wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Сиро 11- бөлүм

Total questions: 21

Worksheet time: 11mins

Name
Class
Date
1.

Гатафан согушу

a)

Хижраттын 3-жылы,Рабиул-аввал айында,жөөттөр менен болгон

b)

Хижраттын 3-жылы,Рабиул-аввал айында араб урууларынын бири менен болгон

c)

Хижраттын 2-жылы,Рабиул-аввал айында араб урууларынын бири Гатафан уруусу менен болгон

d)

Хижраттын 3-жылы,Рабиул-аввал айында меккелик бутпарастар менен болгон

2.

Гаврас күбөлүк келмесин келтирип,Исламды кабыл кылат.Гаврас өз кошуунуна келгенден кийин башынан өткөндөрдү айтып берип,минтип кошумчалайт:

a)

Кудай акы,азыр мен адамдардын эң кайырдуусунун жанынан келатам!

b)

Кудай акы,азыр мен адамдардын эң кайырдуусун алдап келатам!

c)

Кудай акы,азыр мен адамдардын эң кайырдуусунун жанына барам!

d)

Кудай акы,азыр мен өз милдетимди аткарып келатам!

3.

Аз.Умар р.а жесир калган Хафса деген кызын оболу аз.Усманга кийин Абу Бакирге андан соң Пайгамбарыбызга с.а.в сунуштайт.

a)

Абу Бакир р.а макул болуп,үйлөнөт

b)

Аз.Усман р.а макул болуп үйлөнөт

c)

Пайгамбарыбыз с.а.в аз,Умардын капаланганын көрүп,кызын өзүнө,өзүнүн кызы Умму Гүлсүмдү азирети Усманга никелейт.

d)

Пайгамбарыбыз с.а.в Алиге р.а сунуштайт

4.

Аз.Зейнеп энебиз кедей-кембагалдарды тоюндуруп,аларга боору ооруганы үчүн "..............."деген лакап менен белгилүү болгон.

a)

Бей-бечаралардын кызы

b)

Бей-бечаралардын ээси

c)

Бей-бечаралардын апасы

d)

Бей-бечаралардын кожоюну

5.

Азирети Фатима энебиз Хасанды эркелетип жатып: " ..............."дечү.

a)

Менин тун балам

b)

Аллахтын элчисине окшош балам

c)

Алиге р.а окшош балам

d)

Менин эң сүйүктүү балам

6.

Бадрдан жалкып калган Меккелик бутпарастар Ухуд согушуна катуу даярдык көрүшөт.Бутпарастардын башында........

a)

Абу Жахил менен аялы болот

b)

Халид бин Валид болот

c)

Абу Суфян бин Харб менен аялы Хинд болот

d)

Абу Лахаб менен аялы болот

7.

Негизи Пайгамбарыбыз с.а.в Алла Тааланын жиберген ыйык кабары менен иш кылчу.Бирок кээ бир адамдар " биз минткенде,мындай болмок,ушуну кылбай эле коюш керек болчу" деп,тагдырга таш ыргытпасын деген максат менен Ухуд согушунун алдында....

a)

Келишим түзгөн

b)

Кеңеш өткөргөн

c)

Өзүнүн каалоосу менен иш кылган

d)

Бирикме түзгөн

8.

Ухуд согушунун алдында болгон кеңеште көбүнүн ою боюнча...

a)

Коргонуу эмес,шейит кетүү керек болчу

b)

Коргонуу эмес,катышпай коюу болгон

c)

Коргонуу эмес,чабуул жасоо болчу

d)

Катышуу эмес,карап туруу болгон

9.

Пайгамбарыбыз с.а.в жума намазынан кийин мусулмандарга ыйык согуш тууралуу айтып берет: "............................"Сабыр кылсаңар,силерге Аллах жардам берет.Чыдамкай болуп,сабыр кылгыла!

a)

Ыйык согуштан оолак болуу,кечигүү-коркоктук

b)

Ыйык согушта жөн эле жүрүү,үй тиричилиг менен алек болуу-коркоктук

c)

Ыйык согушта дуба кылуу-коркоктук

d)

Ыйык согушта баатырдыгын көрсөтүү-коркоктук

10.

Душмандын арт жактан кол салуусуна тоскоол болуу үчүн коюлган жаачылардын башына .....

a)

Аз. Хамза дайындалат

b)

Аз. Али дайындалат

c)

Аз.Абдулла бин Жубайр дайындалат

d)

Аз.Абу Убайда бин Жаррах дайындалат

11.

Эки кошуун бетме бет келгенде,ушул жерге чейин коркуп келген эки жүздүүлөрдүн башчысы...... Мусулмандарга кайрылып "....................."деп,300 гө жакын эки жүздүүлөр менен бөлүнүп чыгып,кайра арктка кайтышат.

a)

Абу Жахил: Биз силер менен бирге эмеспиз

b)

Абу Лахаб: биздин ортобузда келишим жок

c)

Абдулла бин Убай бин Салуул: Биз эмне үчүн бул жерде өлүшүбүз керек?

12.

