Font size
S
M
L
XL
WorksheetsПедагогика жана психология
Total questions: 100
Worksheet time: 50mins
Name
Class
Date
1.
Окуучулардын билимин баалоодо кандай ыкманы колдонуу натыйжалуу болот?
a)
унчукпай баалоо
b)
сабактын ортосунда баалоо
c)
мактап коюу
d)
объективдүү комментариялап баалоо
2.
Мугалимдер үчүн «Рейндик баракчаларды», б.а. усулдук макалаларды жазган жана басмадан чыгарган педагог ким?
a)
И.Гербарт
b)
Песталоцци
c)
М.Ломоносов
d)
А.Дистерверг
3.
Гуманист педагог …
a)
К.Маркс
b)
И.Гербарт
c)
Ш.Фурье
d)
Г.Песталоцци
4.
"Эмоция" деген кайсы сөздөн алынган?
a)
кыргыз
b)
кытай
c)
орус
d)
латын
5.
Педагогика илиминин составдык бөлүктөрү кайсылар?
a)
психология, окутуунун усулу, тарых
b)
онтология, диалектика, грамматика
c)
геометрия, психология, физика
d)
дидактика, дефектология, билим берүүнүн тарыхы
6.
"Психология" деген алгачкы трактат канчанчы жылы чыккан?
a)
1050-жылы
b)
900-жылы
c)
б.з.ч. 1-к
d)
1500-жылы
7.
Мектепте, лицейде, гимназияда, кесиптик окуу жайларда жана ЖОЖдордо ырааты менен окула турган предметтердин, дисциплиналардын катары кайсыл документтерде көрсөтүлөт?
a)
календардык планда
b)
окуу китебинде
c)
күндөлүк сабакка жазылган иштелмеде
d)
окуу планы, окуу программасында
8.
Орто кылымдагы диний мектептерде, б.а. медреселерде окутулган китептердин аталышы кандай?
a)
жети эркин искусство
b)
география, тарых, санжыра
c)
латын, грек, испан, орус тилдеринин тарыхы
d)
Сополдияр (Сопу–алдиярдын китеби )аптиек,чагар китеп
9.
Конфликт – бул ...
a)
кайсы бир маселе боюнча айрым адамдардын, топтордун, өлкөлөрдүн ортосунда пикир келишпестиктен, чыр-чатак, талаш-тартыш пайда болгон кырдаал
b)
элдердин талаш-тартышы
c)
жаныбарлардын тиштеши
d)
топтордун ортосундагы келишпестик
10.
«Баламдын сөөгү меники, эти сиздики» деп ата-энелер балдарын кандай мектепке тапшырышкан?
a)
аскердик окуу жайга
b)
мектепке
c)
интернатка
d)
медресеге
11.
Психоанализ багытынын өкүлү ...
a)
Л.Занков
b)
А.Гитлер
c)
Аристотель
d)
З.Фрейд
12.
Тарбия ишинде танапис болобу?
a)
болот
b)
ойлонуу керек
c)
зарыл
d)
болбойт
13.
Окуучу сөздү катасыз, тез жана сулуу жазышы үчүн 1-4-класстарда окуган мезгилде жазуу дептерине канча барактан кем эмес жазуусу зарыл?
a)
2000 барак
b)
2400 барак
c)
3000 барак
d)
1400 барак
14.
Китепти түшүнүп, тез жана шыдыр, көркөм окушу үчүн окуучу үйдө жана мектепте канча саат үн кубулжутуп жана канча саат үнүн чыгарбай ичинен окушу керек?
a)
300 саат үн кубулжутуп, 3000 саат ичинен окушу керек
b)
100 саат үн кубулжутуп,1500 саат ичинен окушу керек
c)
100 саат үн кубулжутуп,1200 саат ичинен окуш керек
d)
200 саат үн кубулжутуп, 2000 саат ичинен окушу керек
15.
Окутуу ишин уюштуруунун негизги формасы эмне?
a)
кружок
b)
класстан тышкаркы иш
c)
байкоо
d)
сабак
16.
«Педагогикалык поэманы» жазган советтик педагог ким?
a)
А.Луначарский
b)
М.Калинин
c)
Н.Крупская
d)
А.Макаренко
17.
