wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Органикалык химия боюнча тест

Total questions: 19

Worksheet time: 12mins

Name
Class
Date
1.

Гомологдук катар деген эмне?

a)

Курамы бирдей, түзүлүшү ар башка кошулмалар

b)

Курамында белгилүү бир топ кошулуп, СH₂ тобуна айырмаланган бирикмелер катары

c)

Изомердик бирикмелер

d)

Органикалык эмес бирикмелер

2.

Алкандар гомологдук катарында молекулалар бири-биринен канчага айырмаланат?

a)

–СН₂

b)

–СН₃

c)

–СН

d)

–О

3.

Алкандардын жалпы формуласы:

a)

CnH₂n+₂

b)

CnH₂n

c)

CnH₂n–₂

d)

CnH₂n+₁

4.

C₄H₁₀ кошулмасынын аталышы:

a)

Метан

b)

Пропан

c)

Бутан

d)

Пентан

5.

Гомологиялык катардагы биринчи өкүл – метан (CH₄). Андан кийинки мүчө:

a)

Этан (C₂H₆)

b)

Пропан (C₃H₈)

c)

Бутан (C₄H₁₀)

d)

Пентан (C₅H₁₂)

6.

Алкендердин жалпы формуласы:

a)

CnH₂n+₂

b)

CnH₂n

c)

CnH₂n–₂

d)

CnH₂n+₁

7.

C₃H₆ кошулмасынын туура аталышы:

a)

Пропан

b)

Пропен

c)

Пропин

d)

Бутен

8.

Гомологдордун негизги айырмасы эмнеде?

a)

Физикалык касиеттеринде

b)

Курамындагы –СН₂ тобунда

c)

Изомериясында

d)

Байланыштарында

9.

IUPAC номенклатурасы боюнча аталыш деген эмне?

a)

Эл арасында колдонулган ат

b)

Химиялык белгилер менен жазуу

c)

Эл аралык стандарт боюнча системалуу ат

d)

Тарыхый аталыш

10.

CH₃–CH₂–OH бирикмесинин системалуу аталышы:

a)

Метанол

b)

Этанол

c)

Пропанол

d)

Бутанол

11.

Органикалык бирикмелердин негизги классификациясы кайсылар?

4 lines
12.

–OH бирикмесинин системалуу аталышы:

a)

Метанол

b)

Этанол

c)

Пропанол

d)

Бутанол

13.

Органикалык бирикмелердин негизги классификациясы кайсылар?

a)

Алкандар, алкендер, алкиндер, ароматтык кошулмалар

b)

Органикалык жана органикалык эмес

c)

Кычкылтек жана азот камтыган бирикмелер

d)

Изомерлер

14.

Көмүртектин валенттүүлүгү канчага тең?

a)

2

b)

3

c)

4

d)

6

15.

sp³-гибриддешүүдө көмүртек атомунун түзүлүшү кандай болот?

a)

Түз сызык (180°)

b)

Үч бурчтук жалпак (120°)

c)

Тетраэдрдик (109,5°)

d)

Квадраттык

16.

sp²-гибриддешүүнүн мисалы болуп кайсы бирикме эсептелет?

a)

Метан (CH₄)

b)

Этан (C₂H₆)

c)

Этен (C₂H₄)

d)

Этин (C₂H₂)

17.

sp-гибриддешүүдө көмүртек атомунун байланыш бурчу канча градус болот?

a)

109,5°

b)

120°

c)

90°

d)

180°

18.

Органикалык кошулмалардын структуралык формуласы эмнени көрсөтөт?

a)

Заттын молекулалык массасын

b)

Атомдордун жайгашышын жана байланышын

c)

Заттын физикалык касиеттерин

d)

Реакция ылдамдыгын

19.

Гомологиялык катардагы кошулмалардын түзүлүшүндөгү негизги айырмасы эмнеде?

a)

–CH₂ тобунда

b)

Байланыш бурчунда

c)

Изомериясында

d)

Кычкылтек атомунда