wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

ИГЯК 1-курс 2-модуль

Total questions: 31

Worksheet time: 32mins

Name
Class
Date
1.

Адабий тилдин нормасын сактап, сөздөрдү туура жазуу үчүн иштелип чыккан жалпы эрежелердин системасы эмне деп аталат?

a)


Орфография

b)

Графика

c)

Орфоэпия

d)

Фонетика

2.

Тыныш белгилерди туура коюңуз.

Анан мен ошондо мен өзүмө Сен болгондун барын сабырдуулук менен түшүнүүгө бардыгын өзүңө жана башкаларга айтып берүүгө милдеттүүсүң дедим Жансырдын маңызы ушунда өзүңдү аябашың керек Барын болгондой түгөтө айтуу керек

a)

, : ", , - . , - . , ."

b)

, : ", , - . , - , , ."

c)

, : ", , - , , - . , !"

d)

, : ", , - ! , - . , !"

3.

“Орфография” деген термин кайсы тилден кирген?

a)

орус

b)

грек

c)

түрк

d)

индоевропа

4.

Орден, медалдардын аттары кандай жазылат?

a)

Тырмакчага алынып, ар бир сөзү баш тамга менен

b)

Бардык сөзү бириктирилип

c)

Тырмакчага алынбай, аталышы баш тамга менен, “ордени”, “медалы” деген сөздөрү кичине тамга менен

d)

Баары туура эмес

5.

Орфография адабий тилдин кайсы формасына мүнөздүү түшүнүк?

a)

Диалектилик

b)

Оозеки

c)

Поэтикалык

d)


Жазуу

6.

Сөздөрүнүн баары туура жазылган сүйлөмдү белгилеңиз

a)

Толгонай жыңайлак болсо да чуркап жибермек

b)

Нурканайдын кайынатасы ага камкор болду

c)

Ажардын жоолугу түшүп, эми жылаңбаш калды

d)

Баары туура эмес

7.

Кандай сөздөр бирге жазылат?

a)

Тарыхый татаал сөздөр, адамдардын, жаныбарлардын татаал энчилүү аттары, лексикалык маанисин жоготкон татаал сөздөр

b)

Татаал этиштер, кошмок сөздөр, географиялык энчилүү аттар

c)

Кош сөздөр, татаал сан атоочтор

d)

Толук маанилүү сөздөр

8.

Унчук, агайын, бүгүн, жылаңбаш деген сөздөр кандай сөздөр?

a)

Кыскартылган сөздөр

b)

Бириккен сөздөр

c)

Кошмок сөздөр

d)

Жөнөкөй сөздөр

9.

Морфологиялык принциптин талабы кандай?

a)

тыбыштык жактан бузулуп айтылган сөздөрдү айтылышы боюнча жазууга жол бербейт

b)

тыбыштык жактан бузулуп айтылган сөздөрдү айтылышы боюнча жазууга жол берет

c)

сөздөрдү ташымалдап жазууга жол берет

d)

сөздөрдүн мүчөлөрүнүн туура жазылышын талап кылат

10.

Туура жазылган сөздү табыңыз

a)

бойоюн

b)

бойойун

c)

боёюн

d)

боейун

11.

Кандай сөздөр дефис аркылуу жазылат?

a)

айрым кош сөздөр

b)

түгөйлөрү маани бербеген кош сөздөр

c)

кошмок сөздөр

d)

кошмок сөз тибиндеги географиялык энчилүү аттар, кош сөздүн бардык түрү

12.

Кайсы катардагы сөздүн жазылышынын эки варианты тең туура?

a)

пут-бут

b)

баштаар-баштар

c)

баятан-байтан

d)

моюнум-мойнум

13.

Тыбыштарды туура чогулткула

4 lines
14.

Дефис аркылуу жазылуучу сөздөрдү тапкыла.

a)

алп кара куш, таш бака, өнөр жай

b)

кол чатыр, көз айнек, Орто Азия

c)

ага ини, тез тез, үй бүлө

d)

Жаңыл Мырза, Акыл Карачач, Аламүдүн

15.

