wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

“Ыйманга чакыруунун жолдору” китеби боюнча сынак суроолору

Total questions: 38

Worksheet time: 23mins

Name
Class
Date
1.

Төмөнкүлөрдүн арасынан туурасын белгилеңиз.

1) Умар бин Абдулазиз: “ Мен....................... жанында өткөргөн бир саат убакытты бүт өмүрүмө тете эсептейм”.

a)

А) Убайдулла бин Абдулланын

b)

Б) Режа бин Хайванын

c)

В) Мухаммед бин Мукатилдин

d)

Г) Хатимул Асамдын

2.

Пайгамбарыбыз (С.А.В.) Халид бин Валидге ......................... деген наамды ыйгарган.

a)

А) Алланын арстаны

b)

Б) Эки нурдун ээси

c)

В) Алланын кылычы

d)

Г) Генерал

3.

Ыйманга чакыруу жолунда ........................ – адамдын таблиг вазыйпасын анык туя билгендигинин табигый натыйжасы.

a)

А) Шалаакылык кылуу

b)

Б) Тажабай көшөрө бекем туруу

c)

В) Жеке өзүнүн керт башын ойлоо

d)

Г) Жоопкерчилик алуудан коркуу

4.

Римдиктерге туткунга түшүп, өлүм секисине чыгып баратып да бир попту ыйманга чакырууга аракет кылган сахаба ким?

a)

А) Мусаб бин Умайр

b)

Б)Харис бин Харис

c)

В) Аммар бин Ясир

d)

Г) Абдулла бин Хузафа

5.

Ыйман жолуна баштоодо ........................... адамдардын жүрөктөрүн жибитип, көңүлдөрүн ийитет жана Аллага, анын пайгамбарына ишенүүгө түрткү берет.

a)

А) Жан аябастык касиети

b)

Б) Боорукердик касиети

c)

В) Кең пейилдүүлүк касиети

d)

Г) Сезимталдуулук

6.

Мекке мушриктерине Ислам динин түшүндүрүү үчүн жайылган далай дасторкондордун, зыяпаттардын бардык чыгашаларын ким камсыз кылып турган?

a)

А) Абдулмутталиб

b)

Б) Аз. Абу Бакр

c)

В) Аз. Хадича

d)

Г) Аз. Айша

7.

.............................. ээ болгон адам бир Алладан башкадан коркуусу же Андан башкалардан үмүт-тилеги болбойт. Ал бардык нерсени Алладан деп билет.

a)

А) Йакинге

b)

Б) Бийликке

c)

В) Байлыкка

d)

Г) Сабырдуулукка

8.

Муракаба-мухасаба деген сөздөрдүн маанисин тандаңыз

a)

А) Өзүн-өзү жакшы көзөмөлдөө, көп ибадат кылуу

b)

Б) Өзүн-өзү эсепке тартуу, жакшылыкка чакыруу

c)

В) Өзүн-өзү жакшы көзөмөлдөө, өзүн-өзү эсепке тартуу

d)

Г) Жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу

9.

Алар өз айланасындагы адамдарды салабаттуу бой турпаттары менен, куюлуштура айткан уккулуктуу сөздөрү менен тим эле үйрүп алышып, миңдеген адамдарды жан эргиткен уккулуктуу сөздөрү менен өз айланасына арбап, так эле айдаган малдай ээрчитип алышат. Чындыгында алар ичи көңдөй жыгачтарга же үстү баалуу кездемелер менен оролгон устундарга гана окшошот. Кимдер жөнүндө сөз болуп жатат?

a)

А) Момундаржөнүндө

b)

Б) Саясатчылар жөнүндө

c)

В) Эки жүздүүлөр жөнүндө

d)

Г) Акындар жөнүндө

10.

Иршад адамы канчалык ............ толгон болсо анын сөз аракеттери да ошончолук жугумдуу, таасирдүү болот.

a)

А) дин илимине

b)

Б) чын ыкласка

c)

В) маалыматка

d)

Г) табият илимдерине

11.

