Search Header Logo
Cөздүн тутуму

Cөздүн тутуму

Assessment

Presentation

Other

Practice Problem

Hard

Created by

Бийназар Кайназаров

Used 2+ times

FREE Resource

15 Slides • 0 Questions

1

media

Лекциянын темасы:

Сөздүн тутуму

2

media

Сабактын тиби:

тематикалык лекция

3

media

Окутуунун натыйжалары:

1. Сөз тутуму жөнүндө жалпы маалымат; морфема жана анын түрлөрү;
уңгу жана негиз; курандылар жана уландылар тууралуу билет жана түшүнөт.
2. Сөз тутуму, уңгу жана негиз, куранды жана уланды мүчөлөрдү түшүндүрүп берүүнү жасай алат.
3. Өз алдынча иштин жана өзүн-өзү уюштуруунун көндүмдөрүнө; билим алуу жана кесиптик
ишмердүүлүгүндөгү маселелерди чечүү жараянында алган билимдерин пайдалануу
жөндөмдүүлүктөрүнө ээ болот.

4

media

Калыптануучу компетенция:

ЖК 9. Мамлекеттик жана расмий тилдерде
өзүнүн оозеки жана жазма кебин логикалык жактан туура, аргументтүү жана ачык курууга жөндөмдүү.

5

media

Негизги суроолор:

1. Сөз тутуму жөнүндө жалпы маалымат.

2. Морфема жана анын түрлөрү.

3. Уңгу жана негиз.

4. Курандылар жана уландылар.

6

media

Сабактын жүрүшү:

Сабактан күтүлүүчү натыйжаларды окутуучу менен биргеликте студенттер аныкташат.

7

media

Күтүлүүчү натыйжалар:

Сөз тутуму жөнүндө жалпы маалымат;
морфема жана анын түрлөрү; уңгу жана негиз;
курандылар жана уландылар тууралуу
маалымат алышат.

Бүгүнкү күнгө чейин сөз тутуму, уңгу жана
негиз, куранды жана уланды мүчөлөр тууралуу
алган билимдерин тереңдетишет.

8

media

Адабияттар:

Негизги адабияттар:
1. Абдувалиев И. Кыргыз тилинин морфологиясы: “Кыргыз тили жана адабияты” адистиги үчүн боюнча жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окуу китеп. –Бишкек, 2008. -284 б.
2. Кыргыз тилинин жазма грамматикасы. Азыркы кыргыз адабий тили. –Бишкек: Аврия Пресс”, 2015. -704 б.
3. Азыркы кыргыз адабий тили. Фонетика, Лексикология, Лексикография, Фразеология, Морфология, Синтаксис, Тексттаануу, Лингвопоэтика. –Б.: 2009. – 928 б. 4. Азыркы кыргыз тили: фонетика, лексикология, морфология, синтаксис. –Бишкек,
2015. – 518 б.

Кошумча адабияттар:
1. Абдуллаев Э. Кыргыз тилинин тушундурмө сөздүгү. 1-т. Ф.1984
2. Адабият терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү. Түзгөндөр: Ж.Шериев. А.Муратов. –Б.: 2004 жыйнагы. – Б.,2005
3. Үсөналиев С. Кыргыз тилинин справочниги. Бишкек: “Турар”, 2010

Интернет ресурстар:
1. http://www. bizdin.kg
2. www.okuma.kg

9

media

Сөз тутуму жөнүндө жалпы маалымат

Сөз - тилдин эң негизги материалдык бирдиги. Сөздө анын ички табиятын мүнөздөгөн маани-мазмуну жана сырткы турпатын мүнөздөгөн тыбыштык түзүлүшү болуп, бири-биринен ажырагыс эки тарабы бар. Сөздөрдүн сырткы турпатын анын тыбыштык түзүлүшү, муун түзүлүшү жана морфемалык түзүлүшү аныктайт. Сөздүн тыбыштык түзүлүшүн - фонетикада, сөздүн маанилик түзүлүшүн - лексикологияда үйрөндүк. Ал эми сөздүн морфемалык түзүлүшү - морфологияда окутулат.

Кыргыз тилиндеги сөздөр ар бири өз алдынча мааниге жана кызматка ээ болгон мүчөлөрдөн турат. Сөздүн тутумундагы мына ушул мүчөлөр анын морфологиялык жактан түзүлүшүн шарттайт.

Жалпы лингвистикада сөз мүчөлөрүн морфемалар деп аташат. Морфема сөздүн андан ары тутумдарга (мүчөлөргө) бөлүнбөй турган эң кичинекей морфологиялык бирдиги болуп эсептелет. Мисалы: «Кыздуу үйдө кыл жатпайт» деген макалдагы ар бир сөз төмөнкүдөй морфемалардан (мүчөлөрдөн) турат: кыз-дуу (2 морфема), үй-дө (2 морфема), кыл (1 морфема), жат-па-й-т (4 морфема).

