wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Жусупова Азиза пед.чеб.тест 50

Total questions: 50

Worksheet time: 27mins

Name
Class
Date
1.

Педагогикалык чеберчилик дегенди кандай түшүнөсүңөр?

a)

Сабак өтүүнүн тирүү формасы

b)

Мугалимдин кесиптик сапаттарынын жогорку деңгээли, педагогикалык иш-аракеттерди аткаруудагы билгичтиги

c)

Окуучулар менен иштөө ыкмасы, мугалимдин билиминин жогору экендиги

d)

Билим берүү программасын натыйжалуу түзүү, окуучу менен сүйлөшө билүүсү

2.

Педагогикалык чеберчиликтин негизги компоненттери атап өтүңүздөр?

a)

Кесиптик билим, педагогикалык жөндөмдүүлүк, педагогикалык техника, гуманисттик багыт

b)

Чыгармачылык, билим, методика, дисциплина, диплом

c)

Компьютердик көндүмдөр, сабак өтүү ыкмалары, окуучулар менен мамиле, мыкты педагог

d)

Баалоо системасы, билим программасы, класс башкаруу көндүмдөрү

3.

Педагогикалык техника деген эмне?

a)

Техникалык каражаттарды колдонуу жөндөмдүүлүгүн

b)

Мугалим эмоцияларын, сөзүн, мимикасын, жаңсоолорун башкаруу жөндөмдүүлүгүн

c)

Компьютерди пайдалануу билгичтигин

d)

Сабакта техникалык каражаттарды колдонуу методикасын

4.

Педагогикалык рефлексия деген эмне?

a)

Окуучулардын билимин баалоо

b)

Кесиптештерди сынга алуу

c)

Мугалимдин өз ишмердүүлүгүн талдоо жана баалоо жөндөмдүүлүгү

d)

Сабак өтүү методикасын түзүү

5.

Педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүүнүн негизги жолдору кайсылар?

a)

Жогорку айлык, жакшы шарттар

b)

Өз алдынча билим алуу, тажрыйбаны талдоо, инновацияларды изилдөө

c)

Документтерди толтуруу, класстык иштерди жүргүзүү

d)

Мектеп

6.

Педагогикалык техниканы натыйжалуу колдонуунун натыйжасы кандай болот?

a)

Мугалимдин аброюнун жогорулашы

b)

Окуучулар менен эффективдүү байланыш түзүү, окутуу процессин натыйжалуу уюштуруу

c)

Администрациянын мактоосуна ээ болуу

d)

Мектепте карьералык өсүү

7.

Педагогикалык креативдүүлүк деген эмне?

a)

Мугалимдин сабакта оюн элементтерин колдонуусу

b)

Жаңы, оригиналдуу идеяларды иштеп чыгуу жана аларды практикада колдонуу жөндөмдүүлүгү

c)

Мугалимдин чыгармачылык иш-чараларды уюштуруусу

d)

Сабактын стандарттык эмес формаларын гана колдонуу

8.

Мугалимдин коммуникативдик компетенттүүлүгү эмнени билдирет?

a)

Окуучулар менен сүйлөшө билүү

b)

Ар кандай кырдаалдарда натыйжалуу баарлашуу, маалымат алмашуу жөндөмдүүлүгү

c)

Ата-энелер менен жакшы мамиледе болуу

d)

Коллегалар менен достук мамиле түзүү

9.

Педагогикалык инновация деген эмне?

a)

Жаңы окуу китептерин колдонуу

b)

Билим берүү системасына киргизилген жаңы, натыйжалуу идеялар, методдор жана технологиялар

c)

Класста техникалык каражаттарды колдонуу

d)

Мектеп ремонту

10.

Мугалимдин өзүн-өзү өнүктүрүүсүнүн кандай формалары бар?

a)

Конференцияларга катышуу гана

b)

Өз алдынча окуу, кесиптик курстар, семинарлар, тажрыйба алмашуу, өз ишин талдоо

c)

Мектеп ичиндеги жыйындарга катышуу

d)

Ата-энелер менен жолугушуу

11.

Педагогикалык этика деген эмне?

a)

Мугалимдин кесиптик милдеттерин аткаруу эрежелери

b)

кесиптик ишмердүүлүгүндөгү моралдык жана адеп-ахлактык принциптердин жыйындысы

c)

Окуу жайдын ички эрежелери

d)

Окуучуларды тарбиялоо методикасы

12.

