wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Кыргыз тили

Total questions: 20

Worksheet time: 10mins

Name
Class
Date
1.

Макалдар сүйлөмдүк түзүлүшкө ээ ....

a)

боло албайт

b)

боло алат

2.

Сүйлөмдү түзүүчү каражаттар

a)

тыбыш, тамга

b)

интонация

c)

тыныш белги

d)

сөз, сөз айкашы

3.

Данияр унчукпай келе берди. Сүйлөмдүн айтылыш максатына карай түрү

a)

жай

b)

илептүү

c)

суроолуу

d)

буйруктуу

4.

Жөнөкөй сүйлөмдүн түзүлүшү

a)

ээ, баяндоочтон турган сүйлөм

b)

сүйлөмдү уюштуруучу грамматикалык эки негизге ээ сүйлөм

c)

грамматикалык бир гана негизге ээ болгон тизмек же сөз

d)

грамматикалык экиден кем эмес негизге ээ тизмек

5.

Жөнөкөй сүйлөмдүн түрлөрү

a)

жөнөкөй, татаал

b)

суроолуу, илептүү

c)

толук, багыныңкы

d)

жалаң, жайылма, толук, кемтик, атама, ээсиз

6.

Жалаң сүйлөм

a)

атама сүйлөмдөн турат

b)

айкындооч мүчөлөрдөн турат

c)

ээ менен баяндоочтон гана турат

d)

ээси көмүскөдө калган баяндооч түзүлөт

7.

Адамдын акылдуулугу ишинен билинет. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрдүн катышына карата аталышы.

a)

жай сүйлөм

b)

жалаң сүйлөм

c)

жөнөкөй сүйлөм

d)

жайылма сүйлөм

e)

жактуу сүйлөм

8.

Айкындооч мүчөлөр катышкан сүйлөмдүн аталышы

a)

жөнөкөй

b)

эки тутумдуу

c)

жайылма

d)

толук

9.

Кемтик сүйлөм ......

a)

баш мүчөлөрү толук катышпаган

b)

айкындооч мүчөлөрү кемип калган

c)

толук сүйлөм менен бирге айтылган

d)

кемип калган сүйлөм мүчөсү өзүнөн мурунуку толук сүйлөм аркылуу гана болуп турган

10.

Кемтик сүйлөмдүн өз алдынча колдонулушу

a)

колдонула берет, мааниси так

b)

колдонула берет, бирок мааниси так болбойт

c)

колдонулбайт, анын кемтик сүйлөм экенин толук сүйлөм аркылуу гана аныктоого болот

d)

бир мүчөсү кемип калып, колдонула берет

11.

Бир тутумдуу сүйлөм деген ....

a)

жалаң гана баш мүчөлөрдөн турган сүйлөм

b)

жалаң гана айкындооч мүчөлөрдөн турган сүйлөм

c)

бир гана баш мүчөдөн турган сүйлөм

d)

эки баш мүчөдөн турган

12.

Бир тутумдуу сүйлөм

a)

Бийиктеп учуп баратабыз.

b)

Жүгүр! Артынан сүйөп жибер.

c)

Адамдын ишинен тааныйт.

d)

Кыргызстанда күн мемиреп жылуу.

13.

Эки тутумдуу сүйлөмдүн грамматикалык негизи

a)

сүйлөм мүчөлөрү

b)

сүйлөмдүн ээси

c)

сүйлөмдүн баяндоочу

d)

баш мүчөлөр

14.

Эки тутумдуу сүйлөм

a)

Мага отурууга туура келди.

b)

Ишти өз учурунда бүткөзүү кажет.

c)

Күлгөндүн билгени бар.

d)

Анын кылганы.

15.

Жайкы кеч. Сүйлөмдүн түрү

a)

жалаң

b)

жай

c)

атама

d)

жөнөкөй

16.

Жалаң атама сүйлөм

a)

1991-жыл. Август. Биз шаарда элек.

b)

1991-жыл. Август айы. Чак түш.

c)

Ак кар, көк муз. Биз үшүп чыктык.

d)

Күй айы. Күн салкын.

17.

Бөтөн сөздүн түзүлүшүнө , грамматикалык белгилерине карата бөлүнүшнү.

a)

толук, кемтик

b)

кемтик, түз

c)

тике , кыйыр

d)

өтмө, тике

18.

Киринди сөздөр

a)

анткени, эгерде, балам, бали

b)

ошентип, демек, балким, мүмкүн

c)

бах, ой-ой, тарс-турс, эң оболу

d)

ошону менен бирге, карс-курс

19.

"Агайдын айтканына карганда болжолу бүгүн ал келбейт шекилдүү" . Сүйлөмдөгү киринди сөз

a)

болжолу келбейт

b)

келбейт шекилдүү

c)

Агайдын айтканына караганда

d)

Агайдын айтканына караганда, болжолу, шекилдүү

20.

Киринди сөз сүйлөмдүн аягына келсе, өзүнөн мурун .... коюлат.

a)

үтүр

b)

илеп белгиси

c)

кош чекит

d)

көп чекит