NEW
Font size
Worksheetsкыргыз тили 10 класс
Total questions: 20
Worksheet time: 10mins
Сөздүн өтмө мааниси деген эмне?
Сөздүн чындыкка дал келген эң алгачкы мааниси
Сөздүн баштапкы маанисине салыштырылган образдуу мааниси
Сүйлөөчүнүн көрүнүштөргө карата болгон субъективдүү мамилеси
Нерсе менен кубулуштардын ортосундагы белги
Кайсы варианттагы асты сызылган сөз өтмө мааниде колдонулган жок?
Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел
Ак ийилет, бирок сынбайт
Спорт-ден соолуктун булагы.
Булак көрсөң, көзүн ач
Кайсы вариантта маанилери бири-бирине карама-каршы келген сөздөр берилген?
ыйлаак-жашык
тынч-жымжырт
чукул-жакын
жүдөө-тың
________________________________,энесинин жоктугун билдирбей чоңойтту. Жогорудагы сүйлөмдү кайсы туруктуу сөз айкашы менен толуктасак, туура маанилүү сүйлөм түзгөн болобуз?
Аягын жерге тийгизбей
Тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай
Тишин тишке коюп
Ичкен ашын жерге коюп
Кайсы катардагы сөз айкаштарында кадимки "жолду" билдирген маани камтылган?
Темир жолчулар келип калышты.
Атаңдын жолун жолдойт турбайсыңбы.
Жолдо жүрүп чарчап калыптырбыз.
Жолуң болсун, каралдым.
Ат жалына казан ас. Сөз тизмегинин маанисин тап.
атка ишенүү
ат үстүндө азыктануу
аттын үстүнө жүк жүктөө
аттан түшпөө
Омоним сөздү тап.
суу
көз
жай
алтын
Көп маанилүү сөздү тап.
жер
баш
жаз
жамгыр
Ал класста ден соолук тобунун башчысы. Мектепте коомдук иштерге активдүү катышат. Берилген текст кайсы иш кагазына мүнөздүү?
өмүр баян(1-жак)
мүнөздөмө
резюме(таржымал)
справка (маалымкат)
Кайсы варианттарда "абдан окшош" деген маани берилген?
I.куюп койгондой
II.эки тамчы суудай
III.Асман менен Жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй, Айың менен Күнүңдүн бир өзүнөн бүткөндөй
IV.арстандай атырылуу, түлкүдөй куу
"Сураймын" деген сөз кайсы иш кагазына мүнөздүү тилдик каражат?
Сурануу кат
Отчет
Арыз
Тил кат
Кептин сүрөттөө түрү менен кептин кайсы стили байланышат?
Илимий
Иш кагаздары
Көркөм
Эч кайсы кептин стили менен байланышы жок
______"Мыкты окуучу" конкурсуна катышуу үчүн берилди. Берилген сүйлөмдү кайсы сөз менен толуктасак, иш кагазын туура аткарган болобуз?
Отчет
Мүнөздөмө
Арыз
Справка(маалымкат)
Грек тилинен кыргызчага которгондо "Сылык сүйлөймүн" деген маанини билдирген сөздөр
Табу сөздөр
Эвфемизмдер
Полисемиялар
Өтмө маанилүү сөздөр
"Ымтыкан" сөзүнүн жаңыртылган вариантын көрсөт.
Сабак
Экзамен
Чейрек
Отчет
Лексикография-?
Сөздүктөр жөнүндөгү илим
Сөз жөнүндө илим
Сүйлөм жөнүндө илим
Лексика жөнүндө илим
Этимология-?
Бир сөздүн келип чыгышы, теги
Окшош сөздөрдүн келип чыгышы
Карама-каршы маанидеги сөздөрдүн келип чыгышы
Маанилеш сөздөрдүн келип чыгышы
"Жарым жан" деген туруктуу сөз айкашынын мааниси кандай?
Бирөөгө жардам берген адамды айтат
Жакшы көргөн адамды айтат
Алты саны аман эмес, бир мүчөсү кем, оорукчан адамды айтат
Күйөөсү аялын айтат
Омограф сөздү тап.
Бак-бак
Тердик-тердик
Тирүү-түрүү
Кесе-кезе
"бөтөн" сөзүнө антоним сөздү тап.
Башка
Тааныш
Чоочун
Жакын
