wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Тест по химии для 11 класса

Total questions: 10

Worksheet time: 5mins

Name
Class
Date
1.

Кайсы оксиддер бири бири менен аракеттенишет?

a)

CaO, CO2

b)

СО2,SO2

c)

SO3, P2O5

d)

CaO, HgO

2.

Щелочтуу металлдардын оксиддери кайсы заттар менен реакцияга кире албайт?

a)

кислоталар

b)

кислоталык оксиддер

c)

суу

d)

негиздик оксиддер

3.

Кандай атомдор электрондордун донору деп аталат?

a)

химиялык байланыштын учурунда ѳзүнѳ жупталган электрондорду кошуп алган атомду

b)

бош орбиталы жок атомду

c)

химиялык байланыш пайда болгон учурда ѳзүнүн жупталган электронун сарп кылган атомду

d)

бош орбиталы бар атомду

4.

Кайсы топтогу заттардын молекулаларына иондуу байланыш мүнѳздүү?

a)

Н2О, NaCl, NH3

b)

NaCl, K2S, CaO

c)

NaCl, MgSO4, Cl2

d)

HCl, H2SO4, NH3

5.

Кайсы заттардын молекулаларына уюлдуу коваленттик байланыш мүнѳздүү.

a)

H2, O2

b)

CH4, NH3

c)

KBr, Br2

d)

K2O, O2

6.

Тѳмѳнкү кѳрсѳтүлгѳн заттардын кайсыларына мейкиндик изомерия мүнѳздүү?

a)

2-метилбутан; 2,2-диметилпропан

b)

1-бутен; 2-бутен

c)

н-бутан; изобутан

d)

цис-2-бутен; транс-2-бутен

7.

Металлдык байланыш кайсы затта пайда болот?

a)

жезде

b)

натрий хлоридинде

c)

азотто

d)

кѳмүр кычкыл газында

8.

Суунун молекуласындагы химиялык байланыштын тиби.

a)

коваленттик уюлсуз

b)

коваленттик уюлдуу

c)

металлдык

d)

иондук

9.

Иондук байланыш деп кандай байланышты айтабыз?

a)

атомдордун ортосундагы байланышты

b)

молекулалардын ортосундагы байланышты

c)

электрондордун ортосундагы байланышты

d)

иондордун ортосундагы байланышты

10.

Тѳмѳнкү реакциялардын кайсынысы нейтралдашуу реакциясына кирет?

a)

Na+HCl=

b)

CaCO3+HCl=

c)

Zn+H2SO4=

d)

KOН+H2SO4=