NEW
Font size
WorksheetsСөз түркүмдөрү (ор.гр)
Total questions: 15
Worksheet time: 8mins
Асманды тез эле сургулт булут каптады.
Сын атоочтун кайсы даражасы?
жай даража
басаңдатма даража
салыштырма даража
күчөтмө даража
Апамдын кеңеши, сенин күндөлүгүң, сиздин талабыңыз.
Кайсы категорияга кирет?
таандык категория
чак категория
сан категория
даража категория
Келген меймандардын жетөө жергиликтүү студенттер, сегизи чет элдик студенттер.
Сан атоочтун кайсы мааниси?
жөнөкөй сан атооч
татаал сан атооч
чамалама сан атооч
жамдама сан атооч
Ат атооч сөздөр маанисине карай канчага бөлүнөт?
4
5
6
7
Зат атоочтун категориялары кайсылар?
Мамиле, ыңгай, чак
Сан, жөндөмө, жак, таандык
Катыштык, сапаттык
Даража
Мен, сен, ал деген сөздөр кайсы сөз түркүмүнө кирет?
Зат атооч
Сын атооч
Ат атооч
Тактооч.
Катыштык сын атооч катышкан сөз айкашын тапкыла.
Айылдык китепкана
Сулуу кыз
Жакшы адам
Терең көл
Сөздүн маани берүүчү бөлүгү эмне деп аталат?
Мүчө
Фонема
Уңгу
Муун
Эч ким, эч нерсе, эч канча деген сөздөр ат атоочтун кайсы түрүнө кирет?
Таңгыч
Аныктама
Жактама
Күдүк
Бүгүн, эртен, кеч, төмөн, жогору деген сөздөр кайсы сөз түркүмүнө кирет?
Зат атооч
Сын атооч
Этиш
Тактооч
Агыш, көгүш, саргылт деген сын атоочтор кайсы даражада турат?
Жай
Күчөтмө
Салыштырма
Басаңдатма
Сөз түркүмдөрүн, сөз курамын тил илиминин кайсы бөлүмү окутат?
Синтаксис
Морфология
Фразеология
Лексика
Төмөнкүлөрдүн кайсынысы этиштин категорияларына кирбейт?
Ыңгай
Мамиле
Жөндөмө
Жак
«Көп түкүрсө көл болот, Көл толкуса сел болот». Белгиленген сөздөр кайсы сөз түркүмүнө кирет?
Сын атооч
Ат атооч
Этиш
Зат атооч
Кайсы жөндөмө таандыкты билдтрет?
илик
барыш
табыш
чыгыш
