wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

гинекология 3 курс

Total questions: 100

Worksheet time: 2hrs 40mins

Name
Class
Date
1.
Сырткы жыныс органдарынын бертинүүсүндөгү клиникалык белгилер?
a)
Кан агуу, оору
b)
Кычышуу, ачышуу
c)
Кусуу, чыйрыгуу
d)
Баш оору
2.
АЖМнын шишик сымал оорулары бул . . .
a)
Ичинде суюктугу бар жабык көңдөй
b)
Ткандын патологиялык өсүүсү
c)
Булчуң тканынын оорусу
d)
Көңдөйдөгү ирңдөө
3.
Жатындын миомасы – бул . . .
a)
Жатындын өспөй калышы
b)
Жатындын моюнчасынын жабыркашы
c)
Жатындын түтүкчөлөрүнүн жабыркашы
d)
Булчуң тканынан өсүп чыккан залалсыз шишик
4.
Жатындын моюнчасынын залалдуу шишигине алып келүүчү ооруларга кайсылар кирет?
a)
Эндометрит
b)
Крауроз
c)
Лейкоплакия
d)
Эктопия
5.
Жатындын миомасынын бөлүнүштөрүнө кирбейт?
a)
Субсероздук түйүн
b)
Субмукоздук түйүн
c)
Карциноматоздук
d)
Интерстициалдык түйүн
6.
Миоманы аныктоо үчүн кандай изилдөөлөр жүргүзүлөт?
a)
Ультраүн изилдөө
b)
Кольпоскопия
c)
Пертубация
d)
Гидротубация
7.
Жумуртка безинин залалдуу шишигинин кабылдоолоруна кирбейт?
a)
Шишиктин буралып калышы
b)
Капсуласынын жарылышы
c)
Ириңдөөсү
d)
Асцит
8.
Хориокарцинома көбүнчө эмнеден кийин пайда болот?
a)
Аборттон кийин
b)
Күмөндүн көбүкчөгө айланып кетиши
c)
Нормалдуу төрөттөн кийин
d)
Мөөнөтүнөн эрте болгон төрөттөн кийин
9.
Вульванын залалдуу шишиги кайсыл жерге жайгашат?
a)
Жумурткалык
b)
Жыныс эриндери
c)
Жатындын моюнчасы
d)
Жатын түтүкчөлөрү
10.
Жатындын моюнчасынын залалдуу шишиги өсүшү боюнча бөлүнүшүнө кирбейт:
a)
Экзофиттик
b)
Эндофиттик
c)
Аралаш
d)
Интерстициалдык
11.
Жатындын түтүкчөлөрүнүн залалдуу шишигинин мүнөздүү белгилери:
a)
Ацикликалык кан агуулар
b)
Ичтин ылдый жагыгын сайгылашып оорушу
c)
Жүрөк айлануу
d)
Дене таптын ысышы
12.
Жатындын моюнчасынын залалдуу шишигинин мүнөздүү белгиси:
a)
Жыныс мүчөлөрүнөн ириңдүү агуулардын келиши
b)
Тийүүдөгү (контактные) кан агулардын келиши
c)
Цикликалык кан кетүүлөр (циклические кровотечения)
d)
Кычышуу, ачышуу
13.
Жумуртка безинин залалдуу шишигин комплекстүү дарылоодо колдонулуучу алдыңкы ыкма болгон бул:
a)
Химиотерапия жана оперативдик дарылоо
b)
Оперативдик дарылоо + рентгенотерапия
c)
Гормонотерапия + оперативдик дарылоо
d)
Химиялык + гормонотерапия
14.
Жатындын саркомасы кандай шишик?
a)
Бул залалсыз булчуң ткандарынан чыккан шишик
b)
Бул залалдуу тутумдаштыргыч ткандардан чыккан шишик
c)
Ар кандай түзүлүштөгү шишиктер
d)
Нерв ткандарынын шишиги
15.
Төмөндөгүлөрдүн кайсылары жергиликтүү дарылоого кирбейт?
a)
Кындын ваннасы
b)
Спринцевание
c)
Тыгындар
d)
Медикаментоздук дарылоо
16.
