NEW
Font size
WorksheetsКыргызча тест
Total questions: 11
Worksheet time: 6mins
Акча белгилеринин эмиссиясын жүзөгө ашырууга өзгөчө укукка ээ банк кайсы?
коммерциялык банк
улуттук банк
Бакай банк
РСК банк
Сөздүктөр жөнүндөгү илим эмне деп аталат?
Диалектология
Фразеология
Лексикография
Морфология
Салыктын түрлөрү.
түз жана кыйыр
түз жана ачык
кыйыр жана жабык
салыктын түрлөрү жок
Маркетинг деген эмне?
коммерциялык ишмердиктин ар кандай аспектилерин координациялоо функциясы
КРда акча-кредит саясатын иштеп чыгат, аныктайт жана жүргүзөт
сөздөрдүн жыйындысы, басылып чыккан эмгек
өндүрүштөгү башкы багытты жана максатты аныктоо
КР бухгалтердик эсеп тармагындагы учурдагы мыйзамдарга ылайык, баштапкы документтердин негизинде чарбалык операцияны классификациялоо жана бухгалтердик эсептин регистрлеринде кош жазууну жана Эсептердин бирдиктүү планын колдонуу менен өз учурунда каттоо – бул кайсы кесиптеги кызматкердин милдети
Салык кызматкеринин
Билим берүү кызматкеринин
Бухгалтердин
Саламаттыкты сактоо кызматкеринин
Министрликтин максаты-мамлекеттик каржыны натыйжалуу башкаруу. Кайсы министрлик тууралуу сөз болуп жатат?
Юстиция министрлиги
Каржы министрлиги
Саламаттык сактоо министрлиги
Экономика министрлиги
Ар бир жылдын 31-декабрына карата бардык дебиторлор жана кредиторлор боюнча дебиторлук жана кредиторлук карыздарды жазуу түрүндө салыштырып текшерүүнү жүргүзүү. Бул кайсы кесиптеги кызматкердин милдети?
Салык кызматкеринин
Билим берүү кызматкеринин
Бухгалтердин
Кредит төлөөчүнүн
Адам ээ болгон нерселерин (билим, билгичтик, практика, инсандык асыл сапаттар, тажрыйба) кесиптик чөйрөдө комплекстүү колдоно билүү ыкмасы ______ деп эсептелет.
толеранттуулук
жогорку билимдүүлүк
кесиптик компетенттүүлүк
тажрыйбалуулук.
Китепкананы ________ организм десек болот. Ал көптөгөн бирдиктерден_____ жана алардын ар бири өзүнө тиешелүү функцияларды _____. Сүйлөмдү толуктагыла
жансыз/ турат/ аткарышпайт
жандуу/турат/аткарышат
жандуу/турбайт/аткарышпайт
жансыз/турбайт/аткарышат
1. Бүгүн жергебиздин шаарында өлкөбүздүн башчысы, Жакшылык уулу Бакыттын, демилгеси менен түзүлгөн жаңы фабриканын ачылыш аземи болуп өттү. Аталган фабриканын өнүмдүүлүгү абдан жогору деп белгиленип, анын өлкөнүн ири долбоор тарыхындагы алгачкы болгондугу айтылды.
Жогорудагы текст кайсы стилде жазылган?
иш кагаздарынын стили
көркөм стиль
илимий стиль
публицистикалык стиль
1. Тилекбек уулу Нурболот 2024-жылдан 2028-жылга чейин биздин мекемеде иштеген. Бул убакыттын ичинде ал өзүнүн күжүрмөндүгүн жана чыгармачыл иш алып баруусун көрсөтө алды…
Жогорудагы текст кайсы стилде жазылган текстке мисал боло алат?
иш кагаздарынын стили
көркөм стиль
илимий стиль
публицистикалык стиль