Пайгамбарыбыз менен намазга туруп, намаздын узактыгына чыдай албай, “Бир кезде намаздан качып кетсемби деп да ойлодум. Анткени чыдап тура албай калдым” – деп айткан сахаба ким?

a)

А) Абу Хурайра (р.а)

b)

Б) Амр бин Аас (р.а)

c)

В) Абу Талха(р.а)

d)

Г) Ибни Масуд (р.а)

12.

“Менин жүзүмдү бир жолу ашык жууганым, тагыраагы бир ууч сууну ашыкча колдонгонум ысырапкерчилик болот, сенин бул хансарайда ушунчалык ыракатчылык ичинде, мындай кооз килемдердин үстүндө өмүр өткөргөнүң ысырапкерчилик болуп саналбайбы? Же болбосо исламда ысырапкерчилик биз үчүн дааратта гана арам кылынган беле?” – деген сөздөрдү Хатимул Асам кимге карата айткан?

a)

А) Танафисиге

b)

Б) Фарабиге

c)

В) Фахриддин Разиге

d)

Г) Уулуна

13.

Таблиг жолунда башынан арааланып экиге бөлүнүп ташталган пайгамбар ким?

a)

А) Йахя (а.с)

b)

Б) Закария (а.с)

c)

В) Салих (а.с)

d)

Г) Иса (а.с)

14.

Мусулмандын коргошу керек болгон беш негиз кайсылар?

a)

А) Дини, ар-намысы, мал-мүлкү, акырети, акыл-эси

b)

Б) Ар-намысы, мал-мүлкү,үй- бүлөсү, туугандары, достору

c)

В) Дини, ар-намысы, мал-мүлкү, өмүрү, акыл-эси

d)

Г) Ар-намысы, үй- бүлөсү, кызматы, мал-мүлкү, балдары

15.

Бактылуу элбиз эң эле,

Башпаанек сенсиң себеби.

Тоодой толкун кеп бекен,

Нух башкарса кемени.

Ушул ырды пайгамбарыбызга ким арнап айткан?

a)

А) Саади Ширази

b)

Б) Жеңишбек Жумакадыр

c)

В) Хасан бин Саббит

d)

Г) Хожаэфенди

16.

Өз жашоосун үч баскычка (1-каапырлык,2-Пайгамбар менен, 3-Пайгамбар дүйнөдөн өткөндөн кийин) бөлүп баласына айтып берген сахаба ким?

a)

А) Амр бин Ааас

b)

Б)Зайд бин Харис

c)

В) Ибн Аббас

d)

Г) Абу Талип

17.

“Жараткан Аллага ант болсун, Сен аркылуу бирөөнүн ыйманга келгени-жер бети толо кызыл төөлөрдү Алла жолунда садага кылгандан да артык турат”-деген хадисин пайгамбарыбыз кайсы сахабага айткан?

a)

А) Аз.Умар

b)

Б) Аз.Али

c)

В) Халид бин Валид

d)

Г) Аз.Мусаб бин Умайр

18.

Нух (а.с.)дын коому ага ишенбей аны эмне деп аташкан?

a)

А) Оорулуу

b)

Б) Жалганчы

c)

В) Жинди

d)

Г) Сыйкырчы

19.

Салих пайгамбардын окуясы тууралуу Куранда кайсы сүрөдө баяндалган?

a)

А) Духа

b)

Б) Шамс

c)

В) Мурсалат

d)

Г) Бакара

20.

Ибрахим (а.с.) менен бир доордо жашаган пайгамбар ким?

a)

А) Худ

b)

Б) Лат

c)

В) Нух

d)

Г) Лут

21.

Везувий жанар тоосунун (вулканынын) астында калган шаарды көрсөтүңүз.

a)

А) Содом жана Гоморре

b)

Б) Рим

c)

В) Помпей

d)

Г) Иерусалим

22.

Жараткандын мээримдүүлүгүнө таң калып, “Маа ахламакаа йаа Роббанаа!” (Кандай гана боорукерсиң, Раббим) деген сахаба ким?

a)

А) Аз.Хамза

b)

Б) Аз. Мусаб

c)

В) Аз.Абу Бакр

d)

Г) Аз. Салман

23.

