Wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

кыргыз тили 6-кл 2-чейрек

Total questions: 10

Worksheet time: 7mins

Name
Class
Date
1.

1.кыргыз тилинде сөз жасоонун кандай жолдору бар?

a)

фонетикалык, синтаксистик, морфологиялык

b)

морфологиялык, синтаксистик, лексикалык-семантикалык

c)

тыбыштык, уңгу-мүчөлүк, жөндөмөлүк

d)

сөз түркүмдөрү, сүйлөм мүчөлөрү

2.

2.Сөз жасоонун синтаксистик жолу менен жасалган сөздөр

a)

кош, бириккен, кошмок сөздөр

b)

кыскартылган жана бириккен сөздөр

c)

кош, кошмок, кыскартылган сөздөр

d)

туунду жана бириккен сөздөр

3.

3.Сөз жасоонун морфологиялык жолу

a)

сөз түркүмдөрүнүн жардамы менен жасалат

b)

сөз жасоочу мүчөлөрдүн уланышы аркылуу жасалат

c)

жөндөмө мүчөлөр аркылуу жасалат

d)

сөз өзгөртүүчү мүчөлөр аркылуу

4.

4. Морфологиялык жол менен жасалган сөздөрдү белгилегиле:

a)

мураскор, бекерпоз, балалык

b)

билимдүү, бала-бакыра, интернет

c)

бөлүм, факультет, окуучу

d)

таш бака, көз айнек, китепкана

5.

5.Касым тактай тилгич менен тактай тиле баштады.

сөз жасоочу мүчө уланган сөздөрдү белгиле:

a)

Касым, тилгич

b)

тилгич, баштады

c)

тактай, тилгич

d)

тиле, баштады

6.

6.Татаал сөздү тапкыла:

a)

жашыл жалбырак

b)

кичинекей жалбырак

c)

бака жалбырак

d)

жаңы жалбырак

7.

7.Кошмок сөздөрдү белгилегиле:

a)

кара көз, кундуз чач, чөп-чар

b)

Ала-Тоо, кол кап, темир жол

c)

жаан-чачын, беш манжа, кыз-кыркын

d)

медпункт, БГУ, көз айнек

8.

8.Фразеологизмди белгилегиле:

a)

алтын чач

b)

бала-бакыра

c)

жылан сыйпагандай

d)

ит үргөндөй

9.

9.Туура жазылган сөздөрдүн тизмегин белгилегиле:

a)

жалбырак, авал, ава, сагат, казыр

b)

жалбрак, абал, ава, саат,, казыр

c)

жалбырак, абал, ава, сагат, азыр

d)

жалбырак, абал, аба, саат, азыр

10.

10.Эртеси Жапар Асан... ээрчитип, талаа жумушу... чыкты. Көп чекиттин ордуна тийиштүү мүчөлөрдү коюп жазгыла:

a)

-га, -нан

b)

-дын, -на

c)

-ды, -на

d)

-дан, -нан