Wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

тест

Total questions: 17

Worksheet time: 9mins

Name
Class
Date
1.

Сөөлжан кантип дем алат? А) Өпкөсү менен

Б) Бакалоору менен

В) Бүткүл денесинин (терисинин) бети менен

Г) Дем алуу органдары жок, дем албайт

a)

А) Өпкөсү менен

b)

Б) Бакалоору менен

c)

В)Бүткүл денесинин (терисинин) бети менен

d)

Г) Дем алуу органдары жок, дем албайт

2.

Сөөлжандын тамак сиңирүү системасы кайсы органдан башталат?

a)

А) Кылкан

b)

Б) Курсак

c)

В) Ооз

d)

Г) Арткы тешик

3.

Сөөлжандын денесинин кесилген бөлүгүнүн кайра калыбына келүү жөндөмдүүлүгү эмне деп аталат?

a)

А) Фотосинтез

b)

Б) Регенерация

c)

В) Мутация

d)

Г) Деградация

4.

Кайсы моллюсканын кабыгы (раковинасы) жок же денесинин ичинде катылган?

a)

А) Жүзүм үлүлү

b)

Б) Сегиз бут (осьминог)

c)

В) Кош капкалуу моллюска

d)

Г) Көлдүн үлүлү

5.

Моллюскалар негизинен эмне аркылуу дем алышат?

a)

А) Териси аркылуу гана

b)

Б) Бакалоор же өпкө (мантия көңдөйүндө жайгашкан)

c)

В) Дем албайт

d)

Г) Трахеялар менен

6.

"Жүрөгү үч камералуу, каны көк түстө" - бул сүрөттөмө кайсы моллюскага көбүрөөк тиешелүү?

a)

А) Кадимки үлүлгө

b)

Б) Тишсиз моллюскага

c)

В) Жалпак куртка

d)

Г) Баш буттуу моллюскаларга (мисалы, кальмар)

7.

Курсак буттуулардын кабыгы (раковинасы) кандай формада болот?

a)

А) Бир бүтүн, көбүнчө спираль сымал буралган

b)

Б) Эки капкалуу, жалпак

c)

В) Аларда эч качан кабык болбойт

d)

Г) Дайыма тик бурчтук формасында

8.

Жүзүм үлүлү же көл үлүлү тамакты кантип майдалайт?

a)

А) Тиштери менен чайнайт

b)

Б) Радула (түрпү сымал тили) менен кырып жейт

c)

В) Түз эле жутат

d)

Г) Суюктук чачып эритет

9.

Кайсы жаныбар рак сымалдардын "планктондук" (микроскопиялык) өкүлүнө кирет?

a)

А) Омар

b)

Б) Дафния

c)

В) Краб

d)

Г) Лангуст

10.

Рак сымалдардын бөлүп чыгаруу системасы эмне деп аталат жана ал дененин кайсы бөлүгүндө жайгашкан?

a)

А) Метанефридиялар, курсак бөлүмүндө

b)

Б) Мальпиги түтүкчөлөрү, ичегинин аягында

c)

В) Жашыл бездер (антенналдык бездер), баш бөлүмүндө

d)

Г) Протонефридиялар, бүткүл денесинде

11.

Жогорку рактардын (мисалы, өзөн рагы) курсак бөлүгүндөгү буттары (плеоподдор) кандай кызмат аткарат?

a)

А) Басуу үчүн гана колдонулат

b)

Б) Сүзүү, дем алуу жана ургаачыларында жумурткаларды алып жүрүү үчүн

c)

В) Тамакты кармоо үчүн

d)

Г) Бул буттардын эч кандай кызматы жок, алар редукцияланган

12.

Жөргөмүштөрдүн бөлүп чыгаруу системасынын негизги мүчөлөрү кайсылар?

a)

А) Жашыл бездер

b)

Б) Бөйрөктөр

c)

В) Мальпиги түтүкчөлөрү жана коксалдык бездер

d)

Г) Метанефридиялар

13.

Чаяндардын (скорпиондор) уулуу бези жана ийнеси денесинин кайсы бөлүгүндө жайгашкан?

a)

А) Хелицераларында

b)

Б) Педипальпаларында (кычкачтарында)

c)

В) тельсондо

d)

Г) Баш-көкүрөгүндө

14.

Кайсы кене адамдын терисинин ичине жол салып, котур (чесотка) оорусун козгойт? А

a)

А) Тайга кенеси

b)

Б) Суу кенеси

c)

В) Кычыткы кене

d)

Г) Демодекс

15.

Демодекс (Demodex) кенеси адамдын организминде негизинен кайсы жерде жашайт?

a)

А) Ичегиде

b)

Б) Канда

c)

В) Чачтын фолликулаларында жана май бездеринде

d)

Г) Өпкөдө

16.

Курт-кумурскалардын ооз аппаратынын түрлөрү алардын азыктануусуна жараша өзгөрөт. Бал аарысынын ооз аппараты кандай түргө кирет?

a)

А) Кемирип-соруучу

b)

Б) Чакып-соруучу

c)

В) Жалоочу

d)

Г) Кемирүүчү

17.

Кайсы курт-кумурскалар түркүмү "толук эмес өөрчүү" жолу менен өнүгөт

a)

А) Коңуздар (Катуу канаттуулар)

b)

Б) Көпөлөктөр (Кабырчык канаттуулар)

c)

В) Түз канаттуулар (чегиртке, чегиртке сымалдар)

d)

Г) Жаргак канаттуулар (аары, кумурска)