WorksheetsВикторина без названия
Total questions: 30
Worksheet time: 15mins
Кызыл деген сөздүн өтмө мааниде колдонулган учурун тапкыла
Кызыл жоолук
Кызыл байрак
Кызыл алма
Кызыл күн
Кайсы сүйлөмдө антонимдер орун алган
Катуу бассаң таскаксың,акырын бассаң аксаксың
Болгону балдарга жакшы билим бергим келчү
Бир аз дымый түштү да,бышактай кетти
Мен оозумдан келмем түшүп,томсоруп туруп калдым
Сындыруу деген сөздүн өтмө мааниде колдонулган учурун тапкыла
Нан сындыруу
Көңүлүн сындыруу
Таякты сындыруу
Идишти сындыруу
Бул өнөрүнө маашыр болуп менин да боорум эзилди
Фразеологизм эмнени түшүндүрөт
Боорум ооруду
Күлдүм
Ичим ооруду
Жылмайдым
Ата- энеси,бир туугандары көзүнөн учат
Фразеологизмдин маанисин тапкыла
Сагынат
Жолуктурат
Элестетет
Түшүндө көрөт
Кайсы вариантта сөздөр атоочтон этиш жасоочу мүчөлөр аркылуу жасалды
Бармак,көргөзмө
Тизил,басылма
Кайтар,бышык
Чоңой,демик
Зат атооч сүйлөмдө кандай милдет аткарат
Ээлик,баяндоочтун,бышыктоочтук
Аныктооч,баяндооч,толуктооч
Толуктооч.аныктооч.баяндооч
Сүйлөм мүчөлөрүнүн баарынын милдетин аткарат
Кырмандагы саманга жатып алдым.
Барыш жөндөмөсүндөгү сөздү тапкыла
кырмандагы
саманга
жок
жатып
Анара таң калгансып (көз) кайра-кайра ирмегиледи.
Кашаадагы сөзгө табыш жөндөмөсүнүн мүчөсүн улагыла
көздү
көзүнө
көзүн
көзүнү
Жалкоо адам жерге да жүк,элге да жүк.
Сын атооч сүйлөмдүн кайсы мүчөсүнүн милдетин аткарат
ээлик
аныктоочтук
бышыктоочтук
толуктоочтук
Кыш былтыркыдан жылуураак болду.
Сын атооч кайсы даражаны билдирди
күчөтмө даража
басаңдатма даража
салыштырма даража
жай даража
Жамдама сан атоочтун жөндөлүшү кайсы вариантта экенин белгилегиле
бештин,жетини,бирге
бешинчинин,жетинчини, биринчини
бешөөнүн,жетөөнү,бирөөгө
беттердин,жетилерди,бирлерге
Бир ок менен эки коёнду атыптыр.
Бул сүйлөмдөгү сан атооч сөз маанисине карай кандай сан атооч
топ сан
жамдама сан атооч
чамалама сан атооч
эсептик сан атооч
Эч ким эч качан унутулбайт.
Асты сызылган ат атоочтор мааниси боюнча кандай ат атооч
таңгыч
аныктама
белгисиз
сурама ат атооч
Келген себебим-ушул,түшүндүңбү,Бостон.
Ушул деген ат атооч мааниси боюнча кандай ат атооч экенин белгилегиле
жактама
шилтеме
сурама
таңгыч
Сөз кызытып жигиттер бүгүн баштан кечирген окуясын айтып отурушту
Тактооч сөз кыймыл - аракеттин кандай белгисин билдирет
Сан- өлчөмүн
Сын-сыпатын
Ордун
Мезгилин
Тактооч берген маанисине карата канчага бөлүнөт
1
2
3
4
Желп-желп этип мелүүн керимсел жүрүп турду
Тууранды сөздү тапкыла
Мээлүүн
Керимсел
Этип
Желп- желп
Бир түлкү булаң этип, камыштын ичинен чыга качты
Тууранды сөздү тапкыла
Түлкү
булаң
этип
чыга
Капырай, муну кантип ойлоп таптыңар,ыя
Сырдык сөз кандай маани берип жатат
таң калуу
коркуу
Ишенбөө
Толкундануу
Тактооч+этиш схемасын дагы сөз айкаштарын тапкыла
Салкын аба, нымдуу сүлгү
Жакын тууган,кызыл китеп
Тез чуркады, эрте келди
Баарынан алдыда,ойдон ылдам
Оболу кара дермантин портфель колго тийди
Бул сүйлөмдө канча сөз айкашы бар
4
3
5
6
Ээ менен баяндоочтун ортосуна кайсы учурда сызыкча коюлат
Баяндоочтун милдетин атооч жөндөмөсүндөгү. соз аткарса
Экөө тең жөнөкөй сөз болсо
Ээнин милдетн аткарган сөзгө Жак мүчөлөр уланса
Ээгин милдетин аткаргансөзгө кызматчы сөздөр жалганса
Сүйлөм мүчөлөрү жалпы жонунан кантип бөлүнөт
Жөнөкөй жана татаал
Ээ жана баяндооч
Баш жана айкындооч
Жалаң жана жайылма
Ачуу-душман,акыл-дос.
Бул сүйлөмдө сүйлөмдүн ээсин тапкыла
Ачуу,акыл
Душман,дос
Дос
Ээси жок
Кеңешти акылдуулардан сура.
Толуктоочту тапкыла
Кеңешти
Кеңешти,акылдуулардан
Акылдуулардан
Толуктоочу жок
Татаал сүйлөм өзгөчөлүктөрүнө карай канча топко бөлүнөт
3
2
4
5
Багыныңкы сүйлөмдүн канча түрү бар
4
7
9
8
Публицистикалык стилди эң көп колдонгон кесип ээлери
Мугалимдер
Илимпоздор
Журналисттер
Архив кызматкерлери
Илимий стилде кандай сөздөр арбын колдонулат
Сырдык сөздөр
Киринди сөздөр
Тууранды сөздөр
Каратма сөздөр
