NEW
Font size
WorksheetsТест
Total questions: 10
Worksheet time: 5mins
Окутуу технологиясы деген эмне?
а) адамдын ишмердүүлүгүнүн, баарлашуунун жана коомдук мамилелердин ар кандай чөйрөсүндө практикалык жана турмуштук маселелердин кеңири диапазонун чечүү үчүн колдоно алуу жөндөмдүүлүгү
б)билим берүүнүн максаттарына жана натыйжаларына жетишүүгө жана өлчөөгө багытталган окуу процессин уюштуруу ыкмаларынын жана методдорунун системасы.
в) мектептик жалпы билим берүү - баскычтарына шайкеш билимди, көндүмдөрдү, баалуулуктарды жана практикалык көнүгүүлөрдү камсыздаган билим берүү системасы.
г) Окуучуларды баалоонун жыйынтыктарын сандык жана сапаттык чагылдыруусу .
д) мотивациялоочу жана коопсуз окутуу чөйрөсүн түзүү
Башталгыч билим берүүдө мамлекеттик компонент канча процентке ээ?
а)100%
б)85%
в)90%
г)95%
Компетенттүүлүктөрдү калыптандыруунун деңгээлдерин аныктоо үчүн эмнелер негиз болуп саналат?
а) окуучулар окутуу процессинде билим берүү ишинин ар кандай түрлөрүн жана долбоорлук, изилдөөчүлүк, социалдык иштерин жүргүзүүсү негиз болуп саналат.
б) окуучулардын максаттарды алдыга коюу жана жетишүү тажрыйбасына ээ болушу үчүн түзүлгөн кырдаалдар негиз болуп саналат.
в) окуучунун өз алдынчалыгынын даражасы жана маселелерди чечүүдө иш-аракеттердин колдонулган түрлөрүнүн татаалдыгы саналат.
г) бирдиктүү жана заманбап илимий дүйнө таанымдын негиздерин калыптандыруу негиз болуп саналат.
Медиасабаттуулук деген эмне?
а) билдирүүлөрдү ар кандай формада колдонуу, талдоо,баалоо жана жеткирүү жөндөмдүүлүгү
б) окуучунун билим алууга даярдоого карата мурдатан коюлган,анын белгилүү бир чөйрөдөгү натыйжалуу, үзүрлүү иштеши үчүн зарыл болгон талап.
в) Окуучунун өнүгүүсүн кийин баалоо үчүн анын калыптанган компетенцияцияларынын башталгыч деңгээлин аныктоочу процесс.
г)Билим берүү процессин уюштуруу коюлуучу негизги талаптар болуп саналат
Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун сандык туюнтмасы же болбосо символу эмне?
А) белги
Б) баа
В) баалоо
Г) баалоо системасы
… - конкреттүү предметтердин мазмуну аркылуу калыптануучу жана окуучунун социалдык тажрыйбасында негизделген билим берүүнүн натыйжасы болуп саналат.
А) компетенция
Б) предметтик компотенттүүлүк
В) негизги компотенттүүлүк
Г) предметтик стандарт
Базистик окуу планы деген эмне?
а) Окуучулардын мектеп формасын аныктоо планы
б) Жогорку окуу жайлардын кабыл алуу тартиби
в) Окуу процессинин мазмунун жана көлөмүн аныктаган документ
г) Мугалимдердин эмгек маянасын эсептөө ыкмасы
Базистик окуу планында кайсы компоненттер каралат?
а) Спорттук мелдештердин тизмеси
б) Ар түрдүү сабактардын сааттык жүгү жана бөлүштүрүлүшү
в) Мектептин жылдык кирешеси
г) Мугалимдердин эс алуу графиги
Методикалык мамиледен технологиялык мамилеге өтүүдө окутуу максаттарын коюу ыкмасы .........?
а)ишке ашырат
б)өнүгөт
в)кеңеет
г)өзгөрүлөт
Предметтик стандарт ар бир предмет боюнча өтүлүүчү эмнелерди максатына карап ыраттуу ишке ашырат ?
а) компотенттүүлүктөрдү
б)темаларды
в) структурасы
г) документти
