Search Header Logo
Тыныш белгилер

Тыныш белгилер

Assessment

Presentation

English

KG

Practice Problem

Hard

Created by

Санжар уулу

Used 3+ times

FREE Resource

38 Slides • 0 Questions

1

Тыныш белгилер

2

Бүткөн ойду билдирген сүйлөмдөрдүн аягына же чекит, же суроо, же илеп белгиси коюлат. Бул белгилердин ар бири эки түрдүү милдетти аткарат: биринчиден, сүйлөмдө айтылган ойдун аяктаганын билдирет; экинчиден, ал сүйлөм кандай максатта, кандай мааниде айтылгандыгын (жайынча айтылгандыгын, же суроо маанисинде экендигин, же болбосо эмоция менен (ар түрдүү ички сезим менен айтылганын) көрсөтөт.

Сүйлөм аягына коюлуучу тыныш белгилери

3

​Чекит

Чекит жазылып жаткан кандайдыр бир ой толук аяктагандан кийин коюлат да, ал сүйлөмдү өзүнөн кийинки экинчи сүйлөмдөн бөлүп турат. Чекит — жазуу сөзүндө сүйлөмдүн толук бүткөндүгүн билдирүүчү сырткы белги. Чекит дайыма жай сүйлөмдүн аягына коюлат.

а) Бороон басылды. (К.Б.) Жапар кубанды. (К.Б.) Сен кечикпе. (А.Т.) Чал кайгырат, жанталашат. (К.О.)

4

​Суроо белгиси

​Суроо белгиси да бир эле мезгилде эки түрдүү милдетти аткарат: сүйлөм аягына коюлуп, аны экинчи сүйлөмдөн ажыратып бөлүп турат, ал сүйлөмдүн маа ни жактан аяктагандыгын билдирет; экинчи жагынан, анда суроо мааниси бар экендигин көрсөтөт. Суроо белгиси экинчи бирөөдөн жооп алуу максатында суроо маанисинде айтылган сүйлөмдөрдүн аягына коюлат.

​1. Суроо белгиси баяндоочтун аягына -бы суроо уландысынын жалганып айтылышы менен уюшулган суроолуу сүйлөмдөрдүн аягына коюлат:
− Мойнуңдагы милдетти унуттуңбу? (Ч.А.)

2. Тутумуна сурама атоочтун катышуусу менен уюшулган суроолуу сүйлөмдөрдүн аягына коюлат: — Эмне кабагыңды бүркөйсүң?

5

− Ар бирине үч жуптан даярдап берсем жетпейби ыя? (Ч.А.)

Бах! Кандай эркиндик! (Т.С.)

− Бали! − Рахмат!

6

Ремаркалык сүйлөмдөрдүн (автордун толуктоочу сөзүнүн) түзүлүшү ар турдүү: алар атама сүйлөм, этиштик сөз айкашы, чакчыл түрмөк жана эки тутумдуу сүйлөмдөрдөн болушу мүмкүн. Ремарка дайыма кашаанын ичине алынып жазылат.

​Ремаркалык сүйлөм

Бекмырза (кайра чыгып). Эмне кыйкырасың? Бирдеме болдубу? Сапарбай (кубана). Жок! Акчаңды албай чыкпа, мен ушул жерде күтүп турам.

7

​ Эгер элдин колуна тийсек, алар бизди кескилеп өлтүрөт. (Үнүн көтөрө.) Муну мен беш-алты күндөн бери түшүнө баштадым. (К.Ж.)

8

​Көп чекит

Көп чекит сүйлөмдүн кандайдыр бир себептер менен үзүлүп же токтолуп айтылган жерине коюлат. Үзүлүп айтылуу сүйлөм мүчөлөрүнүн арасында, сүйлөм аягында, кээде сөз ортосунда да учурашы мүмкүн.

