NEW
Font size
Worksheetsтест
Total questions: 16
Worksheet time: 8mins
1. Кайсы учурда нерсени материалдык чекит катары кароого болот?
Нерсени көлөмү
кыймылга таасир эткенде
Кыймыл анализинде нерсенин көлөмү мааниге ээ болбогондо
Нерсе жарык чыгарганда
Нерсе формасы маанилүү болгондо
2. Кайсы мисал бир калыпта эмес кыймылга туура келет?
Жөө адам саат сайын 5 км басып жатат
Машина тыгындан улам ылдамдыгын өзгөртүп жатат
Поезд токтобой бирдей аралыкты өтүп жатат
Автобус бирдей ылдамдыкта жүрүп жатат
3. Ийри сызыктуу кыймылда ылдамдык кандай болот?
Туруктуу
Өзгөрбөйт
Вектору өзгөрөт
Нөлгө барабар
4. Эгерде нерсе 100 метр аралыкты 20 секундда өтсө, анын ылдамдыгы канча?
2 м/с
5 м/с
20 м/с
0.2 м/с
5. Бурчтук ылдамдыкты кантип эсептейбиз?
Убакытты бурчка бөлөбүз
Бурчту убакытка бөлөбүз
Бурч менен убакытты кошобуз
Бурчту убакытка көбөйтөбүз
6. Ньютондун биринчи закону кандай шартта колдонулат?
Тек гана вакуумда
Тек гана суюктуктарда
Тышкы күч жок болгондо
нерсенин массасы чоң болгондо
7. Кайсы мисал Ньютондун биринчи законуна туура келет?
Машина тормоз басканда токтойт
Топ абада учуп баратып жерге түшөт
Конькичен тынчтыкта турса, кыймылдабай калат
Автобус бурулганда жүргүнчү жантайып кетет
8. Эгер нерсенин массасы 2 кг, ылдамдануусу 3 м/с² болсо, таасир эткен күч канча?
6 Н
5 Н
1.5 Н
9 Н
9. Ньютондун экинчи закону эмнени түшүндүрөт?
нерселер дайыма тынч абалда болот
Күч нерселердин кыймыл багытын өзгөртөт
Күч нерсеге ылдамдануу берет
Күч нерсени токтотот
10. Кайсы мисал Ньютондун үчүнчү законуна туура келет?
Машина тормоз басканда токтойт
Адам дубалды түртсө, дубал да адамды түртөт
Топ жерге түшөт
Автобус бурулганда жүргүнчү жантайып кетет
11. Эки адам бири-бирине тартылат деп айтууга болобу?
Жок, анткени тартылуу күч адамдарга таасир этпейт
Ооба, бирок күч өтө кичине
Болбойт, анткени алар кыймылдабайт
Болбойт, анткени алар кыймылдабайт
12. Эгер нерсе тик ылдый түшүп жатса, анын ылдамдыгы убакыт өткөн сайын:
Туруктуу болот
Азайып барат
Өсүп барат
Нөлгө барабар болот
13. Импульстун сакталуу закону эмнени билдирет?
Импульс дайыма өзгөрүп турат
Тышкы күч болбосо, системанын жалпы импульсу өзгөрбөйт
Импульс убакытка көз каранды
Импульс бир гана чоң массаларда сакталат
14. Эки нерсе кагылышып, бири токтосо, экинчисинин импульсу кандай болот?
Жоголот
Өзгөрбөйт
Биринчисинин импульсун кабыл алат
Экөөсү тең токтойт
15. Реактивдүү кыймыл кайсы мыйзамга негизделет?
Ньютондун биринчи закону
Ньютондун экинчи закону
Ньютондун үчүнчү закону
Бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону
16. Реактивдүү кыймыл кайсы тармактарда колдонулат?
медицинада гана
Космостук техникада, ракета курууда
Электр тармагында
Суу тазалоодо