Мухайрык Жөөттөрдүн улуу аалымы болчу.Пайгамбарыбызды ыйык китептерден сыпаттары менен таанычу.Бирок уруусунан коркуп,буларды ачык айта алчу эмес. Акыры ухуд согушу болоордо жөөттөргө кайрылып : Силер , Мухаммеддин пайгамбар экенин,ага жардам кылуу милдетиңер экенин жакшы билесиңер!-дейт

Жөөттөр:

a)

Бүгүн күнгө жума! Жума окушубуз керек-дейт

b)

Бүгүн күнгө ишемби!Бүгүн эч нерсе кылбаш керек-дейт

c)

Бүгүн күнгө жекшемби! Бүгүн эч нерсе кылбаш керек!-дейт

13.

Али р.а эрөөлгө чыгып,Талха бин Аби Талханы сулата чаап,кайра кайтат.

Мусулмандар: Эмнеге анын башын кыя чапкан жоксуң?-деп сурашканда,Аз.Али:

"......................."

a)

Жерге сулаганда периштелер көрүндү,дароо жүзүмдү буруп кеттим

b)

Жерге сулаганда чачы көрүнүп калды,дароо жүзүмдү буруп кеттим

c)

Жерге сулаганда аурат жери көрүндү,дароо жүзүмдү буруп кеттим

d)

Жерге сулаганда боорум ооруп кетти

14.

Согуштун биринчи бөлүгү мусулмандардын пайдасына чечилет.Айнайн дөбөсүндөгү жаачылар согуш бүттү деп,эскертүүгө карабастан ....

a)

Мадинага кайтып кетишет

b)

Дөбөдөн ылдый түшүп,чогуу олжо топтой башташат

c)

Жааларын таштап,олтуруп алышат

d)

Ылдый жактагы мусулмандарга баргысы келет

15.

Абдулла бин Камиа деген бир бутпарастын кылычы Пайгамбарыбыздын с.а.в бетине тийип,башына кийген темир туулга сынып,эки ттогоосу жүзүнө батып калды.

Муну көргөн .......... Тиштеп туруп сууруп алды,мындан улам өзүнүн да эки .......

a)

Абдулла бин Жубайр эки көзүнөн ажырады

b)

Абу Суфян эки тишинен ажырады

c)

Абу Убайда бин Жаррах эки тишинен ажырады

d)

Абу Убайда бин Жаррах эки колунан ажырады

16.

Бутпарастар мусулмандар үчүн атайын казган аңгекке Пайгамбарыбыз с.а.в түшүп кетет.Колу менен канаган жүзүн сүртүп,мындай дейт:

a)

Жараткандын жолуна чакырган Пайгамбарынын жүзүн канга боёгон коомду кечирбейм

b)

Жараткандын жолуна чакырган Пайгамбарынын жүзүн канаткан коом түбөлүктүү тозокто болсун

c)

Жараткандын жолуна чакырган Пайгамбарынын жүзүн канга боёгон коомдун тообосу кабыл болбойт

d)

Жараткандын жолуна чакырган Пайгамбарынын жүзүн канга боёгон коом Аллахтын азабынан кантип кутулат?!

17.

Бутпарастардын мергени Пайгамбарыбызды с.а.в мээлеп,жаасын керип калат.Муну алдын ала сезген сахаба азрети Талха ............

a)

Төшүн окко тосуп шейит кетет

b)

Колун окко тосот

c)

Калкан менен тосуп калат

d)

Пайгамбарыбызды калкалай калат

18.

Пайгамбарыбыз : жер бетинде тирүү жүргөн шейитти көргүңөр келсе,..............!

a)

Абу Убайда бин Жаррахты карагыла!

b)

Абдулла бин Жубайрды карагыла!

c)

Талха бин Убайдыллахты карагыла!

d)

Талха бин Аби Талханы карагыла!

19.

Вахший Хамзаны р.а шейит кылып тим болбостон,Хиндге жагыныш үчүн анын төшүн жарып,.......................... Ичи кекке толгон Хинд азирети Хамзанын ........ Жырткыч айбандарча тиштеп-тиштеп,чайнап жиберет.

a)

Жүрөгүн алпарат..........жүрөгүн

b)

Кулак мурдун алпарат............кулак мурдун

c)

Боорун сууруп алпарат.............боорун

d)

Бөйрөгүн алпарат.............бөйрөгүн

20.

Ибн Камиа деген бутпараст : кайда жүрөт Мухаммед! Ал кутулса,мен кутулбайм- деп келатканда Мусаб бин Умайр Пайгамбарыбызды с.а.в коргоп кылычташа кетет.Акыры Мусаб бин Умайр анын колунан шейит болот.Мусаб бин Умайрдын максаты ...........

a)

Өзүнүн эрдигин көрсөтүү болгон

b)

Каапырды Пайгамбарыбызга жакындатпоо жана Ислам байрагын түшүрбөө эле

c)

Өзүнүн уруусунун намысын коргош болгон

21.

Хамраул-Асад сапары качан болгон?

a)

Бадрдан кийин

b)

Ухуддан кийин

c)

Гатафандан кийин

d)

Кайнука уруусун чыгаргандан кийин