Кыштоодогулар деген сөз кандай ташымалданып жазылат?

a)

кышт-оо-догулар

b)

кыш-тоо-дог-улар

c)

кыш-тоо-до-гулар

d)

кыш-тоо-до-гу-лар

16.

Кандай сөздөр ташымалданбайт?

a)

Баш тамгаларынан кыскартылган жана үч муундуу сөздөр

b)


Бир муундуу жана баш тамгаларынан кыскартылган сөздөр

c)

Эки муундуу жана үч муундуу сөздөр

d)

Муундарынан кыскартылган жана үч муундуу сөздөр

17.

Кайсы катардагы сөз дефис менен жазылышы керек?

a)

бала бакча, беш жүз

b)

үй бүлө, ата эне

c)

2- жыл, 2 орун

d)

көк бөрү, ден соолук

18.

Кайсы варианттагы сүйлөмдө орфографиялык ката бар?

a)

Апасы түрдөп тамак жасайт.

b)

Алиман такылдап сүйлөдү.

c)

Атаңын маанайы жоктой го.

d)

Жаз келип, эгин себилип баштады.

19.

Муундун кандай түрлөрү бар?

a)

ачык, жабык, тең

b)

ачык, тең, туруктуу

c)

жабык, ачык,туюк

d)

бир, үч, беш

20.

Сөздөрүнүн баары туура жазылган сүйлөмдү белгилеңиз

a)

Кара өрүктөрдү күнгө кургаттуу көп убакытты алат

b)

Жакшы педагогго жолукканбыз

c)

Азыр түнбү, же күнбү, айтоор, Касымга белгисиз

d)

Ч.Айтматовдун "Түнкү суугат" чыгармасын окугула

21.

Тыныш белгилерди туура койгула.

Ушакчылыкты сага ким үйрөттү деди Шумкар ачуулу Туура деди Аскар токтоо

a)

" ? - , , - ! , ."

b)

" ? - , . - ! - , ."

c)

" ? - , . - , - , ."

d)

? - , . - ! - , .

22.

Сөздөгү мүчөлөрдүн бир нече вариантта өзгөрүп жазылышы эмнеге негизделет?

a)

уңгудагы үндүүгө

b)

уңгудагы сөздөргө

c)

уңгунун аяккы муунундагы үндүүгө, үнсүзгө

d)

уңгудагы басымга

23.

“сабы”, “мага” деген сөздөр кайсыл принцип боюнча жазылат?

a)

фонетикалык

b)

морфологиялык

c)

дифференциалык

d)

тарыхый

24.

Ребуста кандай сөз тизмеги катылган?

4 lines
25.

Грамматикалык жактан сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр кайсылар?

a)

Байламта, бөлүкчө, жандооч сөздөр

b)

Кош, кошмок, бириккен сөздөр

c)

толук, кемтик, диалекти сөздөр

d)

Сырдык, каратма, киринди сөздөр

26.

Ээ менен баяндоочтун ортосуна кандай учурда сызыкча коюлбайт?

4 lines
27.

Сүрөттөгү катылган сөздү тапкыла

4 lines
28.

Төмөнкү сөздөрдүн туура жазылган катарын белгилеңиз

a)

педагокко, Калининградта, Жапаровтун

b)

педагогго, Калининградда, Жапаровдун

c)

студенттин, Гамбургка, төртгө

d)

чакырыкка, үмүткө, даңкга

29.

Баары туура жазылган сөздөрдүн катарын табыңыз.

a)

герб, арап, клуб, гараж, парад

b)

булгары, агыш, жоогазын, барасын

c)

баары туура эмес

d)

ыраазы, ырас, үбөлүк, убал

30.

Сөздөр бир саптан экинчи сапка кандай негизде ташымалданат?

a)

басымдын түшүрүлүшүнө карай

b)

үндүүлөрдүн санына жараша

c)

баары туура эмес

d)

муунга ажыроо тартиби боюнча

31.

Бул сабакта сиздин эсиңизде калган тема кайсы жана ал сабакта сизге жаккан ыкма кайсы?

4 lines