NEW
Font size
Worksheetsпиза 2
Total questions: 10
Worksheet time: 5mins
Желе -бул желе безинен бөлүнүп чыккан балкыган абалдагы суюк секрет.
Ал абага чыкканда катып желе жибине айланат.Бул жиптер белок булаларынан турат .Жөргөмүш желесинин диаметри миллиметрдин 1/1000 бөлүгүн түзүп , дал ошондой эле жоондуктагы эн бекем металл-болоттон 5 эсе бекем. Мындан тышкары жөргөмүштүн желеси эң жеңил.Кээ бирки жөргөмүштөр, мисалы ,ала жөргөмүш өзүнүн желе торунун жибин мезгил -мезгили менен жеп,торун кайрадан токуйт. Эмне себептен жөргөмүштөр өздөрүнүн желе торлорун жешет ?
Организмдеги белоктун запасын калыбына келтирүү үчүн
Желедеги токтоп калган суусунун кандыруу үчүн
Пилланын ичиндеги жумуртканын өрчүшү үчүн
Жөргөмүштөрдүн желе торундагы пайдаланган ар түрдүү жиптердин ар бири ар түрдүү кызматтарды аткарышат . Маселен ,тузак,радиалдык,каркастык, көмөкчү жиптер ар түрдүү курамдагы жана касиеттеги жиптерден жасалат.себеби жөргөмүштөрдүн түрдүү желе бездеринен бир нече типтеги желе жиби чыгат .Алар өтө бекем,бекем,жабышчаак ,ичке,жабышпаган ж.б.сапаттагы Мындан сырткары өзүнө жол салууда же пиллаларын токуганда дагы башка типтеги желе жибин пайдаланышат.
Жөргөмүш ар кандай сапаттагы тузак,радиалдык ,каркастык, көмөкчү кызмат аткаруучу желе жиптерин пайдаланып,кандай тартипте желе торун токушат ?Сунушталган жиптердин сапаттары боюнча түрлөрүн пайдаланып ,жөргөмүштүн желе торун токуунун туура ирээттуулугун түзгүлө ?
Бекем калың жип
Жабышпаган ичке жип
Жабышчаак,ичке жип
Эн бекем калың жип
Жооп :Г, А, Б, В
Даниярдын үй-бүлөсү кышкысын электр энергиясы үчүн төлөмдүн квитанциясын алышты .Энергия үчүн төлөм демейдегиден көп чыкканына таң калышып ,мамлекет аларды алдап жатканына нааразы болушту .Данияр эмне үчүн эсептегичтер көбүрөөк көрсөткүч берип жатканын түшүнүүнү чечти .Данияр изилдөөсүн эсептегичтер кандай түзүлгөндүгүнөн баштады . Электр төгүн ченөө үчүн кандай приборлор керек ?
Вольтметр,амперметр жана саат
Ваттметр, амперметр жана саат
Омметр, амперметр жана саат
Айнек бөтөлкө ,бышырылган жумуртка ,бир барак кагаз жана ширеңкенин жардамы менен жумуртканы бөтөлкөнүн ичине киргизүүгө мажбурлайбыз. Ал үчүн бөтөлкөнүн ичине күйүп жаткан кагаз түшүрүлөт . Андан кийин кабыгы тазаланган жумуртка м н бөтөлкөнүн оозун жапсак ,кагаздын күйүүсү токтойт .Бир нече убакыт өткөндөн кийин жумуртка бөтөлкөнүн ичине тартылып кирет . Бул тажрыйба кайсы физикалык кубулуштарды түшүндүрөт?
Жылуулуктан кеңейүү жана жыйрылуу
Басым
Конвекция
Индикатор түшүнүгүн жана анын касиеттерин билип,туура далилдоолорду тандагыла ?
