NEW
Font size
WorksheetsКыргыз тили. 10-класс
Total questions: 18
Worksheet time: 9mins
Лексика - бул ...
белгилүү бир элдин тилинин негизинде калыптанып, белгилүү бир нормага салынган, айтылышы, жазылышы, колдонулушу такталган, айтылуучу ойду даана бере ала турган, коомдун бардык өкүлдөрүнө тиешелүү тил
белгилүү бир түшүнүтүн атын атоо үчүн алынып, көбүнчө бир мааниде колдонулуучу сөз же сөз тизмеги
бир тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы
тил илиминин, тилдин сөздүк составынын азыркы абалын жана анаын тарыхый өсүш өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү бир бөлүмү.
Лексикология - бул ...
бир тилдеги сөздөрдүн бардыгы биригип келип, ошол тилдин сөздүк составынын түзүлүшү
сөздүк составдын азыркы абалын, пайда болушун жана өнүгүшүн изилдөөчү тил илиминин бир бөлүгү
бир тилдеги сөздөрдүн алфавит тартибине же башка бир өзгөчөлүгүнө ылайык системалаштырылган, маанилерин ошол эле тилде түшүндүргөн же башка тилге которгон жыйнак
сөздүктөрдү түзүүнүн теориясын, практикасын үйрөтүүчү тил лими
Сөздүн лексикалык мааниси:
ар бир сөздүн өз алдынча тургандыгы керт башына тиешелүү болгон, аны башка создөрдөн айырмалап турган негизги мааниси
сөздөрдүн грамматикалык өзгөчөлүтөрүн аныктоого мүмкүнчүлү берет.
бир эле сөздүн бир нече мааниге ээ болушу
сөздөрдүн контексттин ичинде ар башка түшүнүктө колдонулушу
Создөр бири-биринен .... айырмаланат.
жасалышы
колдонулушу
жазалышы
лексикалык мааниси
Лексикалык маанини билдирбеген создөр
үй, китеп, эмгек, кызыл
жана, гана, өтө, сайын
келди, иштеди, окуду
окуучу, менен, космонавт, сымак
"Телескоп" деген сөздүн лексикалык мааниси
асман телолоруна байкоо жүргүзүүдө колдонулуучу оптикалык курал
заттын атын билдирет, конкреттүү зат
"теле" жана "скоп" деген создөрдүн биригиши менен
ээ, атточ жөндөмө
Создөрдүн өтмө маанисинин пайда болушу
сөздөрдүн тике мааниси сөздүн башка мааниге өтүүсүнөн келип чыгат
синоним сөздөрдөн келип чыгат
көп маанилүү сөздөрдөн келип чыгат
создөрдүн айтылышынан келип чыгат
Өтмө мааниде турган туюнтмалар
коомдук мамиле, өзүн озү башкаруу, эл аралык кызматташтык, демократиялуу коом
түндүк көтөрүү, ак тинте, торко, саадак, жүк көрүү
таеке, өзөк жалгоо, жалгыз аяк жол
алтын медаль, булактын көзү, булбул Током
"Арстан" деген сөз өтмө мааниде колдонулган сүйлөм
Арстан алганына кубанбайт, чалганына кубанат.
Арстан Манас, баатырың качырып кирди дейт.
Арстан күркүрөп качырды.
Артсан катуу качырат, жумшак алат.
Создөрдүн өтмө маанилери
күмүш сөйкө
кагаз баштык
карагат кыям
алтын балалык
Карагат деген сөздүн өтмө мааниси
бир түп карагат
карагаттын вареньеси
карагат көз
карагаттын көчөсү
Өтмө маанидеги сөздөр
көзүң - айнек, тилиң - бал
балалык, акыр заман, бейиш
сак түлкү, ач жолборс, арстан
үй жаныбар, куу жыгач, парта
Көп маанилүү сөздөр
тыбыштык составы ар башка, бирок бир эле түшүнүктү билдирүүчү маанилеш сөз
тыбыштык түзүлүшү бирдей, бирок мааниси ар башка
бир эле сөздүн бир нече мааниге ээ болушу
бир сөз түркүмүндөгү карама-каршы мааниде колдонулуучу, бирок бири -бирине салыштырмалуу маанидеги сөздөр
Көп маанилүү сөз катышкан сөздөр
жакшы ат, мылтык ат, сенин атың ким?
кызыл сыр, аскер башы, тоонун башы
тил башы, кара кой, жерге кой
эл башы, суу башы, башма-баш
Бир маанилүү сөздөр
акыл, оо, китеп
көз, кыш, баш
машина, жаз, борбор
күн. ак, суу
"Арпа, буудай, коон, дарбыз" деген создөрдүн мааниси
көп маанилүү сөздөр
синонимдер
бир маанилүү
жалпы маанилүү
Омонимдер деп ..... аталат
мааниси боюнча бири-бирине карама-каршы сөздөр
тыбыштык түзлүшү ар башка, бирок маанилери бири-бирине жакын
бир эле сөздүң ар түрдүү мааниде болушу
жазылышы бирдей маанилери ар башка
Омоним сөздөр
жаз, көз, кыш, жалкоо
отун, кирпич, нан
жай, күл, сыр, ат, карта
чөп, гүл, сабак, сагызган