Гинекологияда консервативдик дарылоого төмөндөгүлөрдөн кайсылар кирбейт?
a)
Жатындын ампутациясы
b)
Дарылоо гимнастикасы
c)
Антибиотикотерапия
d)
Гормонотерапия
17.
Физиотерпиядагы ыкмаларга кайсы кирбейт?
a)
Гидротерапия
b)
Гормонотерапия
c)
Электр тогу менен дарылоо
d)
Бальнеотерапия
18.
Жумуртка безинин залалдуу шишигин аныктоодо кайсы изилдөөлөр колдонулат?
a)
Күзгү менен изилдөө
b)
Ультра үн менен изилдөө
c)
Ректороманоскопия
d)
Краниография
19.
Аялдардын кайсы жыныс органынын шишиги эң көп кездешет?
a)
Кындын шишиги
b)
Вульванын шишиги
c)
Жатындын шишиги
d)
Жатындын моюнчасынын шишиги
20.
Жатындын миометрийиниин тутумдаштыргыч тканынан же булчуң жипчелеринен пайда болгон жана тез метастаз берүүсү менен өзгөчөлөнгөн шишик эмне деп аталат?
a)
Жатындын денечесинин липомасы
b)
Жатындын денечесинин саркомасы
c)
Жатындын денечесинин тератомасы
d)
Жатындын денечесинин ангиомасы
21.
Жатындын миомасы эмнеге айланышы мүмкүн?
a)
Саркома
b)
Карцинома
c)
Тератома
d)
Липома
22.
Кандай аялдарда жумуртка безинин шишиги пайда болуу кооптулугу бар?
a)
Заласыз жумурткалыктын шишиги бар аялдар
b)
Контрацептивдерди узакка колдонгон аялдар
c)
Рентгентерапия алган аялдар
d)
Сезгенүү оорулары менен аялдар
23.
Пубертаттык мезгил бул
a)
Ымыркай кезден мектеп жашка чейинки мезгил
b)
8 жаштан 11 жашка чейинки мезгил
c)
Экинчи даражадагы жыныс белгилер пайда боло баштаган убак
d)
Жыныстык жактан жетилгенден баштап климакска чейинки мезгил
24.
Жыныстык жактан жетилүү убагындагы дисфункционалдык кан агууларын эмне деп атайбыз?
a)
Ановулятордук кан агуу
b)
Ювенилдик кан агуу
c)
Альгодисменорея
d)
Аменорея
25.
Кыздын эрте жетилүү паталогиясынын себептери кайсылар болушу мүмкүн?
a)
Баш мээнин шишиктери
b)
Жумуртка безинин фолликулярдык кистасы
c)
Жумурткалыктын шишиктери
d)
Шихан синдрому
26.
Жыныстык жактан жетилүү курагындагы кыздардын айыз циклинин бузулушуна кайсылар кирет?
a)
Аменорея
b)
Гиперменструалдык синдром
c)
Гипоменструалдык синдром
d)
Альгодисменорея
27.
Кыздардын гинекологиялык изилдөөсү аялдардын гинекологиялык изилдөөсүнөн эмнеси менен айырмаланат?
a)
Айырмаланбайт
b)
Күзгү менен изилдөө
c)
Ректоабдоминалдык изилдөө жүргүзүлөт
d)
Кын аркылуу изилдөө
28.
Инфантилизмдин клиникалык белгилери:
a)
Экинчи жыныс белгилеринин өспөй калышы
b)
Айыздык кан келүүнүн көп келиши
c)
Айыздык кан келүүнүн сейрек болушу
d)
Экинчи жыныс белгилеринин эрте өсүшү
29.
Кыздардын гинекологиялык ооруларынын ичинен жыныс органдарынын сезгенүү оорулары канчанчы оорунда турат?
a)
I
b)
II
c)
III
d)
IV
30.
9 жашка чейинки кыздарда вульвовагинит оорусунун көп кездешкени эмнеге байланыштуу?
a)
Вульвасы борпоң жана тез жабырлануучу болгондуктан
b)
Бала куракта көп секирип ойногондуктан
c)
Экинчи жыныс белгилери пайда боло электигинен
d)
Гормоналдык жетишсиздиктен
31.