9

− Ал эмнең, жеңе, кызың бул эле жерде, жакын го, андан көрө өмүрүн тилеп... деп Жийдегүл бирдеме айтайын дегенде, Зейне апа аны: − Сен сүйлөбө! — деп жекирди да, анан кайра күчөдү. (Ч.А.)




«Эртең күндүз эле жуурмун, жумушуң болсо... »— деп айтып келе жатканымда, Алиман сөздүн алдын ала: «Эртең колхоздон кол бошобойт, эне, жууп алгын, чачыңызды тарап берейин», — деди. (Ч.А.)

10

Мисалы: Ал менин күн да, түн да эсимде, көз алдымда. Оюмдан ал чыкпайт. Бирок... Жапар кабагын чытыды да, эмнегедир сөзүн улантпай, унчукпай калды. (К.Б.)

— Жалгызым... кызым... сен кантесиң?.. Келчи мага!.. Окко учту... Айткул ай!.. Кайдасың?.. (К.Б.)

11

​Үтүр

Үтүр белгиси сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүнүн арасына коюлат. Бир өңчөй мүчөлөр өз ара а) байламтасыз, санак интонация аркылуу байланышат; б) байламталардын жардамы менен байланышат. Бир өңчөй мүчөлөрдүн арасына коюлуучу тыныш белгилеринин милдети алардын чегин бири-биринен ажыратып туруу болуп эсептелет.

12

​1) Сабитахун Ажардын сулуу, сүйкүмдүү, ак жуумал өңүн көрдү.

​2) Айшанын жагымдуу жакшы сөзүнө Жапар ыраазы болуп калды.

​3) Ал бийик такалуу кара туфлийди кийип койгондо, дегеле таанылбай калыптыр.

​4) Айтикенин эрки да, өмүрү да, бактысы да баланын колунда сыяктуу эле.

​5) Биздин ушул мамилебиз жаңырбайт да, эскирбейт.

​6) Жүз градус суукка мышык менен каз гана чыдай алат экен

​7) Өзүбүз ары тууган, ары ата-баладай болуп калдык эле

13

​1) Тамак желди, дасторкон жыйналды, колдор жуулду.

​Татаал сүйлөмдөрдөгү үтүрдүн коюлушу.

​2) Бурганак сапырып, паровоз өтө чыкты да, поезд токтоду

​Байланыштыргыч байламталар: да, дагы, жана, ары;

​Каршылагыч байламталар: а, ал эми, бирок, анткени менен, антсе да, ошондо да, ошентсе да, ошондой болсо да, болбосо;

​Божомолдогуч байламталар: же, же болбосо.

14

Кырмандагы сарайга жатайын деп келсем, Данияр дагы ушул жерде экен.

а) Нурбектин муундары калчылдап, денесинен тер кетти.

в) Алар көчөгө чыкканда, Бекиш ары жактан шашып келаткан.

б) Дан эгиндерин убагында сугарып турса, түшүмү да мол болот

г) Малчылар Чүйгө көчүп кетишкендиктен, жайлоонун чөбү кайра кулпура баштады.

15

Биз, пахтачылар, пахтадан мол түшүм алуу үчүн кызуу эмгектенип жатабыз.

Айылдагы жигиттер, көбүнчө фронттон кайтып келгендер, Жамийлага тийишип жүргөндөрүн алда нече байкагам

​Башкалар мындай турушсун, Шарше кээде Ысакты да тоотпой, каяша сүйлөп күжүлдөй берет.

Турсун, тургай, турмак, түгүл, гана эмес, бирге, катар, кошпогондо, эсептебегенде, карабастан ж.б.

16

  • Айшанын сөзүнө уюп, Жамила Чоңмурундан бир аз алыстайын деди.

  • Эки-уч кара карга, жүндөрүн үрпөйтүп, айылдан окчун отурат.

  • — Сен адам эмессиң! — деди Байтерек, камчысын Айтууга кесеп.