Эл аралык «Себат» (Сапат) билим берүү мекемелеринин Кыргызстандагы ишмердиги канчанчы жылдан башталган?
a)
1993-ж.
b)
2000-ж.
c)
2015-ж.
d)
1992-ж.
18.
Мониторинг - бул ...
a)
операциялык жумуштун бөлүгү
b)
окутуунун техникалык каражаты
c)
тереңдетилген окуу
d)
билим берүү процессин балоо, прогноздоо, байкоо
19.
Бихевиоризмдин өкүлдөрү жүрүш-туруш, айлана-чөйрөгө көз карандылыгы кандай болот деп айтышкан?
a)
ката
b)
туура эмес
c)
негизсиз
d)
туура айтышкан
20.
Жалпыга милдеттүү орто билим жөнүндөгү” мыйзам канчанчы жылы кабыл алынган?
a)
1968-жылы
b)
2010-жылы
c)
1985-жылы
d)
1974-жылы
21.
Билим алуунун, окутуу ишинин негизги формасы ...
a)
байланыш каражаттары
b)
аңгемелешүү
c)
көргөзмөлүү сабак
d)
сабак
22.
Мектепте «Ата-энелер университетин» уюштурган советтик педагог ...
a)
А Макаренко
b)
Н.Крупская
c)
А.Луначарский
d)
В.Сухомлинский
23.
Темпераменттин түрлөрү ...
a)
акыйкат, эмгекчил, пакизал
b)
физик, математик, лирик
c)
эрк, эмгек, максат, туруктуулук
d)
меланхолик, сангвиник, холерик, флегматик
24.
Кредиттик саат деген эмне?
a)
акча каражатын карыз алуу
b)
белгилүү теманы окуп, сынак тапшыруу
c)
жаңы окуу китептерин окуп чыгуу
d)
белгилүү академиялык саат окуп, студенттердин өз алдынча билим алып, белгилүү сабакка милдеттүү даярдануусу
25.
Гештелть психологиянын өкүлдөрү ...
a)
Л.Уманский, Д.Менделеев
b)
Аристотель, Сократ
c)
И.Сеченов, Э.Торндайк
d)
М.Ломоносов, Петр 1
e)
М.Вертгеймера, К.Кофки
26.
Личность деп эмнени айтабыз?
a)
баскан турганына жооп бере албайт
b)
чоң кишилер
c)
жаңы төрөлгөн бала
d)
баскан турганына жооп бере алган, өзүн башка бирөөлөрдөн “мен” деген түшүнүккө ээ болгон акыл-эстүү адам
27.
Индивид деген эмнени билдирет билдирет?
a)
жапайы адам
b)
билимдүү адаи
c)
өзүнчө кайталангыс адам
d)
өзүнүн баскан турганына жооп бере албаган, кимдир бирөөнүн кароосуна муктаж адамды
28.
Сезим менен эмоциянын негизги функциясы ...
a)
предметти сүрөттөө
b)
кыйноо, талап кылуу
c)
эс алуу
d)
сигналдык жана ырааттоочулук
29.
Меланхолик адамдын мүнөздүү белгиси кандай болот?
a)
көпкө кыйналат
b)
тез унутат
c)
сөзгө сараң
d)
узакка чейин минордук абалда болот, уялчаак, тартынчаак
30.
Башталгыч класстардын окуучуларына берилген үй тапшырма канча сааттан ашык болбоосу керек?
a)
5 сааттан
b)
2-2,5 сааттан
c)
3 сааттан
d)
1,5 сааттан
31.
Идеясыз адамдар акыры эмнеси менен калат?
a)
апасы
b)
эч нерсеси
c)
жаныбары
d)
сезимдери
32.
Тарбиялоо - бул баарынан мурда эмне?
a)
таза болуу
b)
өзүн-өзү сүйүү
c)
айткандарын аткаруу
d)
өзүн-өзү тарбиялоо
33.
Педагогикалык психология илиминде үйрөнүүнүн концепциясын негиздегендер кимдер?
a)
И.Сеченов, П.Блонский
b)
Ч.Айтматов, Б.Алыкулов
c)
Плутарх, Геродат
d)
В.Ительсон, Н.Метельский
34.