Мусаб бин Умайрды өлтүрөм деп колуна кылыч кармап келгендер кайра кайтаарда ................................... кетишчү.

a)

А) Муштум жеп

b)

Б) Коркутуп 10 динар (алтын) алып

c)

В) Кул кылып алып

d)

Г) Жүрөгүнө ыйман толуп

24.

Фатир сүрөсүндө “Алладан чыныгы айбыккандар - ............................... деп айтылат.

a)

А) Шейиттер

b)

Б) Олуялар

c)

В) Таква ээлери

d)

Г) Анын илимдүү пенделери

25.

Туура максатка мыйзамдуу жолдор менен гана жеткен дурус. Эч бир максат .................... үстүнө курулбайт.

a)

А) Чындыктын

b)

Б) Абийирдүүлүктүн

c)

В) Жалгандын

d)

Г) Текебердиктин

26.

“Аларга хадис, фыкх жана тафсир илимдерин окуттум. Убакыт өтүп көпчүлүгү казылыкка жана башка өкмөттүк жумушка отурушту. Кыямат күнү алардын кылгандарынан мен жоопкерчиликке тартыламбы деп корком” деп кайсы улуу зат айткан?

a)

А) Лейс бин Саад

b)

Б) Суфян Саури

c)

В) Фудайл бин Ияд

d)

Г) Абу Ханифа

27.

Төмөндөгүлөрдүн туура же туура эмес экендигин аныктаңыз.

Таблиг инсаны – чындыктын көрсөткөн жылбас жол белгиси.

a)

А) Туура

b)

Б) Ката

28.

Жулайбиб (р.а.) тамак – ашка сугу бар жигит болчу.

a)

А) Туура

b)

Б) Ката

29.

Адам ата, андан кийин Нух (а.с), анын артынан Салих (а.с) пайгамбар болгон.

a)

А) Туура

b)

Б) Ката

30.

Жараткан Алланын илими чексиз жана каардуулугу мээримдүүлүгүнөн жогору турат.

a)

А) Туура

b)

Б) Ката

31.

Абу Хурайранын энеси Пайгамбарыбыздын дубасынын урматына мусулман болгон.

a)

А) Туура

b)

Б) Ката

32.

Коомчулуктун же калктын арасында абдан жакшы кишилер болушу мүмкүн. Алар Алла Таалага жакын болушу да мүмкүн. Бирок калк ичинде “жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу” милдети аткарылбаган болсо, анда Алла Таала ал коомду кыйратат.

a)

А) Туура

b)

Б) Ката

33.

)“Оо адамдар! Лаа илааха иллаллах, дегиле, кутуласыңар!”- деп пайгамбарыбыз адамдарга кайрылуу жасаган.

a)

А) Туура

b)

Б) Ката

34.

Пайгамбарыбыздын хадисине таянып, минтип айтсак болот: “Бир адамдын “жинди” деп аталышы ошол адамдын кынтыксыз ыймандуулугун көрсөтөт.”

a)

А) Туура

b)

Б) Ката

35.

Ыкластуулук жана амал менен бирикпеген таблиг канчалык ийгиликтүү болду деген күндө да ал чала жана майнапсыз. Таасирдүүлүгү да такыр болбойт, болсо да чалагайым жана убактылуу болот.

a)

А) Туура

b)

Б) Ката

36.

Төмөндөгү бош орундарды толтуруңуз.

инсан-өз табиятындагы түрдүү кемчиликтери менен эң эле төмөн, ал эми бийик сапаттары менен периштелерден да жогору тура алат.

a)

Периштелерден да жогору болгонго аракет кылкыла алтындарым

b)

Периштелерден да жогору болгонго аракет кылкыла

37.

Исламдагы мыйзам –эрежелерди жалпылай эки топко бөлөбүз ,алар ......................... жана ..........................

a)

анфусий-афакий(ички-сырткы)

b)

Кичине-чоң

38.

Бүт өмүрүн мурдагы китептерге түшүндүрмө жазуу менен өткөргөн, бирок чындыктын илими тууралуу бир сап дагы окуп көрбөгөн, сөз жүзүндө гана “илимпоз” аталган адамдар Ыйык Куранда ........................................ деп баяндалат.

a)

Китептер артылган эшек сыяктуу

b)

Жүргүнчүсү толо бар маршрутка