Search Header Logo
Урок без названия

Урок без названия

Assessment

Presentation

Practice Problem

Hard

Created by

Махабат Махабат

Used 1+ times

FREE Resource

8 Slides • 0 Questions

1

2

media

Ата-энелер чогулушу (жыйналышы)

Ата-энелер чогулушу – бул балдарды адаптация маселелерин чечүүдө,

тарбиялоодо жана өнүктүрүүдө билим берүү мекемелери менен ата-

энелердин бирдиктүү иш алып баруу формасы. Иш алып баруунун формасы

катары ата-энелер чогулушунун универсалдуулугу бир мезгилде эле бир

нече функцияларды аткарат: ата-энелер жааматын уюштуруу , тарбия жана

билим берүү процессин башкаруу, кандайдыр бир деңгээлдеги зарыл жана

маныздуу проблемаларды чечүү.

Чогулушта педагог ата-энелер менен тарбиялоонун, окутуунун жана

өнүктүрүүнүн мерчемдуу (ченемдуу) убакыттагы жыйынтыгын талкуулап, өз

байкоолорунун натыйжалары менен бөлүшүп жана мындан аркы балдар

менен алып баруучу иш пландары, иш стратегиясы менен тааныштыра алат.

Мындан тышкары ата-энелер чогулушу – жааматтык чечимдери кабыл

алуунун жана бирдиктүү иш чараларды пландаштыруунун жакшы формасы,

булар билим берүү мекемелери\\u043cектеп жана үй-бүлө ортосундагы

кызматташтыктын калыптанышына шарт түзөт.

Жалпыбызга

малым

болгондой, белгилүү бир себептер менен бир топ ата-энелерибиз ар дайым

эле чогулушка катыша беришпейт. Ошондуктан педагог чогулушка көптөгөн

үй-бүлөлөрдү тартууга шарттарды түзүүсү зарыл. Мындай шарттардын

катарына чогулуштун туура өтүлүшү жана ага болгон даярдыктардын кылдат

жүргүзүлүшү кирет.

Эреже боюнча чогулуш 3 бөлүктү камтыйт:

1.киришүү;

2.негизги бөлүм;

3.жана башкалар.

Киришүү бөлүмү ата-энелерди уюштуруу менен алардын ортосундагы жылуу

маанай, ишенимди арттырып, суроолорун бир жерге топтоого арналат.

3

media

Негизги бөлүм 2-3 этапка бөлүнүшү мүмкүн. Мугалимдин, тарбиячынын,

усулчун,

директордун,

билим

берүү

мекемелериндеги\\u043cектептин

адистердин билдирүүсү. Билдирүүлөрү кыска жана жыйынтыктуу болуусу

керек. Маалыматтар жакшы жеткиликтүү болуусу үчүн көрсөтмөлүүк,

ТСОну пайдалануу жакшы. Сүйлөп чыгуу учурунда педагогдор, ата-

энелерге жана балдарга доомат артуудан, баланын толкулоодон баш тартуусу

керек. Ата-энелер үчүн практикумдарды уюштурса болот; мисалы,

конкреттүү жагдайларды көрсөтүү жана аларды чечүүнү сунуштоо.

Чогулуштун бул бөлүгүн өтүүдө үй- бүлө менен иш алып баруунун өзүнчө

формасы катары лекцияларды, талкууларды, конференцияларды пайдаланса

болот. Чогулуштун үчүнчү бөлүгүн өтүүдө билим берүү мекемелеринде

биргелешкен иш чаралары талкууланат. Алдын ала чечимдердин бир нече

варианттарын ойлоо, алардын айрым бөлүктөрүн ата –энелер комитети менен

чечүү сунушталат.

Өсүп-өнүгүүгө

багыт

алган

педагог

ар дайым

өз ишинин

жыйынтыктарын ата-энелердин аракеттеринен баамдайт. Муну

анкетирлөөнүн жардамы менен уюштурууга мүмкүн. Жолугушуунун

аягында чогулуушта протоколго жазылган ар бир талкууланган

суроолор боюнча кабыл алынган чечимдерди атап, жыйынтык чыгаруу

керек. Чогулушту убагында баштап жана убагында аяктоо зарыл.

Чогулуштун ийгиликтүү өтүшүн шарттаган ыктар:

1.официалдуулуктан четтөө

2.маалымдоо

3.бардык «ооба» жана «жокту» салыштыруу

4. драматизация жана юмор

5. динамикалуулук

6. көрсөтмөлүүлүк

7. аудиторияга түздөн- түз кайрылуу жана аны менен диолог түзүү.

