wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Адвокаттык укуктар боюнча тест

Total questions: 10

Worksheet time: 5mins

Name
Class
Date
1.

Адвокат кайсы сот иштерине катыша алат?

a)

Конституциялык, жарандык жана административдик сот иштерине

b)

кылмыш иштери боюнча сот өндүрүшүнө жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштерге катышат

c)

бейтарап сотто, эл аралык коммерциялык сотто жана чыр-чатактарды чечүүчү башка органдарда иштерди териштирүүгө катышат

d)

Бардык жооп туура.

2.

Адвокаттын милдеттери кайсылар?

a)

жеке жактардын макулдугу боюнча документтерди же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдү суратууга жана алууга

b)

атайын билимди талап кылган маселелер боюнча адистердин жазуу жүзүндөгү корутундуларын алууга

c)

өзүнүн билимин үч жылда бир жолудан кем эмес  өркүндөтүүгө жана өзүнүн квалификациясын жогорулатууга

d)

иштин материалдарынан зарыл маалыматтарды жазып алууга жана/же алардын көчүрмөлөрүн алууга

3.

Кызмат адамдарынын кабылдоосунда өтүнүчтөрдү жана даттанууларды берүүгө жана мыйзамга ылайык алардан ошол өтүнүчтөр жана даттануулар боюнча жазуу жүзүндө жоопторду алууга ким укуктуу?

a)

Адвокат

b)

Күбө

c)

Жеке жак

d)

Финансист

4.

Адвокат лицензия алган күндөн тартып канча убакыттын ичинде Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирүүгө милдеттүү?

a)

Бир айдын ичинде

b)

Үч айдын ичинде

c)

Алты айдын ичинде

d)

Бир жылдын ичинде

5.

Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу кандай негизде жүргүзүлөт?

a)

Ишеним арттыруучу менен түзүлгөн макулдашуунун негизинде

b)

Соттун чечими менен

c)

Прокурордун буйругу менен

d)

Жарандык кодекстин негизинде

6.

Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун дагы бир олуттуу шарты кайсы?

a)

Тапшырманын предмети

b)

Адвокаттын туулган күнү

c)

Прокурордун аты-жөнү

d)

Соттун дареги

7.

Адвокат тапшырма ордеринин болушу менен эмне көрсөтө алат?

a)

Ишеним арттыруучунун кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жана башка жерлерде көрсөтө алат

b)

Соттун чечимин өзгөртө алат

c)

Жарандык абалды аныктай алат

d)

Прокуратурага арыз бере алат

8.

Адвокат кылмыш жасаган жеринде кармалган учурдан тышкары, башка учурларда анын кесиптик милдеттерин аткарууда тинтүү жүргүзүүгө болобу?

a)

Жок, болбойт.

b)

Ооба, болот.

c)

Адвокаттын уруксаты менен гана болот.

d)

Прокурордун чечими менен болот.

9.

Адвокат адвокаттык сырды кандай шартта пайдаланууга укуксуз?

a)

Өз кызыкчылыктарында же үчүнчү жактардын кызыкчылыктарында

b)

Кардарга жардам берүү үчүн

c)

Сотко көрсөтмө берүү үчүн

d)

Мамлекеттик органдарга берүү үчүн

10.

 Адвокат өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу максатында кандай укутарга ээ?

a)

ишеним артуучу менен макулдашуунун предмети боюнча аталган адамдын кызыкчылыгынан айырмаланган өз алдынча кызыкчылыкка ээ болууга

b)

Адвокатура тарабынан аныкталуучу өлчөмдө жана тартипте мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөгө

c)

күбөлөрдүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн алууга, жерин карап чыгуунун жеке протоколдорун түзүүгө

d)

юридикалык жардам көрсөтүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды жардамга кайрылган жактын макулдугусуз ачыкка чыгарууга