wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр

Total questions: 15

Worksheet time: 8mins

Name
Class
Date
1.

Тең байланыштагы татаал сүйлөмдү тапкыла.

a)

Эми келип-кеткендер көбөйүп ызы-чуулар башталат.

b)

Тамак-ашыбыз даяр,каалоочулар келе беришсин.

c)

Баягы проблемамды эстей коюп,дароо иштей баштадым.

d)

Мен кетсем да,сен кетпе.

2.

Төмөндөгү сүйлөмдөрдүн ичинен кайсыны бириктирсек толук маанилүү татаал сүйлөм болот?

1.Күн ысый баштады.

2.Жамгыр жаабай койду.

3.Чөп чабыш керек.

4.Сууну үнөмдөш керек.

a)

1,2

b)

2,4

c)

2,3

d)

3,4

3.

Мезгилдеш тең байланыштагы татаал сүйлөмдү тапкыла.

1.Кечигип жатам,чуркашым керек.

2.Эшикте жан жок,көчө жымырт.

3.Тоону суу бузат,элди чуу бузат.

4.Конок келетат,бир сындырым нан жок.

a)

1,2

b)

2,3

c)

2,4

d)

3,4

4.

Көбүрөөк иштешсин үзүрүн көрөт.

иштешсин деген сөздөн кийин кандай тыныш белги коюлат?

a)

үтүр

b)

СЫЗЫКЧА

c)

кош чекит

d)

үтүрлүү чекит

5.

Кайсы тең байланыштагы татаал сүйлөмгө тыныш белги туура коюлган?

a)

Ал абдан кыйналып жүрөт:барар жери жок,жээр наны жок.

b)

Атаңдын айтканын аткар,талаада калбайсың

c)

Аябай жыргап жатат:ЖРТни жакшы тапшырган окшойт.

d)

Жыландын уусу тилинде-жамандын уусу ичинде.

6.

Ажыраткыч тең байланыштагы татаал сүйлөмдү тапкыла.

a)

Турмуш татаал,бирок кызыктуу

b)

Атам эмгекчил, а мен жалкоомун.

c)

Көп иштеш керек,же көп окуш керек.

d)

Максатың так болсун,болбосо кыйналасың.

7.

Орунду билдирген татаал сүйлөм кайсы вариантта.

a)

Ниет жүрөктөн,ой акылдан.

b)

Билеги күчтүү бирди жыгат,билими күчтүү миңди жыгат.

c)

Ынтымак элде,ач көздук менде.

d)

Ачуу-душман,акыл-дос.

8.

Шаарыбызда мектеп-гимназиялардын саны өсүүдө,______билим сапатынын жакшырышы билинбейт.

Сызыкчанын ордуна кандай байламта коюлат?

a)

Себеби

b)

анткени менен

c)

ошондуктан

d)

болбосо

9.

Бул китеп атамдан улуу болсо керек кагаздары бирикпей калыптыр.

керек деген сөздөн кийин кандай тыныш белги коюлат?

a)

үтүр

b)

сызыкча

c)

кош чекит

d)

үтүрлүү чекит

10.

Эр намысы-эл намысы.

Эл деген сөз сүйлөмдө кандай милдет аткарат?

a)

аныктоочтук

b)

толуктоочтук

c)

баяндоочтук

d)

бышыктоочтук

11.

Өнөрү жок жигит канаты жок куш.

Сүйлөмгө кайсы тыныш белги жетишпейт.

a)

сызыкча

b)

кош чекит

c)

үтүр

d)

баары жетиштүү

12.

Шартташ тен байланыштагы татаал сүйлөм кайсы кайсы вариантта.

a)

эртерээк башташсын-кечке дейре бүтүп калышат.

b)

Баары бүттү,эми эс алабыз.

c)

Мындайга чыдабайбыз:жумуш оор.

d)

Эртерээк бүтсө экен:чарчадык

13.

Кол кап :шакек

a)

чай:кофе

b)

өчөшүү:согуш

c)

февраль:январь

d)

чөнтөк:намыян

14.

Сынак:жыйынтык

a)

тапанча:ок

b)

календарь:ай

c)

өндүрүү:сатуу

d)

бузулуу:оңдоо

15.

Дарылануу:айыгуу

a)

сүйлөшүү:айтышуу

b)

сугаруу:өсүү

c)

уялуу:кызаруу

d)

чарчоо:иштөө