WorksheetsРоссиядагы революциялар жана саясий күрөш
Total questions: 18
Worksheet time: 9mins
Россиядагы XX к. башындагы саясий күрөштөгү пролетариаттын түпкү максатына эмне мүнөздүү эмес?
Социалисттик революцияны ишке ашыруу;
Пролетариат диктатурасын орнотуу;
Карапайым калктын эркиндигин, укуктарын коргоо;
Дыйкандарды багындырып, жерин тартып алуу.
Биринчи дүйнөлүк согуш Россиядагы революциялык кыймылга кандай таасирин тийгизди?
Пролетариат революциядан баш тарткан;
Иш таштоо кыймылдары улам жогорулаган;
Революциялык кыймыл убактылуу токтогон;
Падышачылык революциялык кыймылды жок кылган.
Россияда XX кылымдын башында канча революция болгон?
Бир
Эки
Үч
Төрт
1905-жылдын 9-январындагы окуя тарыхта кандай аталып калган?
Улуу Октябрь революциясы
Кандуу жекшемби
Февраль революциясы
Дыйкандар көтөрүлүшү
В.И. Ленин 1905-1907-жылдардагы биринчи орус революциясын 1917-жылдагы Улуу Октябрь социалисттик революциясынын эмнеси деп баалаган?
Негизги себеби
Генералдык репетициясы
Уландысы
Алгачкы кадамы
1917-жылдагы Февраль буржуазиялык-демократиялык революциясынын негизги милдеттери кайсылар болгон?
Падышаны тактан кулатуу, демократиялык республиканы орнотуу, помещиктик жер ээлөөнү жоюу.
Социалисттик түзүлүштү орнотуу, пролетариат диктатурасын түзүү, бардык бийликти Советтерге берүү.
Убактылуу өкмөттү колдоо, согушту улантуу, буржуазиялык бийликти бекемдөө.
Улуттук эзүүнү күчөтүү, дыйкандарды жерден ажыратуу, 12 сааттык жумуш күнүн киргизүү.
1917-жылдагы Февраль буржуазиялык-демократиялык революциясынын натыйжасында Россияда кандай бийлик орногон?
Падышалык өкмөт
Бирдиктүү социалисттик өкмөт
Кош бийлик
Аскердик диктатура
Большевиктер партиясынын "Бүткүл бийлик Советтерге!" деген урааны эмнени билдирген?
Убактылуу өкмөттү колдоо
Саясий бийликти тынчтык жолу менен алуу
Саясий бийликти күч менен басып алууга даярдануу
Дыйкандарга жер берүү
Советтердин II Бүткүл россиялык съездинде кандай декреттер кабыл алынган?
Тынчтык жана Жер жөнүндө декреттер
Эмгек жана Билим берүү жөнүндө декреттер
Өнөр жай жана Соода жөнүндө декреттер
Аскердик жана Финансы жөнүндө декреттер
XX кылымдын башындагы революциялык окуялардын натыйжасында Россияда кандай саясий өзгөрүүлөр болгон?
Падыша бийлиги кулатылып, монархия жоюлган
Республика жарыяланып, пролетариат диктатурасы орногон
Падыша бийлиги сакталып, конституциялык монархия орногон
Аскердик диктатура орногон
Совет өлкөсүнө жарандык согуш кандай натыйжа алып келген?
Жарандардын каны төгүлүп, өмүрү кыйылган
Коомдук турмуш терең кризиске туш болгон
Кароосуз калган жаш балдардын саны өскөн
Дыйкандардын эмгекке кызыгуусу өскөн
Советтик республиканы коргоо үчүн В.И. Ленин башында турган Коммунисттик партия кандай чараларды уюштурган?
Өлкө согуш лагери деп жарыяланган жана жалпыга милдеттүү аскердик окуу-машыгуу киргизилген
Эл аралык жардам суралган жана тынчтык келишимдери түзүлгөн
Экономикалык реформалар гана жүргүзүлгөн
Демократиялык шайлоолор өткөрүлгөн
Версаль тынчтык келишиминин шарттарына ылайык, Германия Францияга кайсы аймактарды кайтарып берген?
Саар көмүр бассейни
Эльзас жана Лотарингия
Германиянын колониялары
6,5 миллион немистер жашаган аймактар
Улуттар Лигасынын негизги максаты эмне болгон?
Согуштан кийинки Европанын экономикасын калыбына келтирүү
Эл аралык сооданы өнүктүрүү
Тынчтыкты жана эл аралык коопсуздукту сактоо
Германиянын аскердик күчүн чектөө
Италияда жана Германияда фашизмдин пайда болушуна кайсы саясий лидерлер байланыштуу?
Томас Вудро Вильсон жана Иосиф Сталин
Бенито Муссолини жана Адольф Гитлер
Уинстон Черчилль жана Франклин Рузвельт
Владимир Ленин жана Лев Троцкий
Россиядагы 1917-жылдагы Октябрь революциясынын негизги себептери кайсылар?
Бардык жообу туура.
Падышалык бийликтин күчсүздүгү;
Согуштун жеңилиши жана элдин нааразычылыгы;
Социалдык теңсиздик жана экономикалык кризис;
Советтик бийлик орногондон кийин, кандай жаңы социалдык системалар киргизилген?
Демократиялык социализм.
Капиталисттик система;
Пландык экономика;
Кооперативдик экономика;
1917-жылдагы революциядан кийин Россияда кандай негизги саясий партиялар пайда болгон?
Социалисттер жана Коммунисттер;
Либералдар жана Консерваторлор;
Фашисттер жана Социал-демократтар.
Большевиктер жана Меншевиктер;