Кислоталарда лакмустун түсү - кызгылт
Индикатор кислоталарды гана аныктоодо колдонуулучу зат
Метил-оранж - натрий хлоридинин эритмеси кызгылт -сары түскө өзгөрөт
Акмат мектепте эксперимент жүргүздү .,ал көлөмү бирдей болгон 3 идиш алып ,аларга газ түрүндөгү заттарды : көмүртек кычкылы,көмүр кычкыл газы жана кычкылтек менен толтурган .Таразасы жок эле кайсы газ эң оор экенин эсептеп чыгыш керек . Жогорудагы газдардын кайсы бири эң оор газ болуп саналат ?
CO
CO2
O2
Өткөн кылымдын башында жашаган Француз ашпозчу Француа Аппер бир жолу мындай тажрыйба жүргүзгөн:ал кайнатылган эт, шорпо,өрүктөрдү темир банкага куюп ,банканын оозун ширетип бекитип койгон дагы аны көпкө кайнаткан .Аппер 1 айдан соң банканы ачып ,азык бузулбай сакталгандыгын жана аны тамак-аш катары колдонууга боло турганын көргөн .Наполеон ашпозчунун бул эмгеги үчүн аны 12 миң Франк менен сыйлаган.Эмне себептен ашпозчу банканын оозун ширетип бекиткен сон көпкө кайнаткан .?
Даамын жакшыртуу үчүн
Бактерияларды өлтүрүү үчүн
Витаминдерди сактоо үчүн
Калонхое сыяктуу кургак ,ысык аймакта өсүүчү суккуленттер ( сууну запастоочу атайын ткандары бар өсүмдүктөр ) өскөн чөйрөсүнө ыңгайлашкан.Алардын жалбырактары сууну аябай аз буулантышат .Мындай өсүмдүктөр фотосинтез процесси үчүн зарыл болгон көмүр кычкыл газын түнкүсүн органикалык кислота түрүндө топтоп алышат .Эмне себептен кургак аймакта өскөн өсүмдүктөр жарыкта жүрүүчү фотосинтез процессине караңгыда эле катышышат ?
Күндүзү абада көмүр кычкыл газы болбойт
Түнкүсүн абада көмүр кычкыл газы аз
Күндүзү үт тешиги жабык
Электр откорумдуулук тирүү жандыктын жашоо активдүүлүгүн мүнөздөгөн параметрлердин бири болуп саналат .Белгилүү болгондой,ар кандай тирүү организмдердин төрөлүшү менен биоэлектрдик кубулуштар башталып ,тирүү жандык өлгөндө токтойт .Адамдын денеси электрдик касиети боюнча туз эритмеси,(электролит эритмеси). Электролит эритмелеринде кандай бөлүкчөлөр электр тогун пайда кылат?
Оң иондор
Терс иондор
Оң жана терс иондор,электрондор
Телеканалдын берүүлөрүнүн бир бөлүгүндө алып баруучу суу түтүкчөлөрүндө сууну пайдалануу тууралуу айтып жатып ,өзүнүн бир оюн мындайча ацткан :" Кайнатканда суудагы хлор жоголбойт ". Чынында эле эркин хлор ичүүчү сууну тазалоо үчүн колдонулат .Анын калдыктары сууда эриген боюнча калат жана биз бул жытты дайыма сезебиз .Эркин хлор (жөнөкөй зат түрүндө ) суу тунганда да ,суу кайнаганда да бууланат .Бирок ошондой эле суу түтүкчөлөрүндөгү суудагы органикалык кошулмалар менен оз ара аракеттенет .Пайда болгон кошулмалар , мисалы ,хлороформ канцерогендик активдүүлүккө ээ,б.а. олуттуу ооруларды пайда кылат .Суу кайнаганда ,бул хлордуу камтыган кошулмалар дээрлик жок кылынбайт .Хлордун (н.ш.) физикалык касиеттерин кайсы мүнөздөмөсү туура чагылдырат ?
Сууда эрибеген суюктук
Сууда эрүүчү газ
Сууда эруучу суюктук