Миоманы аныктоо үчүн кандай изилдөөлөр жүргүзүлөт?
a)
Консервативдүү
b)
Оперативдүү
c)
Физиодарылоо
d)
Гормоналдык дарылоо
32.
Жатындын бертинүүлөрүнүн себептерине кирбейт?
a)
Зондоо
b)
Абортто
c)
Патологиялык төрөттөр
d)
Кольпоскопия
33.
Кынды жууп тазалоо (спринцевание) кайсы ооруларда колдонулат?
a)
Кындын өнөкөт сезгенүүсүндө
b)
Жатындан кан кетүүдө
c)
Кош бойлуулукта
d)
Жатын моюнчасынын курч сезгенүүсүндө
34.
Кынды сугаруу (орошение) кынды жууп тазалоодон (спринцевание) эмне менен айырмаланат?
a)
Колдонуудагы суюктуктун өлчөмү менен
b)
Аталышы менен
c)
Айырмаланбайт деле
d)
Жасала турган убактысы менен
35.
Тампондор канча убакытка чейин коюлат?
a)
1-2 саатка
b)
8-12 саатка
c)
3-4 күнгө
d)
15-20 мүнөткө
36.
Упа түрүндөгү дарылоолор (присыпка) эмнелердин жардамы кереги жок?
a)
Кын күзгүсү
b)
Жатын зонду
c)
Порошок
d)
Резина грушасы
37.
Нур менен дарылоо кайсы ооруларда колдонулат?
a)
Залалсыз шишиктерде
b)
Залалдуу шишиктерде
c)
Кан кетүүлөрдө
d)
Эндометритте
38.
Пелоидсымал заттар кандай таасир берет?
a)
Ооруксуздандыруучу, сезгенүүгө каршы
b)
Заара бөлүп чыгаруучу (мочегонный)
c)
Антисептикалык
d)
Аллергияга каршы
39.
Гинекологияда вакцинотерапияны кайсы ооруда колдонот?
a)
Жыныс органдарынын кургак учугунда
b)
Эндоцервицитте
c)
Жыныс органдарынын гонореясында
d)
Хламидиоздо
40.
Кандай учурларда гормоналдык дары каражаттарын колдонууга болбойт?
a)
Аменорея
b)
Инфантилизм
c)
Посткастрациялык синдром
d)
Эмчек бездеринин шишиктеринде
41.
Кайсы дары каражаттар химиопрепараттарга кирет?
a)
Циклофосфан
b)
Аспирин
c)
Фуросемид
d)
Метотрексат
42.
Физио дарылоолрдун кандай түрлөрү бар?
a)
Медикаметоздук жана медикаметоздук эмес
b)
Табигый жана жасалма
c)
Химиялык жана гормоналдык
d)
Оперативдик жана консервативдик
43.
АИВ- инфекциясынын жугуу жолдоруна кирбейт:
a)
Кан аркылуу
b)
Энеден балага
c)
Аба аркылуу
d)
Жыныстык катнаш аркылуу
44.
Жасалма физиодарылоолорго кирбейт?
a)
Электр тогу менен дарылоо
b)
Солюкс лампасы менен дарылоо
c)
Электрофорез менен дарылоо
d)
Кирлер менен дарылоо
45.
Метастаз бул:
a)
Заладуу шишиктердин клеткаларынын органдарга тарашы
b)
Шишиктердин клеткаларынын жабыркаган органдан тышкары чыкпашы
c)
Шишиктердин клеткаларынын жабыркаган органдан тышкары чыкпашы
d)
Органдын сезгенишинин кабылдоосу
46.
Киста бул:
a)
Булчуңдуу катмардан пайда болгон шишик
b)
Май катмарынан пайда болгон шишик
c)
Былжырлуу чел менен капталган сары суу
d)
Тутумдаштыргыч ткандан пайда болгон шишик
47.
Кынды жуудагы (спринцевание) каршы көрсөткүчтөргө кирбейт?
a)
Жатындан кан агуулар
b)
Курч кармаган ички жыныс мүчөлөрүнүн сезгенүүлөрү
c)
Кош бойлуулук
d)
Жатын моюнчасынын эрозиясы
48.
Кольпит оррусун даарылоодо кайсыл чөптүн тундурмасы колдонулбайт?
a)
Чалкан (крапива)
b)
Ромашка
c)
Тикенек
d)
Эрмендин
49.
