WorksheetsИнтенсив 2 тест анатомия
Total questions: 51
Worksheet time: 26mins
Name
Class
Date
1.
Аты жөнү
4 lines
2.
Төмөндөгү органдардын кайсынысы дененин ар кандай көңдөйүндө ар кандай жайгашуусу менен башкалардан айырмаланат?
1. ашказан
2. жүрөк
3 бөйрөк
4. боор
5. көк боор
a)
1,2
b)
2
c)
3
d)
4,5
3.
Чуркоо учурунда спортчунун организминде болуп жаткан кандай процесс жылуулуктун пайда болушун азайтууга багытталат?
1. Тер бездеринин бөлүнүшү
2. Тери астындагы тамырлардын жооноюшу
3. Булчундардын интенсивдүү жыйрылышы
a)
1
b)
3
c)
1,2
d)
2,3
4.
Төмөнкүлөрдүн кайсынысы клетканын
азыктанышын жана дем алышын түздөн-түз камсыздайт?
a)
кан
b)
лимфа
c)
цитоплазма
d)
клетка аралык зат
5.
Диафрагма адам денесинин кайсы көңдөйүнүн ортосунда жайгашкан?
a)
Курсак жана жамбаш көңдөйүнүн ортосунда
b)
Курсак жана көкүрөк көңдөйүнүн ортосунда
c)
Көкүрөк жана жамбаш көңдөйүнүн ортосунда
d)
Г) Курсак жана омуртка тутуму көңдөйүнүн ортосунда
6.
Кол ысык чайнекке тийгенде кыймылдаткыч нейрондор импульстарды кайсы органга жиберет?
a)
Бет булчундарына
b)
жүлүнгө
c)
мээге
d)
ийиндин эки баштуу булчуңуна
7.
Адам денесинин кайсы көңдөйүндө аба жок?
a)
Ортонку кулак көңдөйүндө
b)
плевра көңдөйүндө
c)
ооз көңдөйүндө
d)
сырткы угуу түтүгүндө
8.
Төмөнкү органдардын кайсынысы канды сактабайт?
1. өпкө
2. боор
3. mepu
4. бөйрөк
5. көк боор
a)
4
b)
1,3,4
c)
1,2
d)
1,5
9.
Төмөнкү кайсы процесстерге үч орган тең катышат?
1. өпкө
2. бөйрөк
3. боор
a)
эритроциттердин ажырашы
b)
кандын тазаланышы
c)
организмден ашыкча туздардын чыгышы
d)
канды кычкылтек менен байытуу
10.
Бир гана курсак көңдөйүндө жайгашкан
органды көрсөткөлө
1. трахея
2 ашказан
3 үстүңкү вена көңдөйү
4. кызыл өңгөч
5 боор.
a)
4,5
b)
1,3
c)
2,4
d)
2,5
11.
Схемада боорго кирген жана чыгуучу тамырлар керсетулган. Схеманын негизинде, кайсы ырастоо туура?
a)
1 деги кычкылтектин курамы 2 тамырга салыштырмалуу аз
b)
2 деги азык заттардын курамы 1 тамырга салыштырмалуу аз
c)
2 деги зыяндуу заттардын курамы 3 тамырга салышытрмалуу аз
d)
2 деги майлардын курамы 1 тамырга салыштырмалуу аз
12.
Төмөндө берилген кайсы органдарда кан
туздардан тазаланат?
1 өпкө
2. боор
3 mepu
4. бөйрөк
5. как боор
a)
2,5
b)
1,3,4
c)
3,4
d)
1,2
13.
Адам ысык сууга колун байкабастан
тийгизип, эрксизден колун тартып алды. Бул процессте кайсы система эң аз роль ойнойт?
a)
нерв
b)
скелет
c)
дем алуу
d)
булчун
14.
Адам оң колун муздак сууга, сол колун ысык сууга бир канча убакыт кармады. Андан кийин эки колду тең жылуу сууга малды. Ал суунун температурасын кандай сезет?
a)
Эки колу менен тең жылуу сууну сезет.
b)
Оң колу менен ысык сууну, сол колу менен муздак сууну сезет.
c)
Эки колу менен тең муздак сууну сезет.
d)
Оң колу менен муздак сууну, сол колу менен ысык сууну сезет
15.
Дем алуу аракетинде төш сөөк...
a)
Дем алуу учурунда кабыргалар менен кошо көтөрулөт
b)
Дем чыгарууда кабыргалар менен кошо тушөт
c)
Дем алууда кабыргалар менен кошо түшөт
d)
Дем алууда да, дем чыгарууда да кыймылсыз калат
16.
Сүрөттө кандай процесс көрсөтүлгөн?
a)
конъюгация
b)
пиноцитоз
c)
антителолордун пайда болушу
d)
фагоцитоз
17.
Сүрөттө булчуңдун кандай тканы көрсөтүлгөн?
a)
Туура тилкелүү булчуң
b)
Жылма булчуң
c)
Скелет булчуку
d)
Жүрөк булчуңу
18.