Педагогикалык диагностика эмнени түшүндүрөт?

a)

Окуучулардын оорууларын аныктоо

b)

Окуу процессинин абалын, окуучулардын өнүгүү деңгээлин аныктоо жана анализдөө

c)

Мектептин материалдык абалын баалоо

d)

Мугалимдердин иш сапатын текшерүү

13.

Педагогикалык чеберчиликте мугалимдин эмпатиясы кандай ролду ойнойт?

a)

Эч кандай ролду ойнобойт

b)

Окуучунун абалын, сезимдерин түшүнүү жана туура мамиле кылуу аркылуу педагогикалык процессти натыйжалуу уюштурууга жардам берет

c)

Сабакты кызыктуу кылат

d)

Окуучуларды жакшы көрүү гана жетиштүү

14.

Үлгүлүү сабак кандай мүнөздөмөлөргө ээ болушу керек?

a)

Узак убакытка созулушу керек

b)

Максаттын, мазмундун, методдордун, каражаттардын логикалык жана педагогикалык негизделген биримдиги, окуучулардын активдүүлүгү

c)

Окуучулар жакшы баа алышы керек

d)

Директор же инспектор сабакты көзөмөлдөөсү керек

15.

Педагогикалык чеберчиликтин натыйжалуулугун баалоонун негизги критерийлери кайсылар?

a)

Окуучулардын билим деңгээли гана

b)

Окуучулардын өнүгүү динамикасы, инсандык өсүшү, мугалимдин педагогикалык мамилелеринин натыйжалуулугу

c)

Мектеп жетекчилигинин пикири

d)

Мугалимдин документтерд

16.

Окуучулардын өнүгүү динамикасы, инсандык өсүшү, мугалимдин педагогикалык мамилелеринин натыйжалуулугу

a)

Окуучулардын билим деңгээли гана

b)

Окуучулардын өнүгүү динамикасы, инсандык өсүшү, мугалимдин педагогикалык мамилелеринин натыйжалуулугу

c)

Мектеп жетекчилигинин пикири

d)

Мугалимдин документтерди толтуруусу

17.

Педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүүдө мамиле компетенттүүлүгүнүн ролу кандай?

a)

Маанилүү эмес

b)

Негизги ролду ойнойт, анткени натыйжалуу педагогикалык мамиле окутуу жана тарбиялоо процессинин ийгиликтүү болушун камсыздайт

c)

Мамиле компетенттүүлүгү бул билим берүү методикасы

d)

Мамиле компетенттүүлүгү мугалимдин директор менен мамилесин гана билдирет

18.

Мугалимдин педагогикалык авторитети деген эмне?

a)

Катуу дисциплина орнотуу, билим берүү мыйзамын жакшы билүү

b)

Окуучулардын жана коллегалардын мугалимдин кесиптик билимине, инсандык сапаттарына жана кадыр-баркына болгон урматтоосу

c)

Окуучуларга буйрук берүү укугу, документацияларга дыкат болуу, кадыр барктуу болуу

d)

Мектеп директорунун урматтоосуна ээ болуу

19.

Педагогикалык стилдердин кандай түрлөрү бар?

a)

Жакшы жана жаман

b)

Авторитардык, демократиялык, либералдык

c)

Традициялык жана инновациялык

d)

Оңой жана татаал

20.

Педагогикалык башкаруу компетенттүүлүгү эмнени билдирет?

a)

Мектеп директору болуу жөндөмдүүлүгүн

b)

Окуу процессин пландаштыруу, уюштуруу, көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жөндөмдүүлүгүн

c)

Окуучуларды дисциплинага үйрөтүү

d)

Ата-энелер менен иштөө

21.

Педагогикалык чеберчиликтин өнүгүшүнө кандай факторлор таасир этет?

a)

Тышкы шарттар гана (курстар, семинарлар)

b)

Тышкы факторлор (билим берүү чөйрөсү, адистиктин жогорулашы) жана ички факторлор (өз алдынча өнүгүүгө умтулуу, өзүн-өзү өркүндөтүү)

c)

Мектеп жетекчилигинин талаптары

d)

Окуучулардын жетишкендиктери

22.

Педагогикалык чеберчиликтин кандай деңгээлдери бар?

a)

Жакшы жана жаман

b)

Репродуктивдик, адаптациялык, локалдык-моделдөөчү, системалуу-моделдөөчү, чыгармачыл

c)

Жогорку жана төмөнкү

d)

Башталгыч, орто, жогорку

23.

