wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Суроолорго жооп бергиле!

Total questions: 8

Worksheet time: 4mins

Name
Class
Date
1.

Кыргыз элинин оозеки адабияты эмнелер менен түздөн-түз байланышкан?

a)

Табият жана жаратылыш менен

b)

Элдин тарыхы, дүйнө таанымы, ой жүгүртүүсү жана руханий байлыгы менен

c)

Жазма жана адабият менен

d)

Чет элдик маданият менен

2.

Кыргыздарда XX кылымдын 20–30-жылдарына чейин эпикалык чыгармалар кандай аталып келген?

a)

Эпос

b)

Дастан

c)

Поэма

d)

Жомок

3.

Жомок жанрына төмөнкү кайсы өзгөчөлүк мүнөздүү?

a)

Кыска жана кара сөз менен айтылат

b)

Ыр түрүндө айтылып, көлөмү чоң болот

c)

Балдар гана айтат

d)

Турмуштук окуялар гана берилет

4.

Айбанаттар тууралуу жомоктордо жаныбарлар кандай максатта берилет?

a)

Табиятты сүрөттөө үчүн

b)

Кооздук үчүн

c)

Жөн гана окуяны узартуу үчүн

d)

Адамдын мүнөзүн символ катары чагылдыруу үчүн

5.

Жөө жомоктун негизги белгиси кайсы?

a)

Баатырдык күрөштөрдүн көптүгү

b)

Кара сөз менен айтылып, көлөмү чакан болушу

c)

Ыр формасында аткарылышы

d)

Атайын жомокчулар айтат

6.

Жомоктор менен жөө жомокторду бириктирген негизги өзгөчөлүк кайсы?

a)

Көлөмүнүн чоңдугу

b)

Ыр менен айтылышы

c)

Каармандарынын баатыр болушу

d)

Тарбиялык мааниси жана элдик баалуулуктарды чагылдырганы

7.

Жомоктор эмне үчүн эл арасында узак убакытка чейин сакталган?

a)

Оозеки айтылып, муундан муунга өткөндүктөн

b)

Жазма түрүндө болгондуктан

c)

Кыска болгондуктан

d)

Болгону балдар үчүн айтылгандыктан

8.

Жомок угуу ат минип жол жүргөндөй, жөө жомок угуу жөө баскандай деген элдик сөз эмнени билдирет?

a)

Жөө жомок кызык эмес

b)

Жөө жомок унутулат

c)

Жомок узак жана көркөм, жөө жомок жөнөкөй

d)

Жомоктор айтылбай калган