Операциядан кийинки кабылдоолорго кирбейт:
a)
Кан кетүүлөр
b)
Ичегинин парези
c)
Хелп синдрому
d)
Бронхит, пневмония
50.
Кын аркылуу жүргүзүлүүчү операцияга кирбейт?
a)
Аборт
b)
Зондоо
c)
Тубэктомия
d)
Кындын арткы бөлүгү аркылуу пункциялоо
51.
Биопсиялык изилдөө бул:
a)
Жабырланган жыныс мүчөлөрүнөн кесип алып изилдөө
b)
Жатындын ички бетин изилдөө
c)
Кынды күзгү менен изилдөө
d)
Жатындын түтүкчөсүн изилдөө
52.
Бальнеотерапия бул:
a)
Кирлер менен дарылоо
b)
Кадимки суу менен дарылоо
c)
Пеллоид сымал заттар менен дарылоо
d)
Минералдык суулар менен дарылоо
53.
Бартолинит кайсыл жыныс мүчөнүн сезгениши?
a)
Кындын сезгениши
b)
Жатындын сезгениши
c)
Кындын киреберишиндеги бездеринин сезгениши
d)
Жатындын моюнчасынын сезгениши
54.
Жатындан тышкаркы кош бойлуулуктун көп кездешкен түрү?
a)
Жатындын моюнчасындагы кош бойлуулук
b)
Жатындын түтүкчөсүндөгү кош бойлуулук
c)
Курсак көңдөйүндөгү кош бойлуулук
d)
Жумурткалыктагы кош бойлуулук
55.
Тыгын койудагы каршы көрсөткүчтөр?.
a)
Цервицит
b)
Кольпит
c)
Жатындын кан агуулары
d)
Жатындын моюнчасынын жарасы
56.
Тыгын, кынды жуу (жалпы кын аркылуу процедуралар) булар кандай дарылоо болуп саналат?
a)
Жалпы дарылоо
b)
Жергиликтүү дарылоо
c)
Оруксуздандыру
d)
Наркоз
57.
Кынга тыгын койуу кайсы дарылар менен жасалат:
a)
Эргометрин
b)
Ацикловир
c)
Синтомицин
d)
Мизопростол
58.
Кындан алынган сүртүндүнүн жолдомосунда кайсыл латын тамгасы белгилениши зарыл?
a)
V
b)
C
c)
U
d)
R
59.
Чоң көлөмдөгү миоманын дарылоосу?
a)
Консервативдик дарылоо
b)
Жатындын моюнчасына тыгындарды койуу
c)
Хирургиялык дарылоо
d)
Физиодарылоолор
60.
Жатындын моюнчасынын заладуу шишигин эмненин жардамы менен аныктайбыз?
a)
Бактериологиялык изилдөө
b)
Зонддун жардамы менен
c)
Пункциялоо менен
d)
Биопсиялык изилдөө
61.
Кынга тыгын койуудагы колдонуучу шаймандар?
a)
Кашык сымал күзгүү, фолькман кашыгы
b)
Корнцанг, тыгын, эки жактуу күзгү
c)
Скальпель, кайчы, кюретка
d)
Жатындын зонду, фолькман кашыгы
62.
Сальпингоофарит оорусуна кайсыл белги кирбейт?
a)
Бел туштун оорусу
b)
Чыйрыгуу
c)
Көздүн караңгылашы
d)
Дене табынын көтөрүлүшү
63.
Кыздык белгинин туйук болушу эмне менен мүнөздөлөт?
a)
Менструалдык кан келүүнүн жок болушу
b)
Менструалдык кан келүүнүн көп болушу
c)
Тукумсуздуктун болушу
d)
Инфантилиздин болушу
64.
Жыныс мүчөлөрүнүн аномалиясынын себептерине кирбейт?
a)
Экзогендик, эндогендик факторлор
b)
Тукумкучулук фактор
c)
Кош бойлуу учурунда стресс
d)
Сезгенүү оорулары
65.
Гинекологиялык негизги изилдөөлөргө кайсылар кирбейт?
a)
Сырткы жыныс мүчөлөрүн кароо
b)
Күзгунүн жардамы менен кароо
c)
Бактериоскопиялык изилдөө
d)
Бимануалдык изилдөө
66.