Балдар менен иштөөдө жеке мамиле кылуу принциби эмнени түшүндүрөт?

a)

Ар бир окуучу менен жекече иштөөнү

b)

Ар бир окуучунун жекече өзгөчөлүктөрүн, кызыкчылыктарын жана жөндөмдүүлүктөрүн эске алуу менен окутуу-тарбиялоо процессин уюштурууну

c)

Окуучулардын жеке көйгөйлөрүн чечүүнү

d)

Жакшы окуган окуучуларга көбүрөөк көңүл бурууну

24.

Педагогикалык креативдүүлүктү өнүктүрүүнүн негизги жолдору кайсылар?

a)

Китеп окуу , жаңы идеяларды издөө, техниканы колдонуу

b)

Жаңы идеяларды издөө, эксперимент жүргүзүү, инновацияларды колдонуу, чыгармачылык тапшырмаларды аткаруу

c)

Директордун тапшырмаларын күтүү, чыгармачылык тапшырмаларды аткаруу

25.

Педагогикалык баарлашуу деген эмне?

a)

Мугалим менен окуучулардын ортосундагы жөнөкөй сүйлөшүү

b)

Мугалим менен окуучулардын ортосундагы кесиптик баарлашуу системасы, окутуу жана тарбиялоо максаттарына жетүүгө багытталган социалдык-психологиялык өз ара аракеттенүү

c)

Ата-энелер менен баарлашуу

d)

Кесиптештер менен сүйлөшүү

26.

Педагогикалык өз алдынчалыкты өнүктүрүү деген эмне?

a)

Сабактарды өз алдынча өтүү

b)

Мугалимдин өз алдынча билим алуусу, кесиптик жөндөмдөрүн өркүндөтүү, жаңы педагогикалык идеяларды иштеп чыгуу жана колдонуу

c)

Окуу китептерин өз алдынча тандоо

d)

Сабакты программадан тышкары өтүү

27.

Педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүүдө кесиптик өзүн-өзү аныктоонун маанисин кандай түшүнөсүз?

a)

Жумуш издөө процесси

b)

Мугалимдин өз кесибинде өнүгүү жолун, максаттарын жана каражаттарын аң-сезимдүү аныктоосу

c)

Мектептен кетүү же калуу чечими

d)

Жетекчилик тарабынан дайындалган милдеттер

28.

Педагогикалык такт деген эмне?

a)

Мугалимдин окуучуларга карата катуу мамилеси

b)

Мугалимдин педагогикалык кырдаалдарды, окуучулардын абалын, сезимдерин туура баалап, тийиштүү педагогикалык чараларды колдонуу жөндөмдүүлүгү

c)

Мугалимдин директор менен мамилеси

d)

Мектептин ички

29.

Педагогикалык чеберчиликтин негизинде кандай билимдер жатат?

a)

Математика, физика, химия жана башка предметтер боюнча билимдер

b)

Психологиялык-педагогикалык, адистик предметтик, методикалык билимдер

c)

Компьютердик көндүмдөр

d)

Чет тилдерин билүү

30.

Педагогикалык чеберчилиги жогору мугалимдин негизги мүнөздөмөлөрү кайсылар?

a)

Катуу дисциплина, окуучулардан көп талап кылуу

b)

Педагогикалык кырдаалдарды чечүүдөгү чыгармачылык, рефлексия, педагогикалык импровизация, инсандык сапаттар, этикалык- гуманисттик багыт

c)

Жогорку билим жана стаж

d)

Мектеп жетекчилиги менен жакшы мамиле

31.

Педагогикалык импровизация деген эмне?

a)

Сабакта эрежелерди бузуу

b)

Мугалимдин күтүлбөгөн педагогикалык кырдаалдарда туура чечимдерди тез кабыл алуу, педагогикалык маселелерди чыгармачыл чечүү жөндөмдүүлүгү

c)

Сабакты даярдыксыз өтүү

d)

Окуучулардын суроолоруна жооп бербөө

32.

Мугалимдин педагогикалык чеберчиликтин компоненти катары эмоционалдык интеллекти деген эмне?

a)

Эмоцияларды жөн гана көрсөтүү

b)

Өзүнүн жана башкалардын эмоцияларын түшүнүү, башкаруу жана аларды педагогикалык максаттарга колдонуу жөндөмдүүлүгү

c)

Класста эмоцияларды көрсөтпөө

d)

Эмоционалдуу сүйлөө

33.

