wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Ктпг

Total questions: 25

Worksheet time: 13mins

Name
Class
Date
1.

Кулак кагыш кылуу.Кайсы вариантта белгиленген сөздү жогорудагы сөз менен алмаштырууга болот?

a)

эскертүү

b)

баяндоо

c)

кулагын чоюу

d)

маектешүү

2.

Түз маанидеги сөздү тап.

a)

ичи күйдү

b)

көзү күйдү

c)

буту күйдү

d)

оту күйүштү

3.

Кошоматка кой сойгон,эки жүздүү,_____адам. Сүйлөмдү туура толукта.

a)

ала жипти аттабаган

b)

күн карама

c)

кой оозунан чөп албаган

d)

ак ниет

4.

Балалыгың кандай өткөндүгү жөнүндө .......... . Көп чекиттин ордуна кайсы сөз туура келет?

a)

сүйлө

b)

де

c)

баянда

d)

сүрөттө

5.

Кайсы катарда өтмө маанидеги сөз катышты?

a)

Көп убакыттан кийин шишке саяр эти жок болуп кетиптир.

b)

Көптөн кийин шишке саяр эт таап келиптир.

c)

Көпкө чейин шишке эт саяр адам таппады.

d)

Шишкебек- шишке сайылган эт.

6.

Төмөндөгү ысык деген сөздөрдүн кайсынысы түз мааниде колдонулду.

a)

Алар ысык- суукка бышкан адамдар.

b)

Жетекчим экөөбүздүн мамилебиз ысык.

c)

Ысык жабылган нандын жыты Жапардын жегисин келтирди.

d)

Ысык- Көлдүн тартылып баратканы чоң көйгөй жаратат.

7.

Кайсы сөз айкаштарды өтмө мааниде колдонууга болот? 1. колу ачык 2.колу узун 3.колу кыска. 4. колу жабык.

a)

1, 2

b)

2.3

c)

1, 3, 4

d)

1,2,3

8.

______жалбырак,_____ кулак,___ айнек. Кайсы варианттагы сөздөрдү катарынан жайгаштырсак, жаңы маанидеги сөздөр пайда болот?

a)

жашыл, куйма, таза

b)

ай, узун, кварц

c)

төө, ит, чоң

d)

бака, ат, көз

9.

Бириккен сөздөрдү белгиле.

a)

бүгүн, быйыл, кулач

b)

гүлзар, азаттык, каякка

c)

антип, беймарал, былтыры

d)

бейкам, агайын, түндө

10.

Кайсы катарда тубаса сөздөр берилген?

a)

жалбырак, турмуш, муштум

b)

тазалык, тартип, жаштык

c)

таене, мушкер, бүгүн

d)

быйыл, кечки, түшкү

11.

Кайсы вариантта биринчи сөз заттын сынын басаңдатып көрсөтпөйт?

a)

ак жуумал кыз

b)

көгүлтүр көл

c)

сылык мүнөз

d)

киргил төшөк

12.

Кайсы вариантта (-) дефис белгиси туура коюлган?

a)

19- кылым турганына ишене албай турам.

b)

Молдо Кылыч -19- кылымдагы кол жазма адабиятынын өкүлү.

c)

Бештин айынын 19- у күнү келе турган болду.

d)

1 - июнь - балдарды коргоо күнү.

13.

Төмөнкү сөз тизмектеринин кайсынысы сүйлөм боло алат?

a)

тунук суу

b)

суу тунук

c)

өткүр бала

d)

курч мүнөз

14.

Кайсы вариантта ыкташуу байланышындагы сөз тизмеги берилген?

a)

асыл инсан

b)

ит мурун

c)

темир жол

d)

бала тили

15.

Татаал сүйлөмдү белгиле.

a)

Эрте келүү - милдетибиз.

b)

Барсам- жоксуң

c)

Айыбы ашкере болуп калгансып, шылкыя басты.

d)

Тамакты даярдап коюп, жумушка жөнөдүм.

16.

Кайсы сөз айкашында башкаруу байланышы бар?

a)

ачык сүйлөө

b)

оюнга баруу

c)

анардай кызаруу

d)

менин жоолугум

17.

Кайсы вариантта биринчи сүйлөм экинчи сүйлөмдүн шартын билдирип турат?

a)

Сен кандай барсаң, мен да ошондой келемин .

b)

Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу болот.

c)

Түйшүгүң канчалык оор болсо, аракетиң ошончо болот

d)

Төө канча болсо, жүгү ошончо болот.

18.

Ишти тапшырууда, өткөрүп алууда кайсы иш кагазы колдонулат?

a)

билдирүү

b)

келишим

c)

акт

d)

арыз

19.

Дүйнөдө ар түрдүү кесип ээлери бар.Алардын ар бири ардактуу. Бул сүйлөмдөр ой жүгүртүү тексттинин кайсы бөлүгүнө тиешелүү?

a)

ой жүгүртүү

b)

киришүү

c)

тезис

d)

тыянак

20.

Тыныш белгиси туура коюлган сүйлөмдү тап?

a)

Келсем жок экенсиң.

b)

Келсем: жок экенсиң.

c)

Келсем, жок экенсиң.

d)

Келсем - жок экенсиң.

21.

Тыныш белгиси туура коюлган сүйлөмдү тап.

a)

Бассаң, басат, качсаң, качат.

b)

Бассаң- басат, качсаң - качат.

c)

Бассаң, басат - качсаң, качат.

d)

Бассаң басат, качсаң качат.

22.

Кайсы варианттагы сөздөр туура жазылган?

a)

дуэт,алое, гигэна,койуу

b)

дует, алоэ,гигиена, кою.

c)

дуэт, алоэ, гигиена, коюу.

d)

дует, алоэ, гигиена, коюу

23.

Орфографиялык жактан туура жазылган сөздү тап.

a)

"Ош- Бишкек" жолу

b)

Жаңыл мырза

c)

ыпыссык

d)

Жорж Сорос

24.

Кайсы сөздү ташымалдоого болбойт?

a)

туюк, заалым, саяк

b)

уулуу, аалым, Маметкалый

c)

сүйүү, тартип, мээрим

d)

кулан, аялуу, подьезд

25.

Берилген сүйлөмдөгү кайсы сөз сүйлөмдө эч кандай кызмат аткарбайт? Мына , акыры ушул ишке кабылмакпыз.

a)

мына

b)

акыры

c)

ушул

d)

ишке