wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Кыргыз сатириктери

Total questions: 17

Worksheet time: 9mins

Name
Class
Date
1.

КООМДУК Т УРМУШТАГЫ ОШОЛ ЧӨЙРӨГӨ, Т ҮЗҮЛҮШКӨ ЫЛАЙЫК КЕЛБЕГЕН АЙРЫМ БИР КӨРҮНҮШТӨРДҮ, АДАМДАРДЫН ИШ АРАКЕТТЕРИНДЕГИ, МҮНӨЗДӨРҮНДӨГҮ ЖАГЫМСЫЗ САПАТТАРДЫ КҮЛКҮГӨ АЛЫП, СЫНДАГАН ЧЫГАРМАЛАР ЭМНЕ ДЕП АТАЛАТ?

a)

Сатира

b)

Юмор

c)

Пародия

d)

Куудул сөз ыргактары

2.

Ырга каршы сатиралык чыгарма

a)

Сатира

b)

Пародия

c)

Юмор

d)

Фельетон

3.

«ОСМОНАЛЫ ЛӨКҮЙ», «ДҮЖҮР БУКА» , «АК ЧҮЧ», « БЮРОКРАТ», "СИЗГЕ АЙТАМ" ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН АВТОРУ?

a)

Б. САРНОГОЕВ

b)

Р. ШҮКҮРБЕКОВ

c)

М. АЛЫБАЕВ

d)

К. МАЛИКОВ

4.

АК КОЛ, АКЧҮЧ АЯЛДАРДЫН ЖОРУК-ЖОСУНДАРЫ ЖӨНҮНДӨГҮ ЧЫГАРМА

a)

ЭРКЕЛЕР

b)

АК ЧҮЧ

c)

БИЗДИН АЯЛДАР

d)

СОВЕТТИК АЯЛДАР

5.

"Метрикам жок, так чыктымбы элүүгө,

Мезгил өтүп, калп чыктымбы элүүгө,

Айтор, билбейм…, атам, энем өлбөсө,

Айтып бермек менин жашым жөнүндө.

Ыр саптары ким жөнүндө?

a)

К.Маликов

b)

Б. Сарногоев

c)

С.Жусуев

d)

М.Алыбаев

6.

Өз заманынын мыкты сатириги гана болбостон мыкты драматург, артист дагы болгон.

a)

М.Алыбаев

b)

Ж.Турусбеков

c)

Р.Шүкүрбеков

d)

С.Жусуев

7.

“Ашуудан берген отчетум” ырлар жыйнагы кимдин калемине таандык?

a)

С. Жусуев

b)

М.Алыбаев

c)

Р.Шүкүрбеков

d)

Б.Сарногоев

8.

М.Алыбаев "Сизге айтам" ырлар жыйнагында кимдерге кайрылат?

a)

Сулуу кыздарга

b)

Ата-энеге

c)

Тууганчыл адамга

d)

Эрке аялдарга

9.

Кыргыз сатириктерини ичинен I даражадагы Манас орденинин ээси ким болгон?

a)

Б.Сарногоев

b)

М.Алыбаев

c)

Р.Шүкүрбеков

d)

А. Осмонов

10.

"Жинди суу" сатиралык чыгармасынын автору?

a)

Р. Шүкүрбеков

b)

Б. Сарногоев

c)

М.Алыбаев

d)

М.Борбугулов

11.

Колу тийбейт,

Оор же кара жумушка.

Эзелтеден эби келбейт,

Кечирээк жатып эрте турушка.

Бул ыр саптары кимди калемине таандык? Кайсы чыгармадан?

a)

Б. Сарногоев "Үзүлбөгөн үмүттөр"

b)

Р.Шүкүрбеков "Шаардык келин"

c)

М. Алыбаев "Ак чүч"

d)

"М. Алыбаев "Эки аял"

12.

Бул сатирик акындын өлүмүнүн табышмактуу сыры ачылбай калган эле. Ал кайсы акын?

a)

Б. Сарногоев

b)

Р. Шүкүрбеков

c)

М. Алыбаев

d)

С.Жигитов

13.

М. Алыбаев акындыктан башка да мыкты өнөрдү аркалаган экен? Ал кандай өнөр?

a)

Үн созолонтуп мыкты ырдаган

b)

Сүрөттү мыкты тарткан, айрыкча карикатураны

c)

Мыкты спорт чебери болгон, айрыкча күрөш боюнча

d)

Мыкты мугалим болгон, айрыкча математикадан

14.

Азыркы учурда ..................... атындагы эл аралык адабий сынак уюштурулган.

a)

Б. Сарногоев

b)

М. Алыбаев

c)

Р.Шүкүрбеков

d)

С. Жигитов

15.

Комедия жанрында жазылган чыгарма

a)

"Жапалак Жатпасов"

b)

"Жарганат Жатпасов"

c)

"Жапалак үкү"

d)

"Жапалактын шарапаты"

16.

Ал Улуу Ата Мекендик согушка катышып, эки жолу жарадар болуп, Кыргыз жергесине кайтып келет. Филармонияда ишин улантып, элдик чыгармага айланган терме, сатира, тамсил, интермедияларды жазат.

a)

М. Алыбаев

b)

Т.Самудинов

c)

Р.Шүкүрбеков

d)

С.Жигитов

17.

Жеңил, жайдары күлкүлүү мыскыл менен сүрөттөө ыкмаларынын бир түрү - .............

a)

Сатира

b)

Юмор

c)

Пародия

d)

Чечендик өнөр