Ар бир атуулдун мекен алдындагы анын жана канча парзы болот?
a)
бир кесиби
b)
болжогон кесиби же парзы бар
c)
Ата мекенди коргоо жана сүйгөн кесиби бар
d)
парзы бар
35.
Жакшы мугалим - бул баарынан мурда кандай адам?
a)
жөнөкөй адам
b)
кесибин сүйгөн педагог
c)
жакыр адам
d)
баарынан мурда ал жакшы адам
36.
Кесипти туура тандоо адамга эмне үчүн зарыл?
a)
мактануу үчүн
b)
турмушка чыгуу үчүн
c)
дипломдуу болуу үчүн
d)
тандаган кесиби менен бактылуу болуу үчүн
37.
Ассоциативдик теориянын принциптерин кимдер негиздеген?
a)
Ж.Руссо
b)
Ф.Бэкон
c)
А.Шопенгауэр
d)
Я.Коменский
38.
«Инновация» термини кайсы тилден алынган жана кандай түшүнүктү билдирет?
a)
грек тилинен алынган, тарбия дегенди билдирет
b)
немец тилинен алынган, окуу дегенди билдирет
c)
орус тилинен алынган, жаңылык дегенди билдирет
d)
латын тилинен алынган жаңылануу, өзгөрүү, жаңылык киргизүү
39.
Мектеп жөнүндөгү алгачкы маалымат кайсы өлкөнүн жылнаамасында кездешет?
a)
япон жылнаамасында
b)
орус летописинде
c)
"Манас" эпосунда
d)
Байыркы Египеттик жылнаамада
40.
«Баланын акылы анын жонунда, аны урганда гана угат» деген учкул сөз кайсы элдин байыркы жазуусунда сакталган?
a)
кыргыз
b)
өзбек
c)
орус
d)
египет
41.
Шарттуу рефлекс концепциясын ким негиздеген:?
a)
Г.Песталоцци
b)
А.Дистерверг
c)
Дж.Локк
d)
Ж.Руссо
42.
"Педагогика" деген грек сөзү кандай маанини билдирет?
a)
башкаруучу
b)
жаратуучу
c)
сакчы
d)
баланы алып жүрүүчү
43.
Кайра жаралуу доорундагы көрүнүктүү италиялык гуманист педагог ким?
a)
Х.Вивас
b)
Э. Роттердамский
c)
Ф. Рабле
d)
В.де Фельтр
44.
Кенже мектеп жашындагы балдардын ойлоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө баалуу пикирлерин сунуш кылган агартуучу педагогдор кимдер?
a)
Л.Занков.С.Лазо
b)
Н.Метельский, Г. Жуков
c)
Д.Менделеев, А.Курчатов
d)
В.Давыдов, П.Блонский
45.
Педагогиканы философия илиминен өз алдынча илим деп бөлгөн 17-кылымдагы белгилүү философ жана табият таануучу ким?
a)
Ф.Аквинский
b)
Дж. Локк
c)
А.Новаи
d)
Ф.Бэкон
46.
Педагогика илиминин статусун бекемдеген кайра жаралуу доорундагы белгилүү педагог ким?
a)
А.Яссави
b)
Дж.Локк
c)
А.Кунанбаев
d)
Я Коменский
47.
«Мысли о воспитании» деген чыгармасында тарбиянын психологиялык негизине көңүл бурган агартуучу ким?
a)
Г.Песталоцци
b)
И.Кант
c)
Ушинский
d)
Дж.Локк
48.
«Баладагы шоктукту, тентектикти күч колдонуп токтотуу» жөнүндөгү консервативдүү ойду айткан педагог ким?
a)
А.Дистерверг
b)
К.Тыныстанов
c)
В.Сухомлинский
d)
И.Гербарт
49.
Немец мугалимдеринин мугалими ким болгон?
a)
И.Кант
b)
Ф.Энгельс
c)
К.Маркс
d)
А.Дистерверг
50.
«Берестян баракчалары» кайсы өлкөдө сабатсыздыкты жоюу, кат алышуу максатында колдонулган?
a)
Германия
b)
Франция
c)
Украина
d)
Россия
51.