Калп аменореянын пайда болушу:
a)
Кындын атрезиясы
b)
Кындын гинатрезиясы
c)
Гонаддын дисгенезиясы
d)
Жатындын аплазиясы
67.
Нур менен дарылоолордогу кабылдоолорго кирбейт:
a)
Мастит
b)
Ректосигмоидит
c)
Энтероколит
d)
Жыныс ичеги, табарсык жылчыктары
68.
Спецификалык кольпитке мүнөздүү эмес белги:
a)
Кындан келген агуулар
b)
Кычышуу
c)
Ачышуу
d)
Ацикликалык кан агуулар
69.
Ювенилдик кан кетүүлөр кимде кездешет:
a)
Бойго жеткен кыздарда
b)
Төрөт жашындагы аялдарда
c)
Климакс учурундагы аялдарда
d)
Преклимакс учурундагы аялдарда
70.
Курч кармаган сальпингиттин белгилерине кирбейт:
a)
Ичтин ылдыйкы бөлөгүнүн оорушу
b)
Дене таптын ысышы
c)
Жатын придаткаларынын чоңойушу
d)
Жатын моюнчасынын кызаруусу
71.
Жатындын моюнчасынын залалдуу шишигинин негизги себеби:
a)
Моюнчанын эрозиясы
b)
Моюнчанын сезгенүүсү
c)
Моюнчанын эктопиясы
d)
Моюнчанын лейкоплакиясы
72.
Кындын кычкыл реакциясын эмне камсыз кылат:
a)
Кындык эпителий
b)
Лейкоциттер
c)
Додерлейн таякчалары
d)
Гонококктор
73.
Рентген нурларынын түрлөрүнө кирбейт:
a)
Альфа
b)
Бетта
c)
Гамма
d)
Зетта
74.
Базалдык температура кайсы убакта ченелет?
a)
Кечинде
b)
Эртең менен
c)
Түштө
d)
Түн ортосунда
75.
Гинеклогиядагы негизги изилдөөлөргө кирбейт:
a)
Сырткы жыныс мүчөлөрүн кароо
b)
Бимануалдык изилдөө
c)
Күзгү менен изилдөө
d)
Гистероскопиялык изилдөө
76.
Эндоскопиялык изилдөөлөргө кирбейт:
a)
Гистероскопия
b)
Кольпоскопия
c)
Кульдоскопия
d)
Бактериоскопия
77.
Овариоэктомия бул:
a)
Жатынды алып салуу
b)
Түтүкчөлөрдү алып салуу
c)
Жумурткалыкты алып салуу
d)
Кынды алып салуу
78.
Жатындын ампутациясы бул:
a)
Жатынды моюнчасы менен алып салуу
b)
Жатынды моюнчасыз алып салуу
c)
Жатын придаткаларын алып салуу
d)
Жатынды кыруу
79.
Тукумсуз нике бул кош бойлуулуктун болбошу:
a)
Контрацептивдерди колдонгондон улам
b)
6 ай ичинде контрацептивдерди колдонбосо деле
c)
Бир жыл ичинде контрацептивдерди колдонбосо деле
d)
5 ай ичинде контрацептивдерди колдонбосо деле
80.
Гениталдык туберкулездун көп кездешкен мүчөсү:
a)
Жатын
b)
Жатын түтүкчөлөрү
c)
Жумурткалыктар
d)
Кын
81.
Тукмсуз никеде эркекти изилдөө эмнеден башталат:
a)
Гистесальпингорафиядан
b)
Ультра үн изилдөөдөн
c)
Лапароскогпиядан
d)
Сперманы изилдөөдөн
82.
Дисфунционалдык жатындан кан кетүүлөрдө дарылоо болуп:
a)
Эстроген – гестаген дарылары
b)
Жатынды кыруу
c)
Утеротониктерди берүү
d)
Гемотрансфузия
83.
Жыныс мүчөлөрүнү бертинүүлөрүнүн бөлүнүштөрү:
a)
Жогорку жана ылдыйкы
b)
Консервативдик жана оперативдик
c)
Ички жана сырткы
d)
Мурунку жана кийинки
84.
