wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

9-класс.ПИЗАга багытталган тесттик тапшырмалар

Total questions: 18

Worksheet time: 32mins

Name
Class
Date
1.
  1. 1. Айжан досуна жашыруун билдирүү жөнөтүүнү каалайт. Ал ар бир тамганы алфавит боюнча 3 позицияга жылдыруу менен шифрлөөнү чечти. Мисалы, "A" тамгасы "D" болуп калат.​

Суроо:
Айжан "САЛАМ" деген сөздү шифрлесе, кандай натыйжа чыгат?

a)

A) ҮГҢГО

b)

Б) ФГОГП

c)

C) ФГОРП

d)

D) DFOFP

2.

Компьютерлер маалыматты 0 жана 1 сандары аркылуу сакташат. Бул бинардык система деп аталат.​

Суроо:
Бинардык системада "1010" деген сан ондук система боюнча кандай мааниге ээ?​

a)

A) 8

b)

B) 10

c)

C) 12

d)

D) 14

3.

Супермаркетте товарлардын баасы жана маалыматы QR код аркылуу берилет.​

Суроо:
QR коддун негизги артыкчылыгы кайсынысы?​

a)

A) Жөнөкөй сүрөт

b)

B) Тез жана көп маалыматты камтый алат

c)

C) Түстүү болушу

d)

D) Кичинекей өлчөмү

4.


Компьютерлер тамгаларды сандар аркылуу түшүнөт. Мисалы, "A" тамгасынын ASCII коду 65ке барабар.​

Суроо:
"C" тамгасынын ASCII коду канча?​

a)

A) 66

b)

B) 68

c)

C) 67

d)

D) 69

5.

Мектепте окуучулар маалыматты коддоо жана кайра чечмелөө (декоддоо) боюнча көнүгүүлөрдү аткарышат.​

Суроо:
Коддоо жана декоддоонун негизги максаты эмнеде?​

a)

A) Маалыматты жоготуу

b)

B) Маалыматты кыскартуу

c)

C) Маалыматты жок кылуу

d)

D) Маалыматты сактоо жана кайра алуу

6.

Компьютерде маалымат бит жана байт менен өлчөнөт. 1 байт = 8 битке барабар.​

Суроо:
256 байт канча битке барабар?​

a)

A) 2048 бит

b)


B) 512 бит

c)


C) 1024 бит

d)


D) 4096 бит

7.

Компьютерде ар бир символ 1 байт маалыматты ээлейт.​ОшГУ

Суроо:
"САЛАМ" деген сөз канча байт маалыматты ээлейт?​

a)

A) 4 байт

b)


B) 5 байт

c)


C) 6 байт

d)


D) 7 байт

8.

Бир сүрөт файлынын көлөмү 2 мегабайт (МБ).​

Суроо:
Бул файл канча килобайтка (КБ) барабар?​

a)

A) 2000 КБ

b)


B) 2048 КБ

c)


C) 1024 КБ

d)


D) 512 КБ

9.


Интернет ылдамдыгы секундуна 8 мегабит (Мбит/с) деп көрсөтүлгөн.​

Суроо:
Бул ылдамдык менен 1 мегабайт (МБ) көлөмүндөгү файл канча убакытта жүктөлөт?​

a)

A) 1 секунда

b)


B) 2 секунда

c)


C) 0.5 секунда

d)


D) 4 секунда

10.

Маалыматты кысуу процесси файлдын көлөмүн азайтууга жардам берет.​

Суроо:
Кайсы файл түрү көбүнчө кысылган форматта болот?

a)

A) .txt

b)


B) .zip

c)


C) .doc

d)


D) .exe

11.

Сезимдин Google аккаунтуна белгисиз адам кирип алган.

Суроо: Эмне кылуу сунушталат?

a)

A) Паролду алмаштыруу

b)


B) Башка почта ачуу

c)


C) Электрондук каттарды жок кылуу

d)


D) Эч нерсе кылбоо

12.

Азамат мектеп долбоорун үйдө бүтүрүп, мектептеги компьютерден ачкысы келет.

Суроо: Маалыматты жеткирүүнүн эң ыңгайлуу жолу кайсы?

a)

A) Кагазга көчүрүү

b)


B) Электрондук почта аркылуу жөнөтүү

c)


C) Телефонуна жазып коюу

d)


D) Принтер менен чыгаруу

13.

Тимур Python тилинде программалоону үйрөнүп жатат.

Суроо: Эгер x = 5, анда print(x + 3) деген код кандай натыйжа берет?

a)

A) 53

b)


B) Ката чыгат

c)


C) x + 3

d)


D) 8

14.

Алина код жазууда төмөнкү катаны жаратты:

x = "5"

print(x + 3)

Бул кодду оңдоо үчүн эмне кылыш керек?

a)

A) x = 5 кылуу

b)


B) print("x + 3") кылуу

c)


C) print(int(x) + 3) кылуу

d)


D) Эч нерсе кылбай коюу

15.

Айдана ар күнү 3 саат компьютерде отурат.

Суроо: Көздүн чарчоосун алдын алуу үчүн кайсы кеңеш туура?

a)

A) 3 саат токтобой иштөө

b)


B) Мониторду эң жарык кылуу

c)


C) Ар 20 мүнөт сайын көздү эс алдыруу

d)


D) Көздү жумуп алып иштөө

16.

Самат социалдык тармактарда активдүү.

Суроо: Санариптик из деген эмне?

a)

A) Компьютердин ката коду

b)


B) Сайттарга кирген издер

c)

C) Компьютердин вирусу

d)


D) Колдонуучунун интернеттеги аракеттеринин изи


17.

Мээрим келечекте IT тармагында иштегиси келет.

Суроо: Кайсы кесип IT адистигине тиешелүү?

a)

A) Графикалык дизайнер

b)


B) Бухгалтер

c)


C) Дарыгер

d)


D) Флорист

18.

Класс жетекчи онлайн сурамжылоо жүргүзөт.

Суроо: Сурамжылоонун жыйынтыгын жыйноо үчүн кайсы курал эң ылайыктуу?

a)

A) MS Paint

b)


B) MS Word

c)


C) Google Forms

d)


D) YouTube