Педагогикалык чеберчиликти баалоонун кандай критерийлери бар?

a)

Окуучулардын баалары , мыйзамдарды билүүсү, технологияны оздөштүрүү

b)

Натыйжалуулук, оптималдуулук, чыгармачылык, илимий негизделгендик, өнүгүү динамикасы

c)

Директордун пикири

d)

Мугалимдин стажы

34.

Педагогикалык инновациялардын негизги багыттары кайсылар?

a)

Жаңы окуу китептерин жазуу

b)

Окутуу технологиялары, методдору, каражаттары, мазмунун жаңылоо, билим берүү тутумун башкаруу инновациялары

c)

Техникалык каражаттарды колдонуу

d)

Мектепти оңдоо

35.

Педагогикалык чеберчиликтин негизги көрсөткүчү кайсы?

a)

Окуучулардын жогорку баалары

b)

Педагогикалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугу, окуучулардын инсандык өнүгүүсү

c)

Мугалимдин стажы

d)

Диплом жана сертификаттар

36.

Педагогикалык чеберчилик жана компетенттүүлүк түшүнүктөрүнүн айырмасы эмнеде?

a)

Алар бирдей түшүнүктөр

b)

Компетенттүүлүк - кесиптик милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон билим, билгичтик жана көндүмдөр, ал эми чеберчилик - алардын жогорку деңгээлде колдонулушу

c)

Чеберчилик компетенттүүлүккө караганда кеңири түшүнүк

d)

Компетенттүүлүк - билим, чеберчилик - тажрыйба

37.

Мугалимдин психологиялык компетенттүүлүгү деген эмне?

a)

Психологиялык көйгөйлөрдү чечүү жөндөмдүүлүгү

b)

Окуучулардын жаш жана жекече өзгөчөлүктөрүн түшүнүү, алардын психологиялык абалдарын баалоо жана эске алуу жөндөмдүүлүгү

c)

Психология боюнча билим

d)

Психологиялык тесттерди жүргүзүү

38.

Мугалимдин өзүн-өзү өнүктүрүү мотивациясы кандай өнүгөт?

a)

Мектеп жетекчилигинин талабы менен чыгармачылыкта иштөө, конкурстарга катышуу

b)

Кесиптик ишмердүүлүктөгү ийгиликтер, жаңы билимдерге умтулуу, өзүн-өзү өркүндөтүүнүн натыйжасында алынган канааттануу

c)

Кошумча акча табуу максатында

d)

Коллегалардын комплементи, чыгармачылыгы, оптималдуу түрдө иш алып баруусу, мыйзамдарды так билүүсү

39.

Педагогикалык чеберчиликтин өнүгүүсүндө улуттук педагогиканын мааниси кандай?

a)

Улуттук каада-салттар, баалуулуктар педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүүнүн маанилүү булагы болуп саналбайт

b)

Улуттук каада-салттар, баалуулуктар педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүүнүн маанилүү булагы болуп саналат

c)

Улуттук каада-салттар, баалуулуктар педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүүшү мүмкүн эмес

d)

Улуттук каада-салттар, баалуулуктар педагогикалык чеберчиликке кирбейт

40.

Мугалимдин санариптик компетенттүүлүгү деген эмне?

a)

Компьютерде иштей билүү, интернетти колдонуу

b)

Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды билим берүү процессинде натыйжалуу колдонуу жөндөмдүүлүгү

c)

Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды билим берүү процессинде санариптик компотент жок

d)

Презентацияларды түзүү, жаны технологияны пайдалана билүү

41.

Педагогикалык чеберчилик түшүнүгүн биринчи жолу илимий жактан негиздеген окумуштуу ким?

a)

А.С. Макаренко

b)

К.Д. Ушинский

c)

И.А. Зязюн

d)

Я.А. Коменский

42.

Кыргызстандагы алгачкы педагогикалык чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү:

a)

И. Бекбоев

b)

Э. Мамбетакунов

c)

Т. Сияев

d)

А. Алимбеков

43.

"Педагогикалык чеберчилик" деген эмгек кайсы жылы жарык көргөн?

a)

1980

b)

1989

c)

1992

d)

2000

44.

"Мугалимдин педагогикалык чеберчилиги" аттуу китептин автору:

a)
А.Н. Петров
b)

В.А. Сухомлинский

c)
Л.К. Смирнова
d)
И.А. Зязюн
45.

Кыргызