

Фонетика – тил илиминин бир бөлүмү
Presentation
•
Other
•
University
•
Practice Problem
•
Hard
Бийназар Кайназаров
Used 5+ times
FREE Resource
14 Slides • 0 Questions
1
Фонетика – тил илиминин бир бөлүмү
2
Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүү суроолору:
1. Тил деген эмне?
2. Тилдин коомдук кызматтары кайсылар?
3. Кеп деген эмне?
4. Тил менен кептин карым-катышы.
Билимди текшерүү формалары(оозеки сурамжылоо)
3
Негизги бөлүктөр жана суроолор:
1. Кыргыз тили жөнүндө жалпы түшүнүк.
2. Фонетика, анын изилдөө обьектиси жана тармактары.
3. Сүйлөө органдары жана алардын аткарган кызматы.
4
1. Кыргыз тили жөнүндө жалпы түшүнүк.
Кыргыз тили - эгемендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили. Бул статус 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын кезексиз чакырылган 10-сессиясында атайын Закон аркылуу кабыл алынган. Мындай статуска жеткиче кыргыз тили өзүнүн калыптануу мезгилинде узак тарыхый жолду басып өткөн. Академик Б.М.Юнусалиев кыргыз тилинин калыптанышын 3 доорго бөлөт:
а) байыркы, б.а. IX-X к. чейинки кыргыз тили;
б) орто кылымдык, б.а. XV-XVI к. чейинки кыргыз тили;
в) жаңы кыргыз тили доору, б.а. XVI к. баштап азыркы мезгилге чейинки кыргыз тили.
Окумуштуу А.Жалилов XVI к. берки кыргыз тилин изилдеп бул бөлүштүрүүгө төмөнкүдөй кошумчаларды киргизет:
а) моголстандык-жунгарлык мезгил (XV-XVI кылымдар);
б) XVIII кылымдан революцияга чейинки мезгил;
в) советтик мезгил.
Ар бир тарыхый доор кыргыз тилинин өнүгүшүнө жана калыптанышына өзүнүн таасирин тийгизген. Бул кыргыз элинин башка элдер менен болгон карым-катыштары менен шартталган. Натыйжада кыргыз тили ар тараптан өнүгүп, азыркы деңгээлине келип жетти.
5
Кыргыз тили – түрк тилдеринин эң байыркыларынан. Ал чыгыш теги – генеологиялык классификация боюнча түрк тилдеринин системасына кирип, алтай тили менен бирге чыгыш хун бутагынын кыргыз-кыпчак тобун түзөт. Ал эми типологиялык классификация боюнча агглютинативдүү тилдерге кирет.
Азыркы кыргыз адабий тили – кыргыз тилинин өркүндөтүлгөн эң жогорку формасы. Ал адамдардын ишмердүүлүгүнүн түрдүү тармактарын тейлеген, функционалдык стилдери өнүккөн, коомдогу кызматы өскөн, жалпы улуттун кызыкчылыгын көздөгөн адабий тилдин нормаларына салынган тил. Азыркы күндө тил илиминде анын ар кайсы тармактары изилденип, такталып жатат.
6
Кыргыз тил илими төмөнкү негизги бөлүмдөрдөн турат:
1. Фонетика – тилдин тыбыштык түзүлүшүн, андагы өзгөрүүлөрдү изилдейт.
2. Графика – жазуунун өнүгүш этаптарын, алфавит, тамгалар менен тыбыштарды белгилөө өзгөчөлүктөрүн изилдейт.
3. Орфография – тилдеги сөздөрдү адабий тилдин нормасына ылайык туура жазууну үйрөтөт.
4. Орфоэпия – оозеки адабий тилдин айтылыш нормаларын үйрөтөт.
5. Лексикология – тилдин сөздүк курамы, анын өнүгүшү, сөз маанилери жана анын типтерин изилдейт.
6. Морфология – сөз составы жана сөз түркүмдөрү жөнүндөгү илим.
7. Синтаксис – сөз айкашы, сүйлөм мүчөлөрү, сүйлөм жана анын түрлөрүн изилдейт.
8. Пунктуация – тилдеги тыныш белгилери, алардын коюлуш принциптерин, эрежелерин иликтейт ж.б
7
Фонетика, анын изилдөө обьектиси жана тармактары
Адам баласынын кеби сүйлөмдөрдөн, сүйлөмдөр сөздөрдөн, сөздөр айрым-айрым үндөрдөн – тыбыштардан турат. Мына ушул тилдин тыбыштык түзүлүшүн үйрөтүүчү тил илиминин бир бөлүгү фонетика деп аталат. Фонетика деген термин гректин «phone» - «үн», «тыбыш», «tika» - «илим» деген сөзүнөн алынган. Фонетиканын изилдөө обьектилери – тыбыш, тамга, фонема, сөз ичиндеги тыбыштардын өзгөрүү процесстери, муун жана басым.
Тыбыштарды үйрөнүүнүн максатына жана методуна карай фонетика бир нече түргө бөлүнөт:
1. Жеке фонетика;
2. Жалпы фонетика;
3. Салыштырма фонетика;
4. Сыпаттама фонетика;
5. Тарыхый фонетика;
6. Эксперименталдык фонетика;
8
Ар бир тилдин (мисалы, кыргыз, орус, англис, ж.б. тилдердин) тыбыштык түзүлүшүн жеке фонетика изилдейт.
Жалпы адамзаттын сүйлөө кебиндеги тыбыштар, аларды жасоочу органдардын кызматы, кеп агымындагы ар кандай фонетикалык көрүнүштөрдүн өз ара байланыштары жалпы фонетикада изилденет.
Ал эми бир тилдин фонетикалык фактыларын башка тектеш же тектеш эмес тилдердин ошондой эле фактылары менен салыштырып изилдөө салыштырма фонетикага мүнөздүү.
Тилдин тыбыштык түзүлүшүнүн белгилүү этаптагы өнүгүшүн, азыркы учурдагы абалын аныктоо сыпаттама фонетиканын милдетине кирет. Алсак, кыргыз тилинин сыпаттама фонетикасы бизге азыркы кыргыз адабий тилинин тыбыштык курамын, тыбыштык закондорун, муундук типтерин, басым жана интонациялык өзгөчөлүктөрүн үйрөтөт.
Тарыхый фонетика – мезгилдин өтүшү менен тилдин тыбыштык түзүлүшүндө болгон өзгөрүүлөрдү, алардын пайда болуу себептерин иликтейт.
9
Тыбыштар ар кандай приборлордун жана методдордун (кинографиялык жазуу, палатограмма, рентгеноскопия, осциллограф, спектрoграф, глоттография, интонография, электромиография, кинорентгенография ж.б.) жардамы менен акустикалык жактан (тыбыш жасоого жумшалган үндүн күчү, бийиктиги, узундугу) изилденет. Тыбыштарды мындай метод менен изилдөө эксперименталдык фонетиканын милдети болуп саналат.
Фонетиканы өздөштүрүүнүн теориялык жана практикалык мааниси чоң. Ар кандай форманы мазмундан ажыратып кароого мүмкүн болбогон сыяктуу, тилди да анын тыбыштык түзүлүшүнөн ажыратып изилдөө, үйрөнүү мүмкүн эмес. Тыбыштар тилдин сырткы формасы болуп эсептелүү менен тилдин негизги функциясы болгон адамдардын ортосундагы катнашуу куралы болуу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Морфологиялык, синтаксистик көп фактыларды фонетикалык - закондорсуз түшүнүүгө мүмкүн эмес. Тилдин тарыхын фонетикалык негизге таянбай туруп эч качан түзүүгө болбойт. Фонетиканын теориялык мааниси мына ушунда.
Ал эми практикалык мааниси: чет тилдерди үйрөнүүдө башка тилдин кандайдыр бир артикуляциялык өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү үчүн фонетиканы жакшы билүү зор жардам берет. Сөздөргө басымды туура коюу, жазуу ишинде тыбыштарды туура жазуу жана муунга бөлүп ташымалдоо, алфавит боюнча каталог менен иштөө ж.б.у.с. иштерди аткарууда фонетикалык билимге таянылат.