4

media

Аңгемелешүү

Ата- энелер менен педагогикалык аңгемелешүү- педагогдун ата-энелер менен

болгон байланышын түзүүдөгү эн эле оңой жана кеңири таралган формасы.

Аңгемелешүүнү өз алдынча форма катары жана ошондой эле башка

формалар менен айкалыштырып пайдаланууга мүмкүн. Мисалы, ата-энелер

чогулушунда, консультация берүүдө,же үй- бүлөлөгө каттоо учурунда

аңгемелешүү. Аңгемелешүүнү максаты- тарбиялоонун тигил же бул

суроолору боюнча пикир алмашуу, ал белгиленген суроолор боюнча бирдей

көз карашка жетишүү, өз убагында ата энелерге жардам көрсөтүү болуп

эептелет. Аңгемелешүү бир гана педагогдун демилгеси менен пайда

болбостон ата-эне тарабынан дагы демилге көтөрөт. Эгерде аңгемелешүү

түзүүгө ата-энелер демилечи болсо(бул негизинен стихиялуу түрдө өтөт), ал

эми педагог аларга убакыт боло албай калса (же суроолорго жооп берүүгө

даяр эмес болсо), ал (педагог) эки тарапка тең өтөйлуу атайын бир убакытта

жолугушуу тууралуу суйлөшөт. Ал эми аңгемелешүү педагогдун демилгеси

аркылуу пайда болсо, анда алдын ала теманы, суроолорду ойлонуштуруп

камдап алуу зарыл, же болбосо ата-энелердин кандай суроолорго жооп

алгылары келерин мурунтадан билүү зарыл.

Эртең мененки жана кечки убакта пайда болгон педагогикалык

аңгемелешүүлөр белгилүү бир шарттарга жооп берүүсү керек:

байланыштын тыгыздыгы баланстуу болуусу керек

аңгемелешүү жандуу мүнөзгө ээ болусу абзел

ата-энелердин жана педагогдордун жетиштүү убактысынын

болушу

аңгемелешүнүн тематикасын сактоо керек

ата-энелердин көңүлүн оорута турган баласы жөнүндөгү

пикирлерден алыс качуу керек

ата-энелердин шектенүүлөрүн, сын пикирлерин, сунуштарын

чыдамдуулук менен кунт коюп угуу керек

5

media

ата-энелердин педагогикалык процесске кийлигишүү боюнча

талабы максатка ылайыктуу бааланышы керек

Тематикалык консультациялар

Ата –энелерүчүн тематикалык консультациялар өз мүнөзү боюнча

аңгемелешүүгө жакын ал үй-бүлө менен иш апаруунун жеке жана ажырым

(деференциалдуу) формасы катары кызмат кылат негизге айрымасы:

консультация өтүүдө ата-энелердин суроолоруна жооп берип жатып педагог

квалификациалуу кеңеш берүүгө бир нерсене үйрөнүүгө умтулат.

Консультация жеке жана группалуу болот.Консультациянын узактыгы 10-12

мүнөттү түзүшү мүмкүн. Ал эми тематикасы да ар түрдүү болушу мүнкүн,

жана ал тематика балдардын жүрүм туруму боюнча байкоолорго жана балдар

пикири ата –энелеринин өз ара мамелерине карата аныкталат. Иштин мындай

формасы баланы окуутунун жана тарбиялоонун баардык аспектилектердин

ата-эне менен ишенимдүү жагдайда талкуу шарт түзөт жана ал өзүнө

тарбияга керектүү маалыматтарды ала алат. Бирок педагог алынган

маалыматтардын конфидициалдуулугуна жоопкерчиликтүү. Конференциялар

бир катар шарттарга жооп берүү керек.

Каалоо жана кеңештер конкреттүү болуп, баланын жеке

өзгөчөлүктөрүн, үй-бүлөсүн жашоо – шарттарын эске алуусу зарыл

Ар бир консультация кандайдыр бир жаңычылыкты берип, алардын

педагогикалык билимин кеңейтүүсү керек

Ата-энелерге кандайдыр бир кеңеш берүүдөн мурда, сөзсүз түрдө ал

суроону жакшылап байкаштырып же билим берүү мекемелериндеги

адистерге кайрылуу керек.

Татаал суроолорду жеңил-желпи чечүүгө аракет кылбоо керек. Андан

кара ата-энелерди башка убакытка чакырып, ал эми суроого мыкты

даярданы өзүңүз жооп берүү керек.

6

media

Консультация өткөрүүнүн формасы практикумдар болушу мүмкүн. Ата-

энелердин тарбиялоо боюнча кызыгууларын толук канаттандыруу кат

түрүндө кетирүүгө атайын ящик орнотулушу керек.

