NEW
Font size
WorksheetsТүлкү менен кумурска
Total questions: 8
Worksheet time: 21mins
Түлкү иштен качуу үчүн кайсы шылтоону айтат?
Колум ооруйт, шоро ичип келейин.
Бутум ооруйт, максым ичип келейин.
Башым ооруйт, кымыз ичип келбесем болбойт.
Буудайды жалгыз өзү оруп, жыйып, бастырган ким?
кумурска
түлкү
коёнек
Түлкүнүн кумурсканы алдаганынын максаты кайсы?
Кумурсканын жерин да алгысы келет.
Эгинди бүт өзү алгысы келет.
Жарышта жеңүүчү болуп келгиси келет.
Жарышта артта калганына эмне тие турган болду?
Эч нерсе тийбей, куру калат.
Эгиндин тең жарымын алат.
Акчанын теңин алат.
Кумурсканын жарышта биринчи келишинин себеби эмнеде?
Кумурска көпөлөккө жармашып келген болчу.
Ал түлкүнүн куйругуна жармашып алган эле.
Ал түлкүдөн бир аз артта келаткан болчу.
Түлкү андан качан келгенин сураганда, кумурска:
“Талаада келе жатып, жарым жолдо калып кеттим, - дейт.
”Мен качан келгенмин. Сени күтө берип чарчап кеттим”, -дейт.
“Айылдан келе жаткан жылкынын куйругунда келдим”, -деп айтат.
Жомоктун аягында түлкүнүн тагдыры кандай болуп аяктады?
Түлкү кумурсканы кууп жөнөдү.
Тапкан пайдасы жок түлкү кумурсканы уруп койду.
Айласы жок түлкү жолго түштү..
Жомоктогу ойдун маанисине дал келген элдик макалды белгилегиле.
Жалкоо күн батканга сүйүнөт, эмгекчи күн чыкканга сүйүнөт.
Акылсызга айтсаң укпайт, пайда кылсаң жукпайт.
Ата сыйлаган абийир табат, эне сыйлаган элге жагат.