Кээ бир сөздөр морфемаларга ажырабайт, б.а. тутумунда бир эле морфема болот: ой, сан, тоо, жылкы, кайт, ут, ме, ээ, суу, алты, тарых ж.б.

Кээ бир сөздөр болсо, тарыхый өсүп-өнүгүшү, б.а., келип чыгышы изилденип, белгилүү болгондо гана морфемаланат. Мисалы: сүйлө деген сөз эки морфемадан турат. Биринчиси - сөз, экинчиси -ла (салыштыр:өзбекче сузла).

Ал эми көпчүлүк сөздөр кыргыз тилинде оңой эле морфемаларга ажырайт. Мисалы: ук-та, жаа-н-да, китеп-кана-чы-лар, бас-тыр-ма ж.б.

10

media

Морфема жана анын түрлөрү

Кыргыз тилинде маани-мазмундук белгилери боюнча өз ара жалпылыкты түзүп турган морфеманын үч түрү бар. Алар: уңгу, куранды, уланды.

Уңгу - сөздүн эң негизги морфемасы, лексикалык маани берип, андан ары ажырабай турган бөлүгү. Ал лексикалык маани менен кошо грамматикалык маанини да туюндурат. Уңгу туюндурган грамматикалык маанилер көбүнчө жалпы категориялык маани болуп, сөздүн лексикалык маанисине жакын келет. Ошондуктан уңгуну семантикалык морфема деп да аташат.

Кыргыз тилиндеги уңгу өз алдынча сөз болуп да кызмат кыла алат. Мисалы: адеп, адеп-түү, адеп-сиз; эмгек, эмгек-чил, эмгек-тер-ге ж.б.

Кыргыз тилиндеги уңгулар маанисине карай эркин уңгу жана байланышма уңгу деп эки топко бөлүнөт.

Эркин уңгу - кошумча морфеманын жардамысыз эле, өз алдынча сөз катары колдонула берет. Мындай уңгулар куранды же уландылар уланган түрдө да, уланбаган түрдө да кезиге берет: алтын, акыл-дуу-лар, кагаз-га, мурас-кор, кант, күлкү-лүү ж.б.

Байланышма уңгу - кепте кошумча морфеманын жалганып турушу аркылуу гана колдонулуучу уңгу: мык-чы, мыкы-й, тегере-к, тоголо-к ж.б. Байланышма уңгулар кыргыз тилинде абдан аз.

11

media

Уңгу жана негиз.

Сөздүн уланды мүчөсүн алып салгандан калган бөлүгү сөздүн негизи деп аталат. Сөздүн негизи туруктуу болбойт, анын негиз экендиги конкреттүү сүйлөмдө же текстте гана белгилүү болот. Кыргыз тилиндеги сөздүн негизи уланды мүчөлөрдү гана эмес, куранды мүчөлөрдү да кабыл алууга жөндөмдүү келет. Мисалы: Акылдуунун сөзү кыска, айта салса нуска. Мында акылдуунун деген сөздүн негизи акылдуу (-нын-уланды мүчө). Рыскул карынын өзгөчө сапаты катары анын акылмандыгын айтар элем. (Сөздүн негизи-акылмандык, уңгусу-эки мисалда тең акыл болот).

Кыргыз тилиндеги сөздүн негизи түзүлүшү боюнча тубаса негиз жана туунду негиз деп экиге бөлүнөт.

Лексикалык мааниси жана түзүлүшү боюнча андан ары тутумдарга ажыратылбаган негиз тубаса негиз деп аталат. Мисалы: кыз, комуз, айт, тур, беш, кызыл, жылдыз, узун, кыска ж.б.

Тутумунда куранды мүчөсү бар, башкача айтканда, куранды мүчө аркылуу жасалган негиз туунду негиз деп аталат. Мисалы: комузчу (-чы куранды), айтыш (-ыш куранды), билимдүү (-луу куранды) ж.б.

Тубаса негиз сөздүн уңгусуна дал келет. Ал эми туунду негиз сөздүн уңгусуна дал келбейт. Мисалы: Билимдүүнүн билими кишиге жугат. Мындагы 1-2-сөздүн негизи туунду негиздер - билимдүү жана билим, ал эми уңгулары бил деген сөз. 3-4-сөздөрдүн негизи тубаса негиздер – киши жана жук, алар уңгу менен дал келет.