Кыскача кат

Көпчүлүк учурларда балдарды чоң апа чоң аталары , эже-агалары үй-

бүлөнүн жакын тааныштары алып келишет. Педагогдун алардын ар бири

менен эртең менен баарлашууга шарты болбой калат. Басымдуу көпчүлүк

ата-энелер өз балдарын жетишкендиктерин билүүгө, кезектеги иш

чараларын кабардар болгулары келет. Мындай учурларда балдардын жаңы

жетишкендиктерин , көрсөтүлгөн жардамга карата ыраазы чылыктарды

билдирүдө кыскача кат педагогго жардамга келет. Кыскача кат белгилеген

жерге коюлуп же болбосо балага келген адам аркылуу берилиши мүмкүн.

Маалымат баракчасы.

Маалымат баракчасы – педагогдордун ишинин баланын үй- бүлөсү үчүн

ачык болуусуна мүмкүнчүлүк бере турган дагы бир эффектүү форма.

Көпчүлүк учурда кыскача билдирүүчүүлөрдү жөнөтүү алда канча

эффективдүү. Маалымат баракчасы ата-энелер арасында таратылышы

мүмкүн, же маалымат дубалында жайланышы керек.

Маалымат дубалы.

Маалымат дубалда билим берүү мекеменин администрациясы жөнүндөгү

маалыматтар, коллективдин жетишкендиктири, кызматчылардын иш

тартиби көрсөтүлөт. Анын мазмуну төмөнкүдөй болушу мүмкүн.

1.Методикалык иш чаралардын 1 айлык программасы.

2.Ата-энелер үчүн ички тартипти эрежелери

3.1 айлык иш чаралардын планы

4.Күн тартиби

5.Сабактардын расписаниеси

6.Директордун, үсүлчүнүн, педагогдордун, ж.б. администрациянын

аты-жөнү

7

media

7.Группанын\\u043aласстын турмушу – отчет (күндөлүк, 1 жумалык, 1

айлык)

Газета

Газета билим берүү мекемесинин редакциялык коллегиясынын күчү менен
чыгарылышы мүмкүн. Ал бардык балдардын ата-энелерине арналып
балдарды тарбиялоодогу, окутуу кеңири маселелерин камтыйт. Алгач
газеталык макети иштеп чыкса болот, ага “Келгиле сүйлөшөлү”, “Ден соолук
сабагы”, “Ойнойбуз жана окуйбуз”. “үйдөгү оюндар жана майрамдар” ж.б.
деген рубрикаларды жайланыштырса болот.

Тематикалык көргөзмөлөр

Көргөзмөлөр билим берүү мекемесинин масштабында уюштурулушу
мүмкүн. Тематикалык көргөзмөдө балдардын чыгармачылык иштери,
сүрөттөрү, китептер, оюнчуктар көргөзүлөт. Көргөзмө б/б мекеменин
жашоосундагы кайсы бир этапты жыйынтыгы болуп калышы мүмкүн.

Тематикалык папкалар

Тематикалык папкалар экиге бөлүнөт:

1.Көчмө папкалар
2.Жайма папкалар

Көчмө папкаларда тарбиялоо жана окутуга, ден соолукту чыңдоо,
интектуалдык өсүүгө байланыштуу сунуштар, кеңештер орун алат.
Материалдар конкреттүү, мазмунду, кызыктуу болуу менен кооз
жасалгаланышы керек.

Жайма папкаларда сүрөттүү чакан маалыматтар орун алат.

Мындай папкаларды даярдоо бир топ эмгекти талап кылат, анткени текст
басма түрүндө же чоң даана кол жазмалар менен жазылышы керек.

Ачык эшиктер күнү

Жылына 1-2 жолу өткөрүлүүчү “Ачык эшиктер күнүндө” ата-энелер
балдарынын б\\u0431 мекемесиндеги жашоосу менен тааныша алат. Бул күнү ачык
сабактар көрсөтүлөт.

8

media

Уй-бүлөөгө каттоо

Балдардын үйлөрүнө каттоо- үй бүлөө иштөөнүн эң маанилүү формасы. Үй
бүлөөгө бир жылда 2 жолу каттоо кабыл алынган. Эң маанилүү шарт- ак
ниеттүүлүк, педагогикалык такт, эч убакта сын көз карашка жол бербөө
керек. Педагогдун милдети ишенимдүү-ишкер мамиле түзүү. Ал эми буга
ата-энелердин сый урматты талап кылынат.

Show answer

Auto Play

Slide 1 / 8

SLIDE