Wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Рождество

Total questions: 21

Worksheet time: 11mins

Name
Class
Date
1.

Эмануел деген ысым эмне деп которулат?

a)

Теңир менин туум

b)

Кудай биз менен

c)

Кудай жардам берди

2.

Анын болочок күйөөсү Жусуп _________________болгондуктан, Мариямды эл алдында уятка калтыргысы келген жок....

a)

адил адам болгондуктан

b)

боорукер адам болгондуктан

c)

кайраттуу адам болгондуктан

d)

күнөөсүз адам болгондуктан

3.

Мариям Элизабеттин жанында канча убакыт болгон?

a)

6 айга жакын

b)

3 айга жакын

c)

Жакан төрөлгөнгө чейин

d)

Ыйса төрөлгөнгө чейин

4.

Ыйсанын төрөлөрү тууралуу кабарды кабарлаш үчүн Мариямга кайсы периште келген?

a)

Михаел периште

b)

Жогорку даражадагы периште

c)

Жебрейил периште

d)

Серафимдер

5.

“Бүт өлкөдө эл каттоо болсун” деген буйрукту ким чыгарган?

a)

Сириянын башкаруучусу Кибрений

b)

Жүйүт падышасы Ирод

c)

Рим падышасы Тиберий

d)

Рим императору Август

6.

Назарет шаары кайсы аймакка кирген?

a)

Галилея аймагына

b)

Жүйүт аймагына

c)

Дөөттүн шаарына

d)

Иерусалимге

7.

Бейт-Лехем” шаарынын которулушу кандай?

a)

Дөөттүн шаары

b)

Нан үйү

c)

Жол көрсөтүүчү жылдыз

d)

Машайактын шаары

8.

Эмне себептен Мариям тун Уулун мал сарайда төрөгөн?

a)

Анткени Жусуп ушинтип чечкен

b)

Анткени мейманканада аларга орун жок болчу

c)

Бардык адамдар Ыйсага эркин келе алышы үчүн

d)

Койчулар сарайга кире алышы үчүн

 

9.

Бүгүн Дөөттүн шаарында силер үчүн Куткаруучу төрөлдү.

Ал – Машайак Теңир.” – деп периштелер кимдерге кабарлашкан?

a)

Күндүз малын кайтарган койчуларга

b)

Чыгыштан келген даанышмандарга

c)

Эл каттоодо жүргөн жүйүттөргө

d)

Түнкүсүн малын кайтарган койчуларга

10.

Чыгыштан Ыйсаны көрүш үчүн канча даанышман келди эле?

a)

3 даанышман

b)

4-5 даанышман

c)

Саны жазылган эмес

d)

10дон ашык даанышман

 

11.

Даанышмандар наристе Ыйсага кандай тартууларды алып келишкен?

a)

Ладан, смирна, жакут таштарын

b)

алтын, жыпар жыттуу заттарды, баалуу таштарды

c)

ладан, смирна деген жыпар жыттуу заттарды жана алтын

d)

сандыкча толгон алтын менен күмүш

12.

Ыйык Рух тарабынан: “Теңирдин Машайагын көрмөйүнчө, өлбөйсүң”, - деп алдын ала кимге айтылды эле?

a)

Пайгамбар аял Аннага

b)

Чөмүлдүрүүчү Жаканга

c)

Ыйык Рухтун жетеги менен жашаган Шымыйонго

d)

Элизабетке

13.

Пайгамбар аял Анна канча жашта болгон?

a)

48

b)

88

c)

74

d)

84

14.

Ыйса кайсы шаарда чоңойгон?

a)

Иерусалимде

b)

Галилеяда

c)

Назаретте

d)

Бейт-Лехемде

15.

Ирод Наристени өлтүртүү үчүн издеткени жатканда, Теңирдин периштеси Жусупка Наристени жана Анын энесин алып, кайсы өлкөгө кач деп айткан?

a)

Мисирге

b)

Сирияга

c)

Римге

d)

Ирод билбеген шаарга

16.

Жусуптун кесиби?

a)

темир уста болгон

b)

чатыр жасагандардын башчысы

c)

балыкчы

d)

жыгач уста

17.

Ыйса Машайактын Бейт-Лехем шаарында төрөлүшү керектиги жөнүндө кайсы пайгамбар жазган?

a)

Ышайа

b)

Жеремия

c)

Михей

d)

Захария

18.

Ыйык Жазууда канча жакшы кабар бар?

a)

14 жакшы кабар бар

b)

4 жакшы кабар бар

c)

7 жакшы кабар бар

d)

66 жакшы кабар бар

19.

Бүгүн Дөөттүн шаарында силер үчүн Куткаруучу төрөлдү. Ал – Машайак Теңир.” Ушул аят 4 жакшы кабардын кайсынысында жазылган?

a)

Матай жазган жакшы кабарда

b)

Марк жазган жакшы кабарда

c)

Лука жазган жакшы кабарда

d)

Жакан жазган жакшы кабарда

20.

Ыйса Машайактын адам болуп жерге келишинин максаты эмне эле?

a)

Дүйнөнү соттоп, күнөөлөрүн көргөзүү үчүн

b)

Жакырчылыкты жоюу үчүн

c)

Бул дүйнөнү сүйгөнү үчүн

d)

Ага ишенген ар бир адам түбөлүк өмүргө ээ болушу үчүн

21.

Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне талап кылынат?

a)

Ар бир дүйшөнбүдөн (понедельниктен) баштап жакшы адам болууга аракеттенүү

b)

Кайрымдуулук иштерди көп кылып, муктаж адамдарга жардам берүү

c)

Жыйындагы ар бир чогулушту калтырбоо

d)

Ыйса Машайактын Куткаруучум экенине ишенип, күнөөлөрүмдү мойнума алып кечирим суроо