Үтүр чакчыл түрмөктөрдө коюлат

17

Үтүр чакчылдан башка сөздөрдүн айкашынан уюшулуп, обочолонуп айтылган сөз тизмектеринде коюлат

​Мисалы: — Суу, бир гана ууртам суу! — дейт ал, өлүп бара жаткан кишидей (тутумдаш сыпат бышыктооч)

— Биз бат эле келебиз! — деп кыйкырды Асия, люлканын ичинен (тутумдаш орун бышыктооч).

Фашисттик самолёт күйүп жатат, — деди Жапар, жанындагы жолдошу Миколага (тутумдаш толуктооч).

18

  • — Ушакчылыкты сага ким үйрөттү? — деди Шумкар, ачуулуу.

  • Жолдоштор, буларды алып барып, адилет сотко тапшыргыла!

  • Жолдош жоокерлер, сержанттар, офицерлер!

  • Зулай! Канчайым! Кыдык карыя! Тез жөнөгүлө!

  • − Кой эми, Алтынай, жол тарталы, — деди бир убакта Дүйшөн.

19

Үтүр киринди сөздөрдө коюлат

Киринди сөздөр сүйлөөчүнүн айтылып жаткан ойго карата болгон ар кандай мамилесин (болжолдоо, ырастоо, ишенимдүүлүк, күмөндүүлүк, ыраазы болуу, бирөөнүн пикирине таянуу ж.б.) билдирет.

  1. Балким, ал бизге жамандык кылбас.

  2. Айганыштын турмушу эң жаман, мындайча айтканда, итке эле берсин дээрлик.

  3. Билинбей жүргөн башка ууру ит бар болсо керек, кыясы.

20

— Ооба, Какем оюн ачык айтсын!
— Кана, Каныбек, менин чоорум менен тартып көрчү
— Кана атамдын каты?

— Мейли, эмне десе ошо десин.


Эскертүү: а) Эгерде «мейли» модаль сөзүнөн кийин тыным болбой, өзүнөн кийинки сөз менен бирге айтылып, аны менен бир бүтүндүктү түзүп турса, «мейли» ден кийин үтүр коюлбайт.
Мисалы: Мейли жаз болсун, мейли кыш болсун — ал дайыма өзүнө бекитилип берилген мал менен алек

21

​Жок, бул иш сенин колуңдан келбейт.
— Толгонай, сенин аңда эч кандай күнөөң жок.









гана, ээ, го, гой, ыя, ме, да, как, так, өтө, эң, эч
— Ыя, болуштар бекен?!

Үтүр айрым бөлүкчөлөрдө коюлат

22

Үтүр обочолонуп айтылган кээ бир бүтүн сөздөрдө коюлат

1) Мына, мынакей, ана, тигине деген шилтеме ат атоочтор кээде сүйлөм ичинде башка сөздөр менен тикеден-тике байланышпай, алардан обочолонуп айтылып, сүйлөмдүн маанисине жалпы эле «көрсөтүү», «шилтөө» маанисин кошумчалап турат.

Кой, эмнеси болсо да баралы.

Мына, түштүк жакта дүмүрөйүп тоо жатат.

— Эмне, биз барсак болбойт бекен?!

23

Үтүрлүү чекит
Үтүрлүү чекит, негизинен, бир мезгилде болгон, же биринин артынан экинчиси удаалаш болгон иш-аракет, окуя жөнүндө кабар берген байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн арасына коюлат.

Мисалы: Айтор, ортолорундагы нур жүздүү алп жигиттин узун кара чачтары шамал урган сайын эпкиндеп сапырылат; кичинекей оттуу көздөрү терең карайт; өзү сабырдуу жана токтоо.

24

2) Татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр курамы жагынан жайылыңкы келип, алардын өз ичинде коюлган үтүр белгилери болсо, ал үтүрлөр аркылуу бөлүнүп турган синтаксистик бирдиктер менен татаал сүйлөмдүн компоненттери катары келген жөнөкөй сүйлөмдөрдү бири-бири менен чаташтырбоо үчүн, ар бир жөнөкөй сүйлөмдүн чеги үтүрлүү чекит менен ажыратылат.

