы
Электр чыңалуусу деген эмне?

Электр каршылыгы деген эмне?

Амперметр электр чынжырында кандай туташтырылат?
Удаалаш
Жарыш (параллель)
Айырмасы жок
Вольтметр электр чынжырына кандай туташтырылат?
Удаалаш
Жарыш (параллель)
Айырмасы жок
Вольтметр кайсы чынжырда туура туташтырылган?
Берилген электр схемасы менен сүрөттөгү электр чынжырын салыштырып, кайсы сүрөттүн схемасы экендигин аныктагыла, б.а. схемадагы лампочка күйүп турабы же жокпу?
Электр чынжырынын АВ бөлүгүнө кесилиш аянттары бирдей, узундугу ар башка болгон эки никелин зымын туташтырсак, кайсы өткөргүчтүн каршылыгы чоң болот?
Узун өткөргүчтүн
Кыска өткөргүчтүн
Айырмасы жок
Электр чынжырынын АВ бөлүгүнө кесилиш аянттары ар башка, узундугу бирдей болгон эки никелин зымын туташтырсак, кайсы өткөргүчтүн каршылыгы чоң болот?
Кесилиш аянты чоң болгон (жоон) өткөргүчтүн
Кесилиш аянты кичине болгон (ичке) өткөргүчтүн
Айырмасы жок
Узундугу жана туурасынан кесилиш аянты барабар болгон никелин жана нихром замдарынын электр каршылыгы бирдей болобу?
Ооба, себеби электр каршылыгы заттын тегинен көз каранды эмес
Жок, себеби электр каршылыгы заттын тегинен көз каранды
Ооба, узундугу жана туурасынан кесилиш аянты барабар болгон өткөргүчтөрдүн электр каршылыктары бирдей болот
Жок, электр каршылыгы өткөргүчтүн узундугуна, анын туурасынан кесилиш аянтына жана заттын тегине көз каранды болбойт
Электр тогунун ар кандай булактарында кандайдыр бир энергия сөзсүз электр энергиясына айланат. Гидроэлектр станциясы кайсы энергияны электр энергиясына айландырат?
Кыймыл энергиясын
Механикалык энергияны
Жылуулук энергиясын
Жарык энергиясын
Электр чынжырында токтун күчү кандайча өлчөнөт?
Вольтметр менен
Амперметр менен
Омметр менен
Гальванометр менен
Электр каршылыгынын формуласы кандай?
R = U / I
R = I / U
R = I^2 * U
R = U * I
Төмөнкү берилгендердин кайсылары үлүштүк бирдиктер?
декавольт
децивольт
гектавольт
сантивольт
киловольт
Төмөнкү берилгендердин кайсылары эселик бирдиктер?
милливольт
гектавольт
децивольт
декавольт
киловольт
Өткөргүчтөрдү удаалаш туташтырууда чынжырдын бөлүктөрүндөгү электрдик токтун күчү төмөнкүдөй эсептелет:
I=I1+I2
I=I1=I2
Айырмасы жок
Өткөргүчтөрдү удаалаш туташтырууда чынжырдагы жалпы электрдик чыңалуусу төмөнкүдөй эсептелет:
U=U1+U2
U=U1=U2
Айырмасы жок
Өткөргүчтөрдү удаалаш туташтырганда алардын жалпы электрдик каршылыгы төмөнкүдөй эсептелет:
R=R1+R2
1/R=1/R1+1/R2
Айырмасы жок