Россиянын императорунун балдарын (Алексейди, Феодорду, Софияны) тарбиялаган белгилүү белоруссиялык кайсыл агартуучу болгон?
a)
К.Ушинский
b)
А.Лукашенко
c)
С.Полоцкий
d)
билбейм
52.
Сангвиник адамдын мүнөздүү белгиси кандай болот?
a)
тунт
b)
эрктуу
c)
адептуу
d)
көңүлдүү, жагымдуу
53.
Орустун илимий педагогикасынын негиздөөчүсү жана мектеп реформатору ким болгон?
a)
Н.Пирогов
b)
Л.Толстой
c)
П.Каптерев
d)
К.Ушинский
54.
Балдар үчүн жазылган «Детский мир», «Родное слово» деген китептердин автору ким?
a)
М.Ломоносов
b)
А.Макаренко
c)
А.Пирогов
d)
К.Ушинский
55.
«Вопросы жизни» деген макаласы менен өзүнүн педагогикалык ишмердигин аргасыздан баштаган врач жана падагог ким болгон?
a)
А.Смит
b)
А.Осмонов
c)
С.Перовская
d)
Н.Пирогов
56.
Мотив – бул ...
a)
адамды иш-аракетке ниеттендирген, керектүүнү канаттандырууга багытталган личностун психикалык иш-аракети
b)
личностун психикалык иш-аракети
c)
личностун психикалык жүрүм-туруму
d)
личностун психикалык ойлоосун калыптандыруу
57.
«Эркин тарбиялоо» идеясын колдогон орус жазуучусу жана ойчулу ким болгон?
a)
Ю.Лермантов
b)
А.Пушкин
c)
А.Герцен
d)
Л.Толстой
58.
18-кылымда биринчи мугалимдер семинариясы кайсы өлкөдө, шаарда уюштурулган?
a)
Россия, Москва шаары
b)
Франция, Париж шаары
c)
Кытай, Пекин шаары
d)
Германия, Штеттин шаары
59.
Спарта шаар мамлекетиндеги тарбиянын мүнөзү кандай болгон?
a)
диний
b)
эркин
c)
спортук
d)
аскердик
60.
Б.э.ч жашаган Гиппократ адамдын денесиндеги кандай суюктуктарды белгилеген?
a)
сийдик, кан, шилекей, суу
b)
тер, ным, буу, кан
c)
суу, буу, тер, чарчоо
d)
кан, шилекей, кара жана ак өт (желчь)
61.
Байыркы Грек педагогикасын «Воспитание» деген чыгармасында сүрөттөп жазган грек тарыхчысы ким болгон?
a)
Фалес
b)
Сократ
c)
Л Кар
d)
Плутарх
62.
Феодалдык доордо тарбияга кимдер көзөмөл жүргүзүүүгө укуктуу болушкан?
a)
аристократтар
b)
соодагерлер
c)
аскер адамдар
d)
чиркөө кызматкерлери
63.
«Жети эркин искусство» деген сабактардын аталышы кандай?
a)
менеджмент, рынок, бизнес, мониторинг, банкрот
b)
кыргыз тили, орус тили, тарых, музыка
c)
орус тарыхы, география, астрономия
d)
грамматика, риторика, диалектика, арифметика, геометрия, астрономия, музыка
64.
Орто кылымдагы рыцарлар кандай өнөрлөрдү билүүгө милдеттүү болушкан?
a)
меймандостукту, чабандестикти
b)
саякатка чыгууну, соода жүргүзүүнү
c)
суучулдукту, ырчылыкты
d)
чабандестикти, суучулдукту, кылычбаздыкты, бийлөөнү, шахмат ойноону, ырдоону
65.
Билимдин мазмунун аныктоочу документтер кайсылар?
a)
план, сынак
b)
журнал, чейрек, контролдук иш
c)
зачет, сынак, курстук иш, рейтинг
d)
окуу планы, окуу программасы, окуу китеби
66.
«Кубанычтын мектеби» дегенди кайсыл педагог түзгөн?
a)
Л.Толстой
b)
К.Тыныстанов
c)
А.Католиков
d)
В.Сухомлинский
67.
Төмөнкүлөрдүн ичинен кимиси советтик көрүнүктүү педагог болгон?
a)
И. Сталин
b)
А. Коменский
c)
М.Шолохов
d)
А. Макаренко
68.