​Мисалы: Чүкөбай Зууранын кайратына, акыл - эсине ишенди; орундуу ишин көрүп, олуттуу сөзүн угуп, ошондой болууга тырышты; мурунку шашкалак - күйкөлөгү калды.

25

3) Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн ар бир компоненти же бирөө татаал сүйлөмдөрдөн болсо, ал компоненттеринин тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн арасына үтүр коюлат да, татаал сүйлөмдүн компоненттери катары келген ар бир татаал сүйлөмдүн (же татаал сүйлөм менен жөнөкөй сүйлөмдүн) чеги үтүрлүү чекит менен ажыратылат.

Мисалы: Ак падыша тагынан кулап, анын оң көз, оң колу болгон улуктары, чиновниктери жоюлду; генералдары погондорун тытып, армиясы чилдей тарады.

26

​​​4) Цифра же тамга менен номерленип, саналып айтылган пункттар толук маанилүү сүйлөмдөрдөн болбосо, бирок түзүлүшү жактан жайылыңкы келсе (өзгөчө өз ичинде коюлган Үтур белгиси болсо), алардын аягына үтүрлүү чекит коюлат

1) жер казынасынын бөлүндү жерлерин геологиялык жана өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн участокторго бөлүп берүү; 2) жергиликтүү кеңештер менен биргелешип, минералдык — сырьёлук базаны кеңири өндүрүүнүн, өнүктүрүүнүн жана пайдалануунун аймактык программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

27

— Карагылачы, мектебиңердин тайда тамтыгы жок: терезе, эшиктери, парталары сынган;
астындагы тактайларынын арасы ажырап, майышып араң турат.

​Эмне үчүн үтүрлүү чекит коюлду?

Күлүк таптап чапкан саяпкерлерди; кыраан таптап салган мүнүшкерлерди; тайган агытып, аскадан аркар аткан мергенчилерди; алтын, күмүштү дүкөнүндө иштеткен зергерлерди; деле толгон өнөрлүү, шыктуу, кунттуу кишилерди Чыныбек өзүнө коңшу кондурат.

28

Кош чекит

Биздин урааныбыз булар: тынчтык, бир туугандык, достук.

Биздин талаада айдала турган өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү, мисалы: таруу, жүгөрү, буурчак, күн карама, зыгыр жана толуп жаткан ушул сыяктуулар бир жылдык өсүмдүктөр болуп эсептелет.

Аймагы аркылуу автомобиль жолдору өткөн жер ээлери жана жерди пайдалануучулар буларга милдеттүү: а) көпчүлүк пайдалануучу автомобиль жолдоруна кирүүчү жана андан чыгуучу жолчолорду техникалык жактан оң абалда кармоого;

29

Мен бирпас тук этип алып, сарайга жөнөйм:
уйларга жем-чөп сала турган маал жакындап калды.

Көрсөң эсиң чыгат: эриндери кан жарылып, жаактары шимилип, сакал-мурут жыш басып өсүп кеткен.

Зарылдын үй-ичи төрт-беш киши эле: энеси Айымжан, атасы Табылды, анын келинчеги Бурма жана Зарыл.

Катар тартып кыштактан бери чыккан балдарды көрүп:» Келе жатышкан экен, садагалар», — деп, Жапар кубанды.

30

Сызыкча
Сызыкчанын милдети сүйлөмдүн ички бөлүнүшүн көрсөтүү жана сүйлөмдүн кийинки бөлүгүн алдыңкы бөлүгүнөн бир аз арылатып туруу болуп эсептелет.

1. Жалпылагыч сөз (жалпылагыч мүчө) бир өңчөй мүчөлөрдөн кийин келгенде.
Атам да, апам да, чоң ата да — баары тең талаада иштешчү.

​2. Сызыкча ээ менен баяндоочтун ортосуна коюлат.
Эмне үчүн бул жерге үтүр коюлган жок?
Институттун студенттеринин көбү айылдан.

