NEW
Font size
WorksheetsИндия жана Африка тарыхы боюнча тест
Total questions: 16
Worksheet time: 8mins
Индиялык окумуштуулар дүйнөлүк маданиятка кандай салымдарды кошушкан?
Шахмат оюнун, ондук системаны жана Пи санын киргизишкен
Компас жана дары-дармектерди ойлоп табышкан
Кагаз жана басмакананы ойлоп табышкан
Астрономиялык байкоолорду жана календарды түзүшкөн
Орто кылымдар мезгилиндеги Кытай жана Индия мамлекеттеринин саясий тарыхындагы окшоштукту аныктагыла
Мамлекеттин аймагында өз алдынча княздыктар түзүлгөн
Мамлекеттин аймагын чет жерликтер ээлеп алышкан
Мамлекеттин аймагында борбордошкон бийлик жүргүзүлгөн
Мамлекеттин аймагында диний бийлик үстөмдүк кылган
Индиянын түндүгүндө Дели султандыгы кайсы кылымда түзүлгөн?
XI кылымда
XII кылымда
XIII кылымда
XIV кылымда
Ост-Индия компаниясы Индияга кандай өзгөрүүлөрдү алып келгендигин аныктагыла
Ири порт шаарларын ээлеп алышкан; Индиянын толук кожоюнуна айлана баштаган; Индустардан жалдама армия түзгөн; Салыктарды салып, талап-тоногон
Ири порт шаарларын ээлеп алышкан; Индиянын толук кожоюнуна айлана баштаган; Салыктарды салып, талап-тоногон
Индиянын толук кожоюнуна айлана баштаган; Индустардан жалдама армия түзгөн; Салыктарды салып, талап-тоногон
Ири порт шаарларын ээлеп алышкан; Индустардан жалдама армия түзгөн; Индиянын толук кожоюнуна айлана баштаган
Сипайлардын көтөрүлүшүнүн түздөн-түз натыйжасы эмне болгон?
Индия толугу менен көз карандысыздыкка ээ болгон
Англия парламенти Ост-Индия компаниясын Индияны башкаруу укугунан ажыраткан
Моголдор империясы кайрадан күчүнө кирген
Индияда жаңы династия орногон
XVI кылымдын аягында – XVII кылымдын башында кайсы европалык державалар Алтын Жээкке (азыркы Ганага) отурукташкан?
Испаниялыктар жана Португалиялыктар
Англиялыктар, француздуктар жана голландиялыктар
Германиялыктар жана Италиялыктар
Бельгиялыктар жана Орустар
Голландиялыктар Африкада кайсы колонияны негиздешкен?
Сенегал колониясы
Либерия
Кап колониясы
Трансвааль
Баскынчылар Африкадан Европага негизинен кайсы ресурстарды ташып кетишкен?
Пил сөөктөрү, алмаз, алтын жана башка асыл таштар
Көмүр, темир жана жез
Пахта, кант жана тамеки
Жер семирткичтер жана мунай
Ангола элинин португалиялык баскынчыларга каршы куралдуу көтөрүлүшүн ким жетектеген?
Абд аль-Кадир
Теодрус II
Мбанди Нгола Анна
Шака Зулу
Африкадагы көтөрүлүштөрдүн көбүнүн жеңилүүсүнүн себептерине эмнелер кирген?
Африканын аскердик-техникалык жактан артта калгандыгы жана курал-жарактын жетишсиздиги.
Кыймылдын чачындылыгы жана элдердин байланышынын жоктугу.
Иш-аракеттердин белгилүү планынын жоктугу жана тажрыйбалуу жетекчилердин жетишсиздиги.
Жогоруда айтылгандардын бардыгы.
Кытайдын империялык системасынын негизги өзгөчөлүктөрүн аныктагыла
Борбордук бийлик күчтүү болгон
Диний бийлик мамлекеттик иштерге кийлигишкен
Элдик жыйындар негизги чечимдерди кабыл алган
Жергиликтүү княздыктар өз алдынча башкарган
Индиядагы колониялык башкаруунун негизги натыйжалары кандай болгон?
Саясий көз карандысыздыкка умтулуу
Диний жана маданий интеграция
Бардык жообу туура
Экономикалык системанын өзгөрүшү
Африкадагы колониялык системанын негизги себептерин аныктагыла
Экономикалык кызыкчылыктар
Жогоруда айтылгандардын бардыгы
Диний миссионерлик
Саясий үстөмдүк үчүн күрөш
Африкадагы эң чоң көл кайсы?
Нассер көлү
Танганьика көлү
Виктория көлү
Малави көлү
Африкадагы эң узун дарыя кайсы?
Нил дарыясы
Оранж дарыясы
Конго дарыясы
Замбези дарыясы
Африкадагы эң көп калктуу өлкө кайсы?
Нигерия
Эфиопия
Египет
Демократиялык Конго Республикасы