Төмөндө берилгендердин кайсынысы кандын фунцкиясына кирбейт?
a)
Клеткаларга кычкылтек жеткируу
b)
Клеткаларды азык заттар менен камсыз кылуу
c)
Көмүр кычкыл газын өпкөгө жеткирүү
d)
Органикалык заттарды сиңирүүгө катышуу
19.
Сүрөттө капиллярдык система берилген. Кайсы көрсөткүч I жана II бөлүмдөрдүн ортосунда өзгөрбөйт?
a)
Кызыл кан клеткаларынын саны
b)
Кандын басымы
c)
Плазмадагы азык заттардын саны
d)
Кандагы СО2 деңгээли
20.
Төмөндөгү кандын кайсы кызматын түздөн- түз кан плазмасы аткарат?
a)
Кычкылтек ташуу
b)
гормондорду ташуу
c)
антителолорду пайда кылуу
d)
иммунитетти пайда кылуу
21.
Кан ткандын кандай түрүнө кирет?
a)
эпителиалдык
b)
булчуң
c)
кемирчек
d)
бириктирүүчү
22.
Эритроцитке да, лейкоциттерге да мунөздүү касиетти көрсөткүлө:
a)
Ядролору бар
b)
Жиликтин кызыл чучугунда пайда болот
c)
Антителолордун пайда болушуна катышат
d)
Курамында гемоглобин бар
23.
Плазмада эриген азык заттар капиллярдын керегеси аркылуу кайда өтөт?
a)
Түздөн-түз клеткаларга
b)
Канга, андан соң өпкөгө
c)
Ткандагы суюктукка, андан клеткаларга
d)
Түздөн-түз ткандарга
24.
Белгилүү болгондой, биз дем алган
абада кычкылтек (1),
көмүр кычкыл газы (2),
азот (3),
инерттүү газдар (4) жана
суу буусу (5) бар.
Дем чыгарган абада абанын кайсы компонентинин өлчөмү өзгөрүүсүз калат?
a)
1,4
b)
2,3
c)
1,5
d)
3,4
25.
Кычкылтек дем алган абадан канга, көмүр кычкыл газы кандан өпкөгө кандай жол менен өтөт?
a)
пиноцитоз жолу менен
b)
диффузия жолу менен
c)
активдүү ташуу менен
d)
фагоцитоз жолу менен
26.
Кандын эң төмөнку ылдамдыгы (1), эң жогорку кан басымы (2) кайда?
a)
1- веналарда, 2 - капиллярларда
b)
Б) 1 капиллярларда, 2- артерияларда
c)
1 артериаларда, 2 веналарда
d)
1 капиллярларда, 2- веналарда
27.
Убакыттын бирдигинде аортага чыгарылган кандын көлөмү веналар аркылуу оң дүлөйчөгө кайтып келген кандын көлөмүнөн көп болсо, анда бул кубулуштун себеби эмнеде болушу мүмкүн?
a)
Кан айлануунун кичине тегерегинде кан айлануунун ылдамдыгы төмөндөгөн
b)
Ички кан кетүүдөн
c)
Өпкө артериясы жабыркаган
d)
Кан басымы жогорулаган
28.
Кандагы кычкылтектин өлчөмү кайсы тамырда азая баштайт?
a)
Төмөнкү вена көңдөйү
b)
Өпкө веналары
c)
өпкө артериясы
d)
капиллярлар
29.
Капилляр аркылуу кандын жай агымы кандай роль ойнойт?
a)
эритроциттердин санын көбөйтөт
b)
Азык заттар жана кан менен камсыз кылат
c)
Кан басымын көзөмөлдөйт
d)
Кандын лимфа менен аралашуусуна шарт түзөт
30.
Оң карынчадан кеткен кан жүрөктүн кайсы бөлүгүнө кайтып келет?
a)
Оң дүлөйчөгө
b)
Сол карынчага
c)
оң карынчага
d)
Сол дүлөйчөгө
31.
Сүрөттө 2 сан ариби менен кайсы орган белгиленген?
a)
Мурун көңдөйү
b)
Каңылжаар
c)
кекиртек
d)
Ооз көңдөйү
32.
Дем алынган аба биринчи жолу кайсы жерде жылытылат жана нымдалат?
a)
трахеяда
b)
кекиртекте
c)
мурун көңдөйүндө
d)
өпкөдө
33.
Туура жолун көрсөткүлө.
Көкүрөк көңдөйүнүн көлөмү азайган сайын...
a)
диафрагма жыйрылат
b)
кабырга аралык булчундар жыйрылат
c)
дем алуу ишке ашат
d)
диафрагма бошоңдойт
34.
Адамдын тамак сиңирүү системасынын кайсы бөлүгүндө ферменттер жок?
