wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Сөөк сынууда биринчи жардам

Total questions: 11

Worksheet time: 6mins

Name
Class
Date
1.

Сөөк сынгандыгынын негизги белгилери кайсылар?

a)

Жаракат алган жердин катуу оорушу жана шишип чыгышы

b)

Мүчөнүн формасынын өзгөрүшү жана кадимкидей эмес кыймылдашы

c)

Теринин кызарышы жана дене табынын төмөндөшү

d)

А жана Б жооптору туура

2.

Ачык сыныктын жабык сыныктан айырмасы эмнеде?

a)

Сөөк бир нече жерден сынат

b)

Тери айрылып, сөөктүн учтары сыртка көрүнүп турат жана кан агат

c)

Сөөк сынбайт, болгону тери сыйрылат

d)

Эч кандай айырмасы жок

3.

Сөөк сынганда же чыкканда биринчи кезекте эмне кылуу керек?

a)

Сөөктү тезинен ордуна салууга аракет кылуу

b)

Жабыркаган мүчөнү максималдуу түрдө кыймылсыз абалга келтирүү (иммобилизация)

c)

Сынган жерди катуу укалоо (массаж жасоо)

d)

Ысык грелка басуу

4.

Шина коюуда кайсы негизги эреже сакталышы керек?

a)

Шина сынган жерди гана жаап турушу керек

b)

Сынган жерден жогору жана төмөн жайгашкан эки муунду тең кыймылсыз кылып байлоо

c)

Шинаны сөзсүз түрдө жылаңач териге байлоо зарыл

d)

Шинаны өтө катуу, кан айланбай тургандай кылып байлоо

5.

Ачык сыныкта биринчи жардам көрсөтүүнүн тартиби кандай?

a)

Биринчи шина коюп, анан канды токтотуу

b)

Биринчи канды токтотуп, жараатты таңып, андан кийин шина коюу

c)

Сөөктү ичине киргизип, анан таңуу

d)

Эч нерсе тийгизбей, тез жардамды күтүү

6.

Эгерде колунда атайын медициналык шина жок болсо, эмнени колдонсо болот?

a)

Жумшак жаздык же жууркан

b)

Тактай, таяк, катуу картон же зонт

7.

Эгерде колунда атайын медициналык шина жок болсо, эмнени колдонсо болот?

a)

Жумшак жаздык же жууркан

b)

Тактай, таяк, катуу картон же зонт

c)

Ийилчээк резина

d)

Эч нерсе колдонууга болбойт

8.

Омуртка тутуму (омурткасы) сынган деп шектелген адамга кандай жардам берүү керек?

a)

Адамды отургузуп, суу берүү

b)

Адамды такыр козгобоо жана катуу, тегиз жерде (щит же тактайда) жаткан абалында ташуу

c)

Адамды жумшак төшөккө жаткыруу

d)

Адамды аркасына көтөрүп алып ооруканага жеткирүү

9.

Сөөк жаракат алган жерге эмне үчүн муз (муздак нерсе) коюлат?

a)

Кан тамырларды кеңейтүү үчүн

b)

Ооруну басаңдатуу жана шишикти азайтуу үчүн

c)

Сөөктүн тез бүтүшү үчүн

d)

Инфекцияны өлтүрүү үчүн

10.

Сөөк сынганда кайсы аракетке катуу тыюу салынат?

a)

Жабырлануучуга ооруну басуучу дары берүүгө

b)

Сынган сөөктөрдү өз алдынча түзөөгө же ордуна салууга

c)

Тез жардам чакырууга

d)

Жаракат алган мүчөнү бинт менен таңууга

11.

Кабырга сынган учурда кандай жардам көрсөтүлөт?

a)

Дем алдырбай, оозду таңып коюу

b)

Көкүрөк капасын дем чыгарган учурунда катуу таңып, жарым отурган абалда ооруканага жеткирүү

c)

Адамды ичи менен жаткыруу

d)

Көп кыймылдатуу