Холерик адамдын мүнөздүү белгиси кандай болот?
a)
жоош
b)
коркунучтуу
c)
жагымдуу
d)
агрессивдүү, жеңил ишти туруктуу аткарбайт
69.
«Класс сабак системасын» ким сунуш кылган?
a)
А.Смит
b)
К.Ушинский
c)
А.Макаренко
d)
Я.Коменский
70.
Жаңычыл педагогдор кимдер?
a)
Макаренко, В.Сухомлинский, Н.Крупская
b)
С.Шацкий, С.Лысенкова, А.Шайбеков
c)
Г.Песталоцци, И.Гербарт, А.Дистерверг
d)
Ш.Амонашвили, С.Лысенкова, В.Шаталов
71.
Флегматик адамдын мүнөздүү белгиси кандай болот?
a)
таш боор
b)
буйрукчул
c)
адамгерчиликтүү
d)
туруктуу, айткан сөзүн жерге таштабайт
72.
Төмөнкүлөрдүн кайсынысы авторитардык педагогикага дал келет?
a)
бир нерсе талап кылат, сыйлайт
b)
баланы сыйлайт, урматтайт, кайгысын, кубанычын бөлүшөт
c)
ойлонтот, издетет, таптырат
d)
окутат, сурайт, баалайт, коркутат, талап кылат
73.
Төмөнкүлөрдүн кайсынысы окутуунун принциптерине кирет?
a)
география, адабият
b)
акыл, дене, адептүүлүк тарбиясы
c)
себеп натыйжа
d)
аң-сезимдүүлүк, активдүүлүк, системалуулук
74.
Кайсылар тарбиянын составдык бөлүктөрүн билдирет?
a)
сөз түркүмү, сөз айкашы
b)
формасы жана мазмуну
c)
илимийлүүлүк жана бекемдик
d)
адеп, акыл, дене тарбиясы, эстетикалык, эмгек тарбиялары
75.
“Окуунун теориялык белгилүү деңгээлде кыйындыкта болуу” принцибин сунуш кылган советтик психолог ким?
a)
Л.Кипанидзе
b)
П.Выготский
c)
С.Шацкий
d)
Л.Занков
76.
Совет өлкөсүндө “Жалпыга милдеттүү башталгыч билим берүү” мыйзамы канчанчы жылы кабыл алынган?
a)
1919-жылы
b)
1922-жыл
c)
1918-жыл
d)
1930-жыл
77.
Дидактика түшүнүгүн илимге биринчи киргизген философ жана ойчул ким болгон?
a)
А.Дистерверг
b)
И.Гербарт
c)
И.Кант
d)
А.Ратке
78.
Руханий дүйнөнүн өзүнчө бир обьектиси болгон илим кайсыл коомдо жаралган?
a)
феодалдык
b)
коммунисттик
c)
каипталисттик
d)
кул ээлөөчүлүк
79.
Кыргызстандык алгачкы агартуучу ким
a)
Токтогул Сатылганов
b)
Тоголок Молдо
c)
Ч.Айтматов
d)
К. Тыныстанов
80.
"Адамдын башы таза доска" деген учкул сөздү ким айткан?
a)
Ч.Дарвин
b)
Г.Песталоцци
c)
М.Ломоносов
d)
Дж. Локк
81.
Кайсыл мезгилден баштап психологиялык кубулуштар философиялык иштердин предмети катары карала баштаган?
a)
алгачкы общиналык коомдон
b)
акыркы учурда
c)
1930-жылдан бери
d)
байыркы Грецияда
82.
Обьективдүү дүйнө дайыма кыймылда жана өзгөрүүдө болгондуктан чагылдыруу кандай түрдө болбойт?
a)
туруктуу
b)
бош
c)
негизсиз
d)
катып калган кыймылсыз
83.
“Жан дүйнө” деген китептин автору ким?
a)
Лао Цзы
b)
Аристотель
c)
Сократ
d)
А.Макаренко
84.
«Улуу дидактика» деген педагогикалык чыгарманын автору ким?
a)
Л.Толстой
b)
И.Гербарт
c)
ДЖ.Локк
d)
Я.Коменский
85.
