wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Мугалимдерден алынуучу педегогикалык тест

Total questions: 20

Worksheet time: 10mins

Name
Class
Date
1.

1. Мектеп окуучуларынын билимине болгон талаптар кайсыл мамлекеттик документте белгиленет?

a)

а) КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамында

b)

б) “Мугалимдин статусу жөнүндөгү” мыйзамда

c)

в) Мектептин билим берүүнүн мамлекеттик стандартында

d)

Г) Окуу планында

2.

2. Мектептик билим берүү канча баскычтан турат жана ал кайсыл мамлекеттик документте белгиленген?

a)

а) 4 баскычтан, КРнын Конституциясында

b)

б) 3 баскычтан, Мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандартында

c)

в) 4 баскычтан, КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамында

d)

г) 3 баскычтан,КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамында

3.

3.Билим берүү системасынын тармактары боюнча негизги идеяларды, багыттарды жана жоболорду белгилеген документ кандай аталат?

a)

а) Мыйзам

b)

б) Жобо

c)

в) Концепция

d)

г) Инструкция

4.

4. Мектептик ички сынактарды өткөрүү кайсыл локалдык документке таянып өткөрүлөт?

a)

а) Уставка   

b)

б) Педкеңештин чечимдерине

c)

в) Мектептин окуу планына  

d)

г) Жоболорго

5.

5. Мектептеги жогорку башкаруу органы бул:

a)

А) Педагогикалык Кеңеш

b)

Б) Мектептик жалпы чргулуш

c)

В) Мектеп администрациясы

d)

Г) Кесиптик кошундун чогулушу

6.

6. Окутуунун кайсыл усулдар тобу артыкчылыкка ээ?

a)

А) Пасивдүү  усулдар тобу

b)

Б) Активдүү усулдар тобу

c)

В) Интерективдүү усулдар тобу

d)

Г) Ар биринин өзүнчө артыкчылыктары бар

7.

7. Окуу-тарбия иштеринин жүргүзүлүшүнө үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү жана ал боюнча маалыматтарды топтоо, иликтөө процесси бул:

a)

А) Мониторинг 

b)

Б) Окуу-тарбия процессин анализдөө

c)

В) Окуу-тарбия процессин көзөмөлдөө 

d)

Г) Педагогикалык лидерлик

8.

8. Мектептеги усулдук кызматтын негизги звеносу бул:

a)

А) Усулдук кеңеш  

b)

Б) Усулдук бирикме

c)

В) Усулдук окуу  

d)

Г) Ачык сабактар

9.

9. Мектептик пландардын кайсынысында каржылык пландар белгиленет?

a)

А) Окуу жылына түзүлгөн планда

b)

Б) Окуу жылынын жарым жылдыктарына түзүлгөн пландарында

c)

В) Стратегиялык планда

d)

Г) Окуу планында

10.

10. Үзгүлтүксүз кайтарым байланыш-бул:

a)

А) Жыйынтыктоочу баалоо

b)

Б) Калыптандыруучу баалоо

c)

В) Окуучулардын окуу жетишкендиктери боюнча маалымат топтоо

d)

Г) Насаатчылык

11.

11. Инсанга багыттап окутууда  окутуунун борборунда:

a)

А) План турат

b)

Б) Окуучу (инсан) турат

c)

В) Мугалим (инсан) турат

d)

Г) Окуу-тарбия процессинин катышуучулары (ата-эне, окуучу, мугалим)

12.

12. Чоңдорду окутууга арналган илим:

a)

А) Педагогика

b)

Б) Психология

c)

В) Философия

d)

Г) Андрогогика

13.

13. Лидер-жетекчи же жөн эле лидер болуунун ачкычы эмнеде?

a)

А) Башкаларды үйрөтүүдө

b)

Б) Башкаларды каалабаса да өз артынан эрчитүүдө

c)

В) Үйрөнүүдө

d)

Г) Башкалардын кызыкчылыгы өз кызыкчылыгынан жогору коюуда

14.

14. Педагогикалык жамааттын мүчөлөрүнүн функционалдык милдеттери мектептик кайсы документте белгиленет?

a)

А) Уставда

b)

Б) Окуу жылына түзүлгөн планда

c)

В) Окуу планында

d)

Г) Атайын жоболордо

15.

15. Мектептик компоненттин сааттарын бөлүштүрүү маселесин ким чечет?

a)

А) КРнын билим берүү мониторинги

b)

Б) Райшаардык билим берүү бөлүмдөрү

c)

В) Мектеп өз алдынча

d)

Г) Антимонополиялык комитет

16.

16. Окутуунун интерактивдүү усулдарын колдонуп сабак өтүүдө мугалимдин ролу кандайча өзгөрөт?

a)

А) Ролу төмөндөйт, анткени окуучулар өздөрү эле берилген тапшырмаларды аткара беришет

b)

Б) Ролу мурдагыдай эле калат

c)

В) Ролу жогорулайт, анткени окуучулардын аткарып жаткан иштерин тынымсыз багыттап турат

d)

Г) Багыттоочу роль окуучуларга өтөт

17.

17. Насаатчылык бул:

a)

А) Тажрыйбалуу мугалимдин тажрыйбасы аз мугалимге насаатчылык кылуусу

b)

Б) Тең деңгээлдеги мугалимдердин (мугалим-мугалимге)бири-бирине насаатчылыгы

c)

В) Мугалимдердин мугалимдерге насаатчылыгы

d)

Г) Жогорудагылардын бардыгы

18.

18. Класс жетекчилер боюнча УБ жетекчилери өз ишин уюштурууда кайсыл документтерди жетекчиликке алат?

a)

А) КРдин Конституциясын жана КРдин “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамын

b)

Б) Усулдук бирикме жөнүндөгү жобону

c)

В) Мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандартын жана предметтик стандарттарды

d)

Г) Жогорудагылардын бардыгы

19.
  1. 19. Башкаруу процессинин негизги функциялары?

a)

А) Каттоо, иш кагаздары

b)

Б) Пландоо, уюштуруу, демилге берүү, көзөмөл жүргүзүү

c)

В) Өндүрүш, алмаштыруу, бөлүштүрүү

d)

Г) Интеграция, диверсификация

20.
  1. 20. Көзөмөлдүн негизги милдеттери?

a)

А) Бизнес процесстерди моделдөө, бизнес үлгүрлөрдү долбоорлоо

b)

Б) Уюмдун стратегиялык максаттарын жана милдеттерин пландаштыруу жана божомолдоо

c)

В) Уюмдун өндүрүмүн илгерилетүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу, инвесторлорду издөө

d)

Г) Көзөмөлдүк көрсөткүчтөрдү аныктоо, аларды баалоо, чектөөлөрдү жана анын себебин аныктоо, анализдөө, оңдоп-түзөөлөрдү ишке ашыруу