NEW
Font size
WorksheetsВектор к тил
Total questions: 35
Worksheet time: 26mins
Төмөндөгү сүйлөмдөрдүн ичинен шарттуу багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдү тапкыла
Эл кайда болсо, мен да ошол жакта болом
Каныш мектепке барса, баласы ыйлап отуруптур
Жаныбек сынакты жакшы баага тапшырса, шайтан араба сатып берем
Сен Айбектин тууганы болсоң, мен досу болом
Ат токур
Жогорудагы сөз айкашы кандай маанини билдирет
Кызматкер
Саяпкер
Жигит
Эркек бала
АСТЫНА МИҢ ЖЫЛКЫ САЛЫП АЛЫП Орозкул келатты
Жогорудагы белгиленген сөз айкашынын мааниси кандай
Менменсинүү
Мас болуу
Бай болуу
Мал айдоо
Кумар оюн кесе айтты. Султан да эмне айтарын билбей, бир топко алеп-жалеп болуп ойлонуп турду
Жогорудагы текст кайсы стилге таандык
Илимий
Көркөм
Расмий-иштиктүү
Публицистикалык
Төмөнкү варианттардын ичинен туура жазылган катарын тапкыла
Джон, Суречки, Умай Эне
Жон, Суречки, Умай эне
Джон, Сур эчки, Умай эне
Жон, Сур эчки, Умай Эне
Төмөндөгүлөрдүн ичинен адабий нормага ылайык келбеген сөз катышкан вариантты белгиле
Байке, Баканбаева көчөсүнөн токтотуп коёсузбу?!
Балам, мындай учурда акыл токтотуп иш кылуу керек.
Асан, унааңды токтотуп коюп бизге кошул.
Кокуй күн, Карачанын жүрөгү токтоп калыптыр.
Төмөндөгү белгиленген сөздөрдүн кайсынысы кыймыл-аракеттин ордун билдирди?
Айжан АРЫ сулуу, АРЫ акылдуу келин.
Мындан АРЫ эч ким мага жолтоо болбосун.
Балдар, АРЫ жылып алгылачы.
Адамдык АРЫ болсо, ушул жерге келбейби?
Төмөндөгү сөздөрдүн кайсынысы зат менен кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдүн биригүүсүнөн жасалды?
Бүрсүгүнү
Агайын
Кулач
Өйүз
Төмөндөгү сөздөрдүн кайсынысы сүйлөмгө мүчө боло албайт?
Го
Жана
Менимче
Такыр
Төмөндөгү белгиленген сөздөрдүн кайсынысы "аягы, соңу" деген мааниде колдонулду?
Ал мени көргөндө АРТЫН карабай качты.
Бул иштин АРТЫНДА сага окшогон жаштар турат.
Дарыяхан жомоктун АРТЫН билгиси келип турду.
Эшиктин АРТЫНДА сени күтүп жатышат.
Каныбек малдарды жайып, адырга келди.
Төмөндөгү сүйлөмдө кайсы сөз туура эмес колдонулду?
Малдарды
Жайып
Адырга
Келди
Төмөндөгү варианттардын ичинен туура жазылган катарды тапкыла
"Фабула" гезити, "Манас" ордени, "Керемет" соода дүкөнү
Фабула гезити, "Манас" ордени, Керемет соода дүкөнү
Фабула гезити, Манас ордени, Керемет соода дүкөнү
"Фабула" гезити, Манас ордени, "Керемет" соода дүкөнү
Төмөндөгү сөздөрдүн кайсынысы адабий тилдин нормасына ылацык келбейт?
Туугандар, жаштарды колдойлу!
Окуянын чоо-жайын Мураттын өзүнөн сурайлы.
Улууларга сый мамиле жасайлы.
Көптөн бери жолукпагандыктан, катташайлы деп койдум.
Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы сөз айкашы боло албайт?
Акындар поэзиясы
Тез чуркоо
Темир жол
Иш тууралуу ойлонуу
Мекенимдин, Кыргызстандын тоолоруна не жетсин?
Жогорудагы сүйлөмгө кайсы тыныш белгиси жетишпейт?
Сызыкча
Үтүр
Баары жетиштүү
Кош чекит
Төмөндөгү белгиленген сөздөрдүн кайсынысы "айла, амал" деген мааниде колдонулду?
Кана, бийлер, кандай АКЫЛ айтасыңар?
АКЫЛЫН таап, бул ишти тезирээк чечишибиз керек.
АКЫЛЫ болсо, ушунда кылмак беле?
АКЫЛ--адамдын эң башкы куралы.
Аалам сырларын сырларын издей турчу жаштар-ушулар.
Жогорудагы сөзгө жалганышы керек болгон мүчөнүн башкы формасы кандай?
-дын
-ны
-дун
-нын
Төмөндөгү варианттардын ичинен туура ташымалданган катарын тапкыла
Кай-гы, ЮНЕС-КО, чын-дык
Баталь-он, искус-ство, ка-лем
Мам-бас, БУУ-нун, 10-см
Пор-трет, сынал-гы, Жаны-бек
Ал менин ООЗУМАН КЕЛМЕМДИ ТҮШҮРДҮ.