Морфологиялык жол менен жасалышы сөздөрдүн негизинен башталат, себеби ар кандай куранды мүчөлөр негизге жалганат. Андан соң уланды мүчөлөр уланат.

12

media

Курандылар жана уландылар

Курандылар сөздүн тыбыштык турпатын гана эмес, лексикалык маанисин да өзгөртөт. Жаңы лексикалык маани, жаңы сөз жаратат, б.а. курандылар сөз жасай турган касиетке ээ. Кыргыз тилинде курандылар абдан көп. Алар зат атоочтун курандылары, сын атоочтун курандылары, этиштин курандылары жана тактоочтун курандылары болуп бөлүнөт:

Зат атоочтун курандылары: -кана, -лаш, -лык, -чы, -чылык, -кер, -кеч, -кор, -поз, -стан, -тай, -ча, -чык, -стан ж.б.

Сын атоочтун курандылары: -луу, -сыз, -дай, -лык, -лащ, -чыл, -чан, -кер, -кор, -поз, -көй, -дар, -дак ж.б.

Этиштин курандылары: -а, -ай, -ла, -ар, -ла, -лан, -лаш, -сыра, -ык, -ал, -ар, -сы, -сын, -гансы, -гыла, -лык ж.б.

Тактоочтун курандылары: -ча, -лап, -чылап, -лай, -чалык, -сын, -лата, -ата, -та ж.б.

Сөз жасоо кызматынын мүнөзүнө жараша куранды мүчөлөр өнүмдүү курандылар, аз өнүмдүү курандылар жана өнүмсүз курандылар болуп ажырайт.

13

media

Курандылар жана уландылар

Өнүмдүү курандылар ар кандай сөздөрдөн сөз жасоого жөндөмдүү болуп, абдан көп сөздөрдү жасай берет. Зат атоочтун –чы курандысы: сүрөтчү, кызматчы, жумушчу, койчу, жолчу, катчы, уйкучу ж.б. Этиштин –ла курандысы: ойло, ыйла, бийле, бойло, жайла, суула ж.б.

Аз өнүмдүү курандылар саналуу гана сөздөрдү жасайт. Мисалы: -мер: ишмер, сөзмөр; -дар: кабардар, карыздар, кусадар, жарадар ж.б. –анак: сүзөнөк, кабанак, тебенек ж.б.

Өнүмсүз курандылар тилдин азыркы жашап турган этабында сөз жасабайт, жасаса да бирин-экин гана сөздү жасайт. Буларды сөздүн тутумунан ажыратуу бир топ кыйын, көбүнчө тарыхый жактан аныкталып мүчөлөнөт. Мисалы: -кел, -дач, -тык, -шык деген курандылар: эткел, кырдач, жантык, кыйшык деген сөздөрдү гана жасайт.

14

media

Курандылар жана уландылар

Уландылар сөздүн лексикалык маанисин өзгөртпөйт. Алар сөзгө жалганып, анын грамматикалык маанисин өзгөртүп, сөздүн ар түрдүү формаларын жасайт.

М: ата+ым=атам, ата+ыбыз=атабыз,ата+нын=атанын ж.б.

Кыргыз тилиндеги уландыларга жөндөмө мүчөлөрү, таандыктын мүчөлөрү, көптүк сан мүчөсү, жак мүчөлөрү, чак мүчөлөрү, мамиле мүчөлөрү, ыңгай мүчөлөрү, терс маани мүчөсү, суроо маани мүчөсү кирет. Булардын ар бири жалганган сөзгө тиешелүү грамматикалык маанилерди гана өзгөртүп, лексикалык мааниге таасир тийгизбейт.

Кыргыз тилинде сөздүн тутумундагы мүчөлөр белгилүү орун тартип менен келет. Анткени түрк тилдерине мүнөздүү болгон агглютинация кубулушу боюнча уңгудан же негизден кийин маанилик тартип менен сөз мүчөлөрү биринин артынан бири жалганып келе берет. Демек, дайыма биринчи орунда уңгу, андан соң куранды, уландылар жалганып кетет.

15

media

Кайталоо же бекемдөө үчүн суроолор жана тапшырмалар:

1. Морфема жана анын түрлөрү боюнча кластер түзгүлө.
2. Уңгу жана негиз деген түшүнүктөрүн Венндин диаграммасы менен окшош жана айырмачылыктарын мүнөздөп бергиле.
3. Курандылар жана уландыларга кластер түзүп, Венндин диаграммасы менен окшош жана айырмачылыктарын мүнөздөп бергиле.
4. Уңгу, негиз, куранды жана уланды деген атамаларга синквейн түзгүлө.

media

Лекциянын темасы:

Сөздүн тутуму

Show answer

Auto Play

Slide 1 / 15

SLIDE