«Мугалимдин статусу жөнүндөгү» мыйзам канчанчы жылы кабыл алынган?
a)
2005-жылы 10. 11.
b)
2003-жылы 20.03.
c)
2009-жылы 15.09.
d)
2001-жылы 14.01.
86.
Индивидуалдулук - бул личностун кандай белгиси?
a)
дал өзү
b)
досу
c)
шериги
d)
оргиналдуулугу, башкалардан өзгөчөлүгү, кайталанбастыгы
87.
«Немец мугалимдеринин билим алуусуна жетектеме» деген дидактикалык эмгекти кайсыл педагог жазган?
a)
К.Маркс
b)
М.Ломоносов
c)
А Дистерверг
d)
И.Гербарт
88.
«Адамды ар тараптан тарбиялагысы келген педагогика, баарыдан мурда ал адамдын өзүн ар тараптан билүүсү зарыл» деген учкул сөздү кайсыл педагог айткан?
a)
Л.Толстой
b)
Б.Апыш
c)
Ж.Жоробеков
d)
К.Ушинский
89.
“Адам - бул өзү кандай система?” деген академик И.Павлов ким?
a)
иштетүүчү
b)
оңдоочу
c)
коргоочу
d)
оңдоп түзөөчү
90.
Я.Коменский окутуунун кайсыл принциптерин негиздеген?
a)
атооч, илик, табыш
b)
себеп-натыйжа, кокустук-зарылдык
c)
арифметика, геометрия
d)
көргөзмөлүүлүк, системалуулук, аң-сезимдүүлүк
91.
И.Сеченовдун психологиялык теориясынын идеялык негизин кайсыл кылымдын философиясы түзгөн?
a)
орто кылым
b)
байыркы Грек
c)
орус революциялык демократтарынын
d)
агартуу доорунун
92.
Билим берүүнүн тарыхы жана философиясы предмети эмнени үйрөтөт?
a)
ойчулдардын жана педагогдордун өмүр баянын
b)
Кыргызстандагы билим берүүнү
c)
чет өлкөлөрдөгү мектеп жана тарбия ишинин уюштурулушун
d)
билим берүү жана тарбия ишинин пайда болушун
93.
Алгачкы мектеп деген түшүнүк кайсы өлкөдө пайда болгон?
a)
Кытайда
b)
Грецияда
c)
Россияда
d)
Тигр жана Ефрат эки дарыя ортосундагы өлкөлө
94.
Психологиялык кубулуштарды түшүнүү жана түшүндүрүү боюнча алгачкы аракеттер кайсыл доордо болгон?
a)
совет доорунда
b)
феодалдык доордо
c)
коммунизм доордо
d)
алгачкы общиналык доордо
95.
Афинадагы палестра мектебинде эмнени үйрөткөн?
a)
жазууну жана окууну
b)
музыканы
c)
жүгүрүү, секирүү, күрөшүү, диска жана найза ыргытытууну
d)
драмалык чыгармаларды окуп, музыканы коштоп ырдоону
96.
Сезүүнү классификациялоосунда: дистанттык - аралыктан сезүү деген эмнеги түшүндүрөт?
a)
сүйлөшүү
b)
учурашуу
c)
кучакташуу
d)
алыстан угуу, көрүү, жыт билүү
97.
ХII-ХIV кылымда «Кат сабаттын мастерлери» кайсыл өлкөдө иш жүргүзгөн?
a)
Германия
b)
Египет
c)
Украина, Белоруссия
d)
Россия
98.
Балдардын курактык өзгөчөлүгүн 0-6-жаш, 6-12-жаш, 12-15-жаш жана 15тен калыптанган мезгилдер деп бөлүштүргөн ойчул педагогду атагыла?
a)
Я.Коменский
b)
ДжЛокк
c)
А.Дистерверг
d)
Ж.Ж.Руссо
99.
Мектептерде колдонулуп жүргөн беш баллдык система канчанчы жылдан бери колдонулуп жүрөт?
a)
1930-жылдан
b)
1940-жылдан
c)
1917-жылдан
d)
1944-жылдан
100.
Кептин физиологиялык негизин эмне түзөт?
a)
тамга
b)
тыбыш
c)
сөз
d)
экинчи сигналдык система
Reset
