wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Флора жана фауна

Total questions: 12

Worksheet time: 7mins

Name
Class
Date
1.

Лианалар деген эмне?

a)

сабагы өз алдынча тик өсө албаган, жанаша өскөн өсүмдүккө же тиректерге оролуп же жармашып өсүүчү ийилгич узун сабактуу өсүмдүктөр.

b)

Өсүмдүктөрдүн өсүп өнүүгү бүчүрлөрү жердин бетине алда канча жогору жайгашкан

c)

Суу өсүмдүктөрү

d)

Көп жылдык чөп өсүмдүктөрү

2.

Бул сүрөт төмөнкүлөрдүн кайсынысына мисал боло алат?

a)

Гидрофиттерге

b)

Криптофиттерге

c)

Лианаларга

d)

Терофиттерге

3.

Кургак жерде жашаган өсүмдүктөрдү эмне деп аташат?

a)

Гидрофиттер

b)

Хамефиттер

c)

Ксерофиттер

d)

Мезофиттер

4.

Сурөттөгү кайсы өсүмдүк ксерофитке мисал боло алат?

a)

Камыш

b)

Саксаул

c)

Буудай

d)

Жүгөрү

5.

1902- жылы ким тарабынан жашоо формалары жөнүндө классификациялоо түзүлгөн?

a)

Кристен Раункиер

b)

Сэр Джеймс Эдвард

c)

Йозеф Готлиб Кельрейтер

d)

Александр Альфонсович Гроссгейм

6.

Бүдүрлөрү жерден 25–30 см бийиктикте же андан төмөн жайгашкан өсүмдүктөр. Кышкысын кар алдында калат, ошондуктан сууктан корголот бул…….

a)

Хамефиттер

b)

Фанерофиттер

c)

Геликриптофиттер

d)

Криптофиттер

7.

Фанерофиттер кандай өсүмдүктөр?

a)

Бүдүрлөрү жерден 25–30 см бийиктикте же андан төмөн жайгашкан өсүмдүктөр. Кышкысын кар алдында калат, ошондуктан сууктан корголот.

b)

Бүдүрлөрү жана өнүүчү бөлүктөрү топурактын ичинде же суу астында болот. Кышында жер үстүндөгү бөлүгү өлөт, бирок тамыр же түйүн аркылуу кайра өсөт

c)

Бүдүрлөрү (өнүүчү бөлүктөрү) жерден 2 метрден жогору жайгашкан өсүмдүктөр. Алар кышта аба ырайына түз таасирде калышат, бирок бүдүрлөрү коргоочу кабык менен жабылган.

d)

Булар бир жылдык өсүмдүктөр, кышты урук түрүндө гана өткөрөт. Жылдын жылуу мезгилинде өнүп, гүлдөп, уруктайт жана өлөт.

Ь

8.

Сүрөттөгү кайсы өсүмдүк фанерофитке мисал боло алат?

a)

Буудай

b)

Кызгалдак

c)

Ит мурун

d)

Карагай

9.

Сүрөттөгү кайсы өсүмдүк фанерофитке мисал боло алат?

a)

Буудай

b)

Кызгалдак

c)

Ит мурун

d)

Карагай

10.

Гемикриптофиттер менен криптофиттердин айырмасы эмнеде?

a)

Гемикриптофит — “жарым-жер өсүмдүгү” (бүдүрү жер бетинде).

Криптофит — “жер алдындагы жашыруун өсүмдүк” (бүдүрү топурактын ичинде).

b)

Гемикриптофит — “жер алдындагы жашыруун өсүмдүгү” (бүдүрүү топурактын ичинде).

Криптофит — “жарым жер өсүмдүгү ” (бүдүрү жер бетинде).

c)

Гемикриптофиттер суунун түбүндө өсүүчу өсүмдүктөр ал эми криптофиттер ным жетишпеген жерде өсүүчү өсүмдүктөр

d)

Айырмасы жок, экөө окшош

11.

Терофиттерге мисал боло алчуу өсүмдүктөрдү көрсөткүлө

a)

Карагай, терек, кайың, алма, жапайы өрүк

b)

Кызыл беде, жоогазын, каакым, жапайы пияз,

c)

Буудай, жүгөрү, беде, арпа

d)

Кызгалдак, пияз, сарымсак, картөшкө, камыш

12.

Мелүүн алкактарда өсүүчүлөр булар….

a)

Фанерофиттер жан хамефиттер

b)

Гемикриптофиттер жана криптофиттер

c)

Хамефиттер жана терофиттер

d)

Фанерофиттер жана криптофиттер