Эл мугалими — жаштардын ишенимдүү тарбиячысы.

31

Алтын билим, өнөрдүн
Сүтүн берген -мугалим.
Аябастан эмгекке Күчүн берген -мугалим.

Талантты да, акылды да берген — калк.

​3) Ээнин милдетин «деген» сөзүнүн кошулуп айтылышы менен уюшулуп айтылган сөз айкашы аткарып, баяндоочу атооч жөндөмөдөгү зат атоочтон болсо да, андай түзүлүштөгү ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкча коюлат:
Ударниктер дегенибиз — жумушчу табынын алдыңкы катардагы кишилери.

32

​Өлгөндүн жазасы - көмгөн. (макал)

Жаш жигиттин уялганы - өлгөнү, жаш чыбыктын ийилгени - сынганы. (макал)

​Мисалы: Менин жазыгым — зарлап бараткан Айнага кол бергеним.
Шамбеттин милдети — колхоздун өзүнө электр станциясын куруу.
Жергебизди жашылдандыруу — бүткүл элдик иш.

33

​Кемел алып келген гүл — кызылы.

Беш жерде беш - жыйырма беш.

Эскертүү: Эгерде сүйлөмдүн ээси зат атоочтон болуп, эсептик сан атоочтон болгон баяндоочу анын конкреттүү санын көрсөтүп турса, ээ менен баяндооч өз ара тыгыз байланышта айтылат да, араларында тыным болбойт.

Фермердин кою беш жүз.

34

Азыркы кездеги аттардын тулпары — ушул.

​11) Сүйлөмдүн ээси бир нече сөздүн айкашынан түзүлгөн тутумдаш ээ болсо, анын мазмунун бүтүндөй бир сүйлөм чечмелеп туюндуруп турса да, ал тутумдаш ээден кийин сызыкча коюлат.
Мисалы: Болгон жаңылык — Зейнеп кыз төрөдү.



12) Бала — баланын иши чала. Бөлөм — бөлөм үчүн өлөм.


Уркуя ушакка жакын аял эле.

35


а) Биз силерге -жумушчуларга, атактуу малчыларга, айыл чарба адистерине, кайрылып жатабыз. («СК».)

б) Атактуу окумуштууларга, инженерлерге, техниктерге — космос кораблин түзгөндөргө, урмат жана даңк!

Биз, дыйкандар - дан, сүт, эт камдасак, жумушчулар биз үчүн кездеме, соко, темир тырмоо, араба, ар түрдүү шаймандарды камдайт.

36

3) Айрым учурларда бир сөздөн же сөздөрдүн тизмегинен турган обочолонгон түшүндүрмө мүчөнү өзгөчө белгилеп, логикалык басым менен дааналап көрсөтүү максатында анын алдына сызыкча, кийин үтүр, же болбосо эки жагына тең сызыкча коюуга болот:

Элибиздин даңктуу майрамын — Конституция күнүн, эмгектеги зор ийгиликтер менен тосуп алалык!
Чынгыз Айтматовдун — Кыргыз Республикасынын эл жазуучусунун — чыгармалары дүйнө жүзүндөгү көптөгөн тилдерге которулду.

37

​ Сызыкча баяндоочу кыскартылган сүйлөмдөрдө коюлат

Бирдики — миңге, миңдики — түмөнгө.

Сызыкча суроо жооп (диалог) иретинде айтылган сүйлөмдөрдө коюлат.
—Амансыңбы, жолдош Яровой? —Аманчылык. Иш кандай?

38

Сызыкча байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдө коюлат

​Мисалы: Үйдө баатыр — жоодо жок.
Асманды кара булут каптады — күн жаайт экен.
Ушул жылы жаштар катарына мүчө болуп өткөнү жүрөт — жашы он алтыда.

Тыныш белгилер

Show answer

Auto Play

Slide 1 / 38

SLIDE