wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Кыргыз тили.

Total questions: 20

Worksheet time: 7mins

Name
Class
Date
1.

Текст бул .....

a)

Стилдик жактан бирдиктүү, логикалык жактан бүтүн, сүйлөмдөрдүн топтому

b)

тематикалык жактан бирдиктүү сүйлөмдөрдүн топтому

c)

тематикалык, стилдик жактан бирдиктүү болгон, логикалык жактан бир бүтүн сүйлөмдөрдүн топтому

d)

сүйлөмдөрдүн топтолушу

2.

Тексттин мүнөздүү белгилери

a)

тематикалык жактан биримдүүлүгү

b)

стилдик биримдүүлүгү

c)

логикалык бүтүндүк

d)

тематикалык, стилдик биримдүүлү, логилкалык бүтүндүгү

3.

Тексттин эң кичине бирдиги

a)

сүйлөм

b)

абзац

c)

микротема

d)

сөз

4.

Кеп деген ....

a)

тилдеги бардык сөз

b)

сөздүк состав

c)

сөздүн мааниси

d)

тил каражаттарынын турмушта колдонулушу

5.

Кептин түрлөрү

a)

иш кагаздары

b)

стилдер

c)

баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү

d)

оозеки, жазуу кеп

6.

Кептин формалары ...

a)

баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү

b)

оозеки жана жазуу

c)

илимий стиль, көркөм стиль

d)

сөз, сүйлөм, абзац

7.

Кептин сүрөттөө түрүнө мүнөздүү белги:

a)

окуяларды ырааты менен баяндоо

b)

заттын түрдүү белгилерин, кыймыл-аракеттин сыпаттап көрсөтүү

c)

заттын санын сыпаттап көрсөтүү

d)

ой жүгүртүү аркылуу сыпаттоо

8.

Сүрөттөөдө көбүрөөк колдонулган сөз түрумү

a)

зат атооч

b)

сын атооч

c)

этиш

d)

ат атооч

9.

Тексттеги ойду .... аныктайт

a)

аталышы

b)

планы

c)

түзүлүшү

d)

темасы, коюлган проблемасы

10.

Тексттеги абзац ... жараша болот.

a)

мазмунуна

b)

идеясына

c)

микротемаларга

d)

планга

11.

Текстти окууда ыргактык тынымдар ... жараша болот.

a)

окуу техникасына

b)

темага

c)

сүйлөмдүн бүтүшүнө, жаңы сүйлөмдүн башталышына

d)

абзац, микротемаларга, жаңы сүйлөмдүн башталышына.

12.

Ой жүгүртүү тексттинин негизги белгилери

a)

баяндап айтып берүү

b)

сүрөттөп айтып берүү

c)

жеке оюн айтып, далилдеп көрсөтүү

d)

белгилерди санап көрсөтүү

13.

Эмне үчүн мага жай мезгили жагат? Анткени, бул эң жылуу, кооз мезгил. Сүйлөмгө мүнөздүү кептин түрү.

a)

сүрөттөө

b)

ой жүгүртүү

c)

баяндоо

d)

көркөм стиль

14.

Ой жүгүртүүгө мисал

a)

Анткени жай мезгили эң жылуу мезгил.

b)

Себеби жай мезгили эң эле кооз жыл мезгили.

c)

Биринчиден, жайлоодо жылкы, уй, кой, мыкты семирет.

d)

баары эле мисал боло алат.

15.

Темалардан ой жүгүртүү сочинениесин түзүүгө ылайыктуусу?

a)

"Музейге экскурсияга барганда"

b)

"Жардам бердик"

c)

"Мен жашаган көчө"

d)

"Мен келечекте ким болгум келет?"

16.

Тексттин бөлүктөрүнүн аталышы

a)

абзац, тема, идея

b)

ойдун башталышы, өнүгүшү, аякташы

c)

тексттин планы, аталышы, темасы

d)

микротема, аты, темасы

17.

Тексттеги ойдун өнүгүшү .... байланыштуу болот.

a)

тексттеги ойдун, окуянын чиелениши

b)

окуянын улануусуна

c)

каармандарынын көбөйүшүнө

d)

ээрчишүү

18.

Кептин баяндоо түрүнүн мүнөздүү белгиси

a)

кыскача жазылган сүрөттөмө

b)

кызыктуу кабарды үстүртөн чагылдыруу

c)

боло турган, болуп жаткан, же болуп өткөн окуяны ирети менен аңгемелөо

d)

бир тема боюнча ирети менен ой жүгүртүп айтуу

19.

Баяндоо түрүндөгү текст түзүүгө мисал

a)

"Мен келечекте ким болгум келет?"

b)

"Менин айылымдын көрүнүшү"

c)

"Жайлоодо өткөн бир күн"

d)

"Көлдүн кечки сүрөтү"

20.

Биз дем алыш күнү Чуңкурчак жайлоосуна бардык. Сүйлөмдөгү кептин түрү.

a)

баяндоого

b)

сүрөттөөгө

c)

ой жүгүртүүгө

d)

баяндоо жана сүрөттөөгө