Сырткы жыныс мүчөлөрүнүн жаракттарына кирет:
a)
Жатындын, түтүкчөнүн
b)
Кындын, жумурткалыктын
c)
Байламта аппаратынын
d)
Жыныс эриндеринин
85.
Жатындын мойунчасынын жаракаттарынын негизги себеби:
a)
Төрөттө жана аборттон кийин
b)
Жыгылгуудан кийин
c)
Зордуктоодон кийин
d)
Сезгенүү ооруларынанан кийин
86.
Сырткы жыныс мүчөлөрүнүн предрак оруларына кирет:
a)
Эрозия, экторпион
b)
Эндометрийдин гиперпластикалык өзгөрүүлөрү
c)
Крауроз, лейкоплакия
d)
Миома, полип
87.
Жатын түтүкчөлөрүнүн өтүмдүүлүгүнүн бузулушунун себеби:
a)
Сезгенүү оорулары
b)
Бертинүүлөр
c)
Стресстер
d)
Шишик оорулары
88.
Жатындын моюнчасынын залалдуу шишиги өсүшү боюнча бөлүнөт:
a)
Борбордук, четтеги
b)
Эндофиттик, экзофиттик
c)
Сегменттик, борбордук
d)
Эч бөлүнбөйт
89.
Аменореянын бөлүнүштөрүнө кирбейт:
a)
Физиологиялык, патологиялык
b)
Биринчи, экинчи
c)
Чыныгы жана жалган
d)
Табигый, жасалма
90.
Альгодисменорея – бул:
a)
Айыздык кан кетүүнүн аз болушу
b)
Айыздык кан кетүүнүн көп болушу
c)
Айыздык кан кетүүнүн оору менен коштолушу
d)
Айыздык кан кетүүнүн бат бат болушу
91.
Климактерикалык синдром кимде кездешет:
a)
Бойго жеткен кыздарда
b)
Төрөт жашынан өтүп калган аялдарда
c)
Төрөт жаштагы аялдарда
d)
Эч кимде кездешпейт
92.
Шишик деген эмне?
a)
Сезгенүүгө каршы рефлектордук реакция
b)
Татаал физиологиялык процесс
c)
Ткандардын өзгөчө өсүшү, клеткалардын өзгөрүшү
d)
Биологиялык татаал өзгөрүү
93.
Ички жыныс мүчөлөрүнүн бертинүүлөрүнө кирет:
a)
Жатындын, кындын
b)
Аралыктын, жыныс эриндеринин
c)
Кыздык белгинин, уретранын
d)
Бартолин бездеринин
94.
Жатындын бертинүүлөрүнүн негизги себептери:
a)
Жыгылуулар
b)
Секирүүлөр
c)
Патолгиялык төрөттөр
d)
Сезгенүү оорулары
95.
Залалдуу шишиктерге колдонуучу дарылоолор:
a)
Антибиотиктер
b)
Сезгенүүгө каршы дарылар
c)
Химиялык дарылар
d)
Витаминдер
96.
3 жашка чейинки кызды изилдөө эмнеде жүргүзүлөт:
a)
Гинекологиялык креслодо
b)
Столдун үстүндө
c)
Төрөт кроватында
d)
Эч несе колдонулбайт
97.
Консервативдик дарылоодо муз баштыкты колдонуу кандай таасирлерди берет:
a)
Кан тамырларды кеңейтет
b)
Кан тамырды кысуу менен ооруксуздандырат
c)
Антибактериалдык таасир берет
d)
Аптипаразитардык таасир берет
98.
Физиотерапиянын түрлөрү:
a)
Табигый жана жасалма
b)
Химиялык жана биологиялык
c)
Чыныгы жана жалган
d)
Стационардык жана амбулатодук
99.
Гидротерапия –бул:
a)
Баткак менен дарылоо
b)
Озокерит менен дарылоо
c)
Кадимки суу менен дарылоо
d)
Химиялык заттар менен дарылоо
100.
Операциядан кийинки кан кетүү кабылдоосун алдын алуу үчүн:
a)
Гемодинамикалык көрсөтучтөрдү көзөмөлдөө
b)
Диурезди көзөмөлдөө
c)
Боордун ферментттерин көзөмөлдөө
d)
Рефлекстерди көзөмөлдөө