wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

15.09 ПСИХ 1 тест

Total questions: 16

Worksheet time: 8mins

Name
Class
Date
1.

Туура жообун белгиле. Төмөнкү процесстердин ичинен кайсынысы адамга гана тиешелүү болуп эсептелет?

a)

кабыл алуу    

b)

көңүл буруу   

c)

эрк   

d)

сезүү

2.

Туура жообун белгиле. Сезүүнүн физиологиялык негизи.

a)

нерв системасынын иш системасы

b)

анализаторлордун иш системасы

c)

рецепторлордун иш системасы 

d)

дүүлүктүргүчтөрдүн  иш системасы  

3.

Туура жообун белгиле. Адамдын сезүү органдарына таасир этүү менен заттардын айрым  касиеттерин  баш мээде чагылдыруучу процесс.

a)

эрк         

b)

сезүү

c)

ойлоо 

d)

сезим      

4.

Туура жообун белгиле.

 Инсандагы бардык процесстерди мүнөздөөчү   процесс.   

a)

Көнүл буруу

b)

эс     

c)

сезүү   

d)

ой  жүгүртүү   

5.

Сүйлөмдү толукта. Унутуу ...  болуп саналат.

a)

ар бир элементтин керектүү жерлерин эстей албоо

b)

адамдын жакынкы же качандыр бир убакта билген,жаттаган маалыматты эстей албоосу

c)

адамдын баш мээси эсте  калган маалыматтарды чектелген же узак убакытка чеин кармап турушу

d)

өткөн күндөгү маалматтарды ,кайсы бир окуяларга окшоштуруу

6.

Туура жообун белгиле. Ойлоонун формалары.

a)

түшүнүк, ой жүгүртүү,  ой кортундулоо    

b)

тырышчаактык, сабырдуулук  

c)

анализ,синтез

d)

жалпылоо, салыштыруу

7.

Туура жоопту тап. Анализдөгө тескери операция кандай аталат?

a)

абстракциялоо   

b)

салыштыруу     

c)

синтездөө  

d)

ой жүгүртүү

8.

Туура жообун белгиле. Түшүнүү, ой жүгүртүү, жыйынтык  психикалык процесстердин кайсы бирине таандык

a)

эстин негизги процесстерине

b)

ой жүгүртүү формаларына  

c)

эмоция жана сезимдин түрлөрүнө.

d)

жөндөмдүүлүктүн түрлөрүнө 

9.

Сүйлөмдү толукта. Качан адам баласы алдында турган объектини сезүүнүн, кабыл алуунун жардамы менен таанууга мүмкун болбогон учурда ...  пайда болот.

a)

ойлоо

b)

аң сезим  

c)

көңүл буруу  

d)

эмоция   

10.

Туура эмес  жоопту белгиле. Ойлоо менен кептин байланышы.

a)

үн чыгарып айтылган ой

b)

ойлоо- тормоздолгон кеп  

c)

ойлоонун негизин кеп түзөт   

d)

ойлоонун негизин кеп түзбөйт

11.

Туура жоопту белгиле. Адамга да айбанга да тиешелүү болгон психикалык процесс кайсы?

a)

ойлоо  

b)

сезим        

c)

эмоция 

d)

элестетүү

12.

Сүйлөмдү толукта. Адамды өзүн курчап турган объектилерге болгон өкүнүчү, кубанычы жана башка мамилеси психология илиминде  ...  категориялар аркылуу белгиленет.

a)

көнүл  буруу  

b)

ойлоо жана элестетүү 

c)

кабыл алуу 

d)

сезим жана эмоция

13.

Туура эмес жоопту белгиле. Адамдагы эмоциялык абалдар.

a)

депрессия

b)

стресс    

c)

көңүл буруу 

d)

аффект    

14.

Туура жообун белгиле. Туруктуу  тасир этүүнүн  натыйжасында  дүүлүктүргүчкө  сезгичтиктин  көнүп  калышы?

a)

апатия

b)

ассосация 

c)

адаптация   

d)

аперцепция    

15.

Туура жообун белгиле. Кабыл алуунун физиологиялык негизин кайсыл орган аткарат?

a)

анализаторлордун комплекстүү иш аракети

b)

рецептор  

c)

кулак  

d)

көз

16.

Туура жоопту белгиле. Кабыл алуу сезүүдөн эмнеси менен айырмаланат?

a)

кабыл алуу процессинин жыйынтыгында аң сезимде кандайдыр бир бүтүн образ жаралат, ал эми сезүүдө организм сырттан келген дүүлүгүүгө жооп берет

b)

кабыл алууда  инсан маалыматты эске сактайт, ал эми сезүүдө ал ой жүгүртөт 

c)

кабыл алууда инсан чөйрөнү тааныйт, ал эми сезүүдө ал чөйрөнү өзү түзөт

d)

кабыл алууда инсан баарлашат, ал эми сезүүдө ал агрессия көрсөтөт