Жогорудагы белгиленген сөз кандай маанини билдирет?
Таң калууну
Жек көрүүнү
Ишенбөөнү
Кайгырууну
Төмөндөгү белгиленген сөздөрдүн кайсынысы кыймыл-аракеттин кокустук менен ишке ашканын билдирет?
Эмне болгонун бүт АЙТЫП САЛДЫМ.
Белек тууралуу Эргешке АЙТЫП АЛДЫМ.
Сени шаарга барат деп АЙТЫП КОЙДУМ.
Бир жолу жердештериме АЙТЫП КАЛДЫМ.
Кайсы катардагы белгиленген сөз байланыштыруучу милдетти аткарды?
Улуу-Чаттын боюна жандан мурда Түлкүбек МЕНЕН Зуннахун келди.
Кушту мылтыгы МЕНЕН атып жиберди.
Ал сага айтканы МЕНЕН, сен ага айтпайсың да?!
Бата МЕНЕН эл көгөрөт
Кайсы вариантта адабий тилдин нормасына ылайык келбеген сөз катышкан?
Асан карыя уулун чакырып, кебин баштады.
Мен сени менен баргай элем.
Марат мектепке дайыма барчу.
Уялбай тамак-аштан алың!
Асел айылга ЖЕТКИЧЕКТИ, узун жолду кыскартып кеп курду.
Жогорудагы белгиленген сөздүн акыркы мүчөсү кандай?
-кычакты
-гычакты
-чакты
-ты
Менин экинчи жумушка орношконума байланыштуу жумушумду түшкү мөөнөткө жылдырууңузду суранам.
Жогорудагы суйлөм кайсы иш кагазына мисал боло алат?
Доо кат
Арыз
Ишеним кат
Түшүнүк кат
Мен бул талапкерди шайлабайм, ______ анын идеясы мага жакты.
Жогорудагы сүйлөмдү ылайыктуу сөз менен толукта.
Ошентсе да
Ошондуктан
Анткени
Жана
Токтогул гениалдуу акын.
Жогорудагы сүйлөмгө кайсы тыныш белгиси жетишпейт?
Үтүр
Дефис
Сызыкча
Баары жетиштүү
Төмөндөгү белгиленген сөздөрдүн кайсынысы сүйлөмгө мүчө боло албайт?
ДАНИЯР, класстын эң мыкты окуучусу, олимпиададан биринчи орунду алды.
ДАНИЯР - класстын алдыңкы окуучуларынын бири.
Олимпиададан канчанчы орунду алдың, ДАНИЯР?
ДАНИЯР, Умар кайда жүрүшөт?
Төмөндөгү варианттардын ичинен туура жазылган катарын тапкыла
Торугарт, Көкөмерен
Торугарт, Көкө-Мерен
Тору-Гарт, Көкө-Мерен
Тору-Гарт, Көкөмерен
Төмөндөгү туруктуу сөз айкаштарынын кайсынысы олдоксон адамдарга мүнөздүү?
Мурдунан жетелетүү
Суу тумшук болуу
Мойнуна сорпо төгүлүү
Чылпагын алам деп көзүн оюу
Төмөндөгү сөздөрдүн кайсынысына мүчө уланганда уңгусу өзгөрүп кеткен?
Жамын
Тилемчи
Санаарка
Жалгызсыра
Жарк
Жогорудагы сөзгө кайсы мүчөнү уласак, кыймыл-аракетти билдирген сөз пайда болот?
-лан
-ын
-ылда
-журк
Кайсы катарда түшүндүрмө мүчөлүү суйлөм берилген?
Кудаяр ханга ордосу, гареми, алтын сарайы аман болсо болду.
Дүйнөнүн эң акылдуу, маданияттуу эли-ушул жердин калкы.
Тентек Динар дагы келдиби?
Элибизге, кыргыз журтуна, кызмат кылуу- бардыгыбыздын милдетибиз.
Төмөндөгү белгиленген сөздөрдүн кайсынысы орфографиялык эрежеге ылайык келбейт?
Жоготкон сенсиң, ТААП кел!
Ары карап, бери КАРАП бир чечимге келишти.
Тиги козу энесин ЭЭМИП албасын, карап тур!
Муну уккан Дайыр баласын ЧААП жиберди
Айланада мемиреген тынчтык. Кук эткен кузгун, как эткен карга жок. Жылкынын дүбүртү бул тынчтыкты бузгансыйт.
Жогоруда кептин кайсы түрү берилген?
Баяндоо
Сүрөттөө
Ой жүгүртүү
Көркөм
Кантип ЭКИ КОЛУҢДУ МУРДУҢА КАТЫП БАРАСЫҢ?
Жогорудагы белгиленген сөз айкашынын мааниси кандай?
Куру кол баруу
Уялбай баруу
Сүйлөбөй баруу
Кайгырбай баруу