1. ооз
2. кызыл өңгөч
3. ашказан
4. түз ичеги
a)
1,3
b)
2,3
c)
3,4
d)
2,4
35.
Кайсы жооп дем алуу жолдорунун туура ырааттуулугун берет?
1. кекиртек
2. бронхалар
3. трахея
4. каңылжаар
a)
1,2,3,4
b)
1,4,2,3
c)
4,1,3,2
d)
4,1,2,3
36.
Адамдын кадимки дем алуусунда кандай булчуңдар жыйрылып калат?
a)
Кабырга аралык булчундар гана
b)
Диафрагма гана
c)
Кабырга аралык булчуңдар жана диафрагма
d)
Диафрагма да, кабырга аралык булчуңдар да бошондойт
37.
Бул тамырлардын кайсынысында майдын өлчөмү минималдуу?
a)
Ичеги венасы
b)
Курсак аортасы
c)
Үстүнкү көңдөй венасы
d)
Өпкө артериясы
38.
Кызыл өңгөчтүн бир учу ашказанга ачылса, экинчи учу түздөн-түз....
a)
Кекиртекке биригет
b)
Бронхаларга биригет
c)
Кулкунга биригет
d)
Ооз көңдөйүнө биригет
39.
Толук сиңирүүдөн кийин канга суунун көбү тамак сиңирүү системасынын кайсы органында синет?
a)
Арткы тешикте
b)
Ичке ичегиде
c)
Жоон ичегиде
d)
Сокур ичегиде
40.
Белоктордун, майлардын жана углеводдордун ажырашын кайсы бездер камсыздайт?
1. Калкан бези
2. тимус
3. бөйрөк үстүндөгү бездер
4. гипофиз
5. калкан жондоочу без
a)
1,2
b)
2,4
c)
3,5
d)
1,3
41.
Тамак сиңирүү органдарынын негизги кызматы кайсы?
a)
Секретордук, кыймылдаткыч, сиңирүү
b)
кыймылдаткыч
c)
тазалоо, кыймылдаткыч, сиңирүү
d)
Тазалоо, чыгаруу, сиңирүү
e)
секретордук, бөлүп чыгаруу,
42.
Заара сийдик чыгаруучу органдар аркылуу кандай ырааттуулукта өтөт?
1. Сийдик түтүгү
2. бөйрөк капсуласы
3. бөйрөк күлтүгү
4. табарсык
5. бөйрөк түтүктөрү
a)
3,5,2,1,4
b)
2,5,3,1,4
c)
2,3,5,4,1
d)
1,4,2,5,3
43.
Тамак сиңирүү системасынын кайсы
бөлүмдөрүндө органикалык заттарды
ажыратуучу ферменттер түзүлөт?
1. кулкун
2. кызыл өңгөч
3. ашказан
4. боор
5. уйку бези
a)
2,3
b)
1,3,5
c)
3,5
d)
4,5
44.
Төмөндөгү процесстердин кайсынысы ооз көңдөйүндө болбойт?
a)
Тамактын нымдалышы
b)
Углеводдордун салыштырмалуу майда молекулаларга ажырашы
c)
Тамакты чайноо
d)
Белоктордун салыштырмалуу майда молекулаларга ажырашы
45.
Бөйрөктүн негизги кызматын көрсөткүлө.
a)
Организмден ашыкча глюкозаны чыгаруу
b)
Газдардын алмашуусуна катышуу
c)
Организмден зат алмашуунун акыркы продуктуларын чыгаруу
d)
Сиңирилген тамак калдыктарын чыгаруу
46.
Суук мезгилде кандын көбү адам денесинин кайсы жеринде топтолот?
a)
Уйку артериясында
b)
Теринин тамырларында
c)
Курсак көңдөйүнүн тамырларында
d)
Көкүрөк клеткасынын тамырларында
47.
Схемалык сүрөттө кайсы без көрсөтүлгөн?
a)
Бөйрөк үстүндөгү без
b)
тер бези
c)
шилекей бези
d)
кулкуну иштеп чыккан без
48.
Дененин температурасы кантип жөнгө
салынат?
a)
Нерв жана гумордук системалар аркылуу
b)
Гумордук система аркылуу гана
c)
Нерв системасы аркылуу гана
d)
Кыймылдар аркылуу
49.
Тамак сиңирүү трактынын кайсы бөлүгүндө углеводдорду ажыратуу процессине активдүү катышкан ферменттер иштелип чыгат?
1. Ооз көңдөйү
2. Кызыл өңгөч
3. түз ичеги
4. ичке ичеги
5 жоон ичеги
a)
1,5
b)
1,4
c)
2,4
d)
1,3
50.
Теринин кайсы катмарында тамырлар жок?
a)
дерма
b)
тери алдындагы май катмары
c)
эпидермис
d)
тер бездери
51.
Сүрөттө кайсы ткань берилген?
a)
май тканы
b)
теринин эпидермиси
c)
булчуң тканы
d)
ичеги эпителийи
100 %
