NEW
Font size
WorksheetsЧ. Айтматов "Бетме-бет"
Total questions: 20
Worksheet time: 10mins
Ч. Айтматовдун "Бетме-бет" чыгармасы качан жарык көргөн?
1985-ж.
1958-ж.
1945-ж.
1952-ж.
"Бетме-бет" чыгармасынын негизинде тартылган фильм кандай аталат?
"Бетме-бет"
"Бозгун Ысмайыл"
"Куш өмүр"
"Өмүр-өлүм"
Жаз келери менен Ысмайыл үй-бүлөсүн алып кайда көчүп кетмей болду?
Чаткалга
Таласка
Чүйгө
Түштүк тарапка
Мурда буудай, арпаларды майдалаш үчүн эмнени колдонушкан?
тегирменди
жаргылчакты
соку жана сок билекти
супараны
Сейде Ысмайылга деп коңулдун астынан эмне даярдап койду?
жашынууга ороо
атайын бөлмө
көп тамак-аш
сарай
Байдалынын согуштан курман болгонун айыл аксакалдары эмнеге жашырышты?
Тотойду аяшты
Кара кагазга ишенбей, келип калар дешти
Айтуудан тартынышты
Байдалы согушка барган эмес
Мырзакул деген ким?
Сельсовет
Сейденин кошунасы
Башка айылдан келген башкарма
Почточу
Байдалы кайда каза болду?
Сталинградда
Москвада
Ленинградда
Айылында
"Өлсө өлгөн чыгар. Окко башыңды тоссоң соо каласыңбы? Мен эмне кара башымды бекер ала качып жүрөмбү! Акмак болбосо минага барып эмнеге боюн таштайт? Андан кандай пайда тапты? Өлдү да калды?
Ким жөнүндө сөз болду? Бул кимдин сөзү?
Тотой күйөөсүнөн кабар болбогондо жини менен айтты
Сейде Ысмайылга карап айтты
Байдалы тууралуу Ысмайыл айтты
Мырзакул Байдалы тууралуу айтты
Мырзакул эмне үчүн Сейдени камчы менен тартып жиберди?
Аны менен айтышканы үчүн
Колхоздун жумуштарына жардам кылбагандыгы үчүн
Чындыкты айтканы үчүн
Ысмайыл тууралуу ачык айтпагандыгы үчүн
Ысмайылдын энеси
Калича
Ажар
Бексаат
Каным
Мырзакулдун өлүмүнө эмне себепкер болду?
НКВДынын аскери атып салды
Ысмайылдын огунан каза тапты
Согуштан алган жараты күчөп кетти
Өлүмү табышмактуу бойдон калды
Ал азыр өлүмдү көздөй эмес, адамдык бийик касиети, адилеттиги үчүн баласын керилген көкүрөгүнө кысып, башын өйдө көтөрүп, кетип бара жатты.
Сөз ким тууралуу жүрдү?
Сейде
Согушка кетип бара жаткан уландар
Тотой
Мырзакул
Согуш учурундагы бүткүл ураан
Бардыгы жеңиш үчүн
эптеп өлбөстүн күнүн көрүү
Ар ким өзү үчүн
Бардык өлкөлөрдүн пролетарлары бириккиле
Согушка чейин Ысмайыл эмне менен алектенчү?
Колхоздо трактор айдачу
Малчы болчу
Сельсовет болчу
Жалгыз уул болгондуктан ата-энеси иштеткен эмес
Ысмайылдын энеси өлөөрүндө Сейдеге эмне сырын айтты?
Ысмайыл бакма бала экендигин
Эли-жери башка болгондугун
Ысмайылдын энеси башка экендигин
Ысмайыл Мырзакулдун бир тууганы экендигин
Тотойдун жалгыз уюн ким уурдаган?
Согуштан качкан Калматай
Ысмайыл
Белгисиз бирөө
Почточу карыя
Согушка чейинки Ысмайыл кандай адам эле?
Шайыр, күчтүү, эмгекчил
Жалгыз бала болгондуктан эрке
Жалкоо, өзүн гана ойлогон
Эл башкарган, чечкиндүү
Айыл элинде мурда угуп көрбөгөн кайсы сөздөр айтыла баштады?
Согуш, кат-кабар,колхоз
Герман, фашист, повестка
Поезд, станция, фонар
Беш атар мылтык, фашист, кара кагаз
Ысмайыл эмнеге өкүндү?
Эл катары энесине топурак сала албай калганына
Сейдени таарынтканына
Согуштан качканына
Мырзакулдун өлүк ээси болгонуна