10
Сүйлөө органдары жана алардын аткарган кызматы
Кайсы гана тилде болбосун, кепте колдонулган тыбыштар адамдардын тыбыш жасоочу органдарынын катышы аркылуу жасалат. Ошондуктан тыбыштарды ар тараптан терең билүү үчүн сүйлөө органдарынын түзүлүшүн, алардын тыбыш жасоодогу аракеттерин билүү зарыл.
Сүйлөө органдары төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат. (1-таблица).
1) Дем алуу органдары (көкүрөк клеткасы, диафрагма, өпкө жана анын бронхалары, кекиртек);
2) Көмөкөй (мында үн түйүндөрү жайгашкан)
3) Ооз жана мурун көңдөйлөрү;
4) Борбордук нерв системасы.
Булардын тыбыш жасоодогу кызматы ар түрдүү.
Дем алуу органдары тыбыштардын жаралышына башкы каражат катары жумшалуучу абанын агымын басым менен жогору карай түртүп, аны кекиртек аркылуу көмөкөйгө, андан ооз жана мурун көңдөйлөрүнө багыттайт. Кекиртектин көмөкөйгө туташкан башкы бөлүгүндө бири-бири менен булчуңдар аркылуу туташкан бир канча чемирчек бар.
Буларга үн түйүндөрү бириккен.
11
Үн түйүндөрү ар кандай тыбыштардын жасалышына негиз болуп саналуучу үндү пайда кылууда эң башкы ролду ойнойт. Алар бири-бирине туташып, жанаша орношкон жана ортосунда үн жылчыкчасы бар эластикалуу (серпилме) эки кичинекей булчуңдан турат. Бул эки булчуңдун арасы бирде биригип, бирде ачылып, үн жылчыкчасынын абалын өзгөртүп турушу тыбыштардын жаралышына өбөлгө түзгөн бирден-бир негизги физиологиялык кубулуш болуп саналат.
Адам сүйлөй баштаганда, үн түйүндөрү керилген абалда болуп, анын жогоруда аталган булчуңдары үн жылчыкчасын жаап калат. Өпкөдөн кекиртек аркылуу өтүп келе жаткан абанын агымы жабык абалда турган үн жылчыкчасы аркылуу кысылып өтөт да, үн түйүндөрүн серпилтип, дирилдеген абалга келтирет. Бул үндү пайда кылуучу негизги шарт болуп эсептелет, анткени үн түйүндөрүнүн дирилдеши менен аба термелет. Мындай термелүүдөн үн пайда болуп, ал дагы башка сүйлөө органдарынын кызматы аркылуу ар кандай тыбыштарга айланат.
12
Тыбыштардын жасалышы үчүн ооз көндөйү менен мурун көңдөйүнүн жана таңдай көшөгөсүнүн да чоң мааниси бар. Ооз көңдөйү менен мурун көңдөйү таңдай аркылуу бөлүнүп турат жана булардын ар бири өзүнчө резонатордук милдет аткарат. Таңдайдын алды жак бөлүгү катуу, арткы бөлүгү жумшак таңдай деп аталат. Жумшак таңдай кичине тилге туташып, таңдай көшөгөсү деп аталган органды түзөт. Бул орган абаны ооз көңдөйүнө же мурун көндөйүнө багыттоо кызматын аткарат. Эгерде таңдай көшөгөсү көтөрүлгөн абалда болсо, мурун көңдөйүнүн оозу жабышып, аба ооз көңдөйү аркылуу өтөт. Бул учурда [а], [э], [ы], [и], [б], [д] сыяктуу (мурунчул эмес) тыбыштар жасалат. Эгерде таңдай көшөгөсү төмөн түшүп, абанын агымы мурун көңдөйүнө багытталса, ооз көңдөйү жабылат. Мында [м], [н], [ң]| тыбыштары (мурунчул тыбыштар) пайда болот.
