NEW
Font size
WorksheetsТекшерүү иши
Total questions: 13
Worksheet time: 26mins
Вирустар толук кандуу "организм" деп айтууга кыйын.Эмне үчун вирустар тиричиликтин организмдик деңгээлине жатпайт?
Алар өтө кичинекей болгондуктан
Алардын өздүк зат алмашуусу жок жана клеткадан тышкары жансыз
алар оору козгогоондуктан
Алардын ДНК жана РНК сы жок
Амёбаны туздуу сууга салганда,ал жыйырылат,цистага айланат.Бул реакция эмне деп аталат?
Көбөйүү
Дүүлүгүү
Өсүү
Мутация
Көп клеткалуу организмдердин бир клеткалуу организмдерден айырмасы?
Алар тезирээк көбөйөт
Алар чоңураак
Клеткалары адистешкендиктен,ар түрдүү чөйрөгө жакшыраак ыңгайлашып,узак жашайт
Азык заттарды аз талап кылат
Тоокт ун жумурткасы берилген .Жумуртка-бул бир клетка(бөлүнө тэлекте).Бирок биз аны организмдин башталышы дейбиз.Түйүлдүк өрчүш үчүн жумурткадан эмне болушу керек?
Жөн гана суу
Генетикалык маалымат
Күндүн түз тийүүсү
Топурак
Жыныстык көбөйүүнүн жыныссыз көбөйүүдөн негизги эволюциялык артыкчылыгы эмнеде?
Көп сандуу тукум берет
өнөктөш издөөнүн кереги жок
Генетикалык ар түрдүүлүктү жаратып, өзгөргөн чөйрөгө туруктуу тукум берет
Энергия аз сарпталат
Баканын өрчүүсү:Икра-көнөк баш-бака.Бул кандай өрчүү?
Түз өрчүү
Метаморфоз менен жүргөн кыйыр өрчүү
партоногенез
Эмбрионалдык өрчүү гана
Төөлөр чөлдө суусуз көпкө чыдайт, анткени алардын өргөчүндө май бар.Май ажыраганда эмне пайда болот?
Жөн гана энергия
Эндогендик(ички) суу жана энергия
Муздак аба
Уулуу заттар
Эгерде организмдин хромосомаларында мейоз учурунда ката кетсе(мутация), бул организм деңгээлинде кандай жыйынтыкка алып келиши мүмкүн?
Эч нерсе болбойт
Тукум куучу оорулар пайда болот же организм жашай албайт
Организм дароо башка түргө айланат
Организм өлбөс болуп калат
Окуумуштуулар келечекте клондоштуруу жолу менен мамонтторду тирилтүүнү көздөп жатышат.Мамонттун клеткасынын ядросун алып,пилдин жумуртка клеткасына салып, пилдин жатынында өстүрүшөт.Суроо: бул процесс төрөлгөн мамонттун генотиби кимге окшош болот?
Жумуртка клеткасынын берген пилге
Ядросу алынган мамонтко
Төрөлөн пилге
Пил менен мамонттун алалашмасы
Менбелдин биринчи законунда фенотип канча процент болот?
50%
25%
100%
75%
Менделдин экинчи законун кандай закон дейт?
Кошулуу
Жашыруун
Ажыроо
Бөлүнүү
Менделдин экинчи законунда генотиптин катышы кандай болот?
1:2:1
3:1
4:1
1:1:2
Менделдин экинчи законунда фенотиптин процентти канча болот?
50%-50%
100%
25%-25%-50%
25%-50%-25%