Мурун көңдөйү - көлөм жагынан да, форма жагынан да өзгөрбөй турган резонатор. Ал эми ооз көңдөйү болсо эриндердин, тилдин, кичине тилдин, жумшак таңдайдын тыбыш жасоодогу активдүү кыймылдарына жараша формасын да, көлөмүн да өзгөртө берет. Эки эриндин бири-бирине тийип айтылышы менен [б], [п], [м] сыяктуу кош эринчил тыбыштар, астыңкы эриндин үстүңкү тиштерге жакындашы аркылуу [в], [ф] тыбыштары, эки эриндин түтүк формасында болуп, алга карай жүткүнүшү менен [о], [ө], [у], [ү] сыяктуу эринчил үндүүлөр жасалат.
13
Мурун көңдөйү - көлөм жагынан да, форма жагынан да өзгөрбөй турган резонатор. Ал эми ооз көңдөйү болсо эриндердин, тилдин, кичине тилдин, жумшак таңдайдын тыбыш жасоодогу активдүү кыймылдарына жараша формасын да, көлөмүн да өзгөртө берет. Эки эриндин бири-бирине тийип айтылышы менен [б], [п], [м] сыяктуу кош эринчил тыбыштар, астыңкы эриндин үстүңкү тиштерге жакындашы аркылуу [в], [ф] тыбыштары, эки эриндин түтүк формасында болуп, алга карай жүткүнүшү менен [о], [ө], [у], [ү] сыяктуу эринчил үндүүлөр жасалат.
Тыбыштардын ар түркүн айтылышына эң эле активдүү катышкан органдардын бири - тил. Мунун түпкү, ортоңку жана yч жак бөлүгү аркылуу үндүү жана үнсүз тыбыштардын ар түркүн топтору жасалат.
14
Сүйлөө органдарынын тыбыш жасоодогу кызматын түздөн-түз башкарып турган орган болуп мээ - борбордук нерв системасы саналат. Мына ушул башкы орган аркылуу адамдар сүйлөө, пикир алышуу, байланыш-катыш жасоо жөндөмдүүлүгүнө ээ болуп келүүдө.
Сүйлөө органдары тыбыш жасоодогу кызматына жараша активдүү жана пассивдүү болуп бөлүнөт.
Активдүү органдар: үн түйүндөрү, тил, эриндер, жумшак таңдай, кичине тил. Булар тыбыш жасоодо түрдүүчө кыймылга келип, абалын өзгөртүп турат.
Пассивдүү органдар: тиштер, бүйлө, катуу тандай. Булар тыбыш жасоого кыймылсыз абалда туруп да катышат.
Ошентип, кыргыз тилинин фонетикасын үйрөнүүдөгү биринчи баскыч болуп жалпы тил жөнүндө түшүнүк, анын тармактары жана изилдөө обьектилерин ачык жана так билүү; тыбыштарды жасоодогу сүйлөө органдарынын кызматы жөнүндөгү маалыматтар эсептелет.
Фонетика – тил илиминин бир бөлүмү
Show answer
Auto Play
Slide 1 / 14
SLIDE
Similar Resources on Wayground
5 questions
информатикадан суроолор
Presentation
•
KG
10 questions
Ата-Энелерге суроо
Presentation
•
11th Grade
17 questions
ХХ гасырдын 40-80 жылдарындагы Казакстандагы гылымнын дамуы
Presentation
•
11th Grade
6 questions
Эпостун айланасындагы идеологиялык күрөш
Presentation
•
University
8 questions
Кесиптик шмердуулук
Presentation
•
University
10 questions
Тест по теме "Язык как система"
Presentation
•
12th Grade
6 questions
Корком онор
Presentation
•
KG - University
6 questions
Урок без названия
Presentation
•
University
Popular Resources on Wayground
20 questions
STAAR Review Quiz #3
Quiz
•
8th Grade
20 questions
Equivalent Fractions
Quiz
•
3rd Grade
6 questions
Marshmallow Farm Quiz
Quiz
•
2nd - 5th Grade
20 questions
Main Idea and Details
Quiz
•
5th Grade
20 questions
Context Clues
Quiz
•
6th Grade
20 questions
Inferences
Quiz
•
4th Grade
19 questions
Classifying Quadrilaterals
Quiz
•
3rd Grade
12 questions
What makes Nebraska's government unique?
Quiz
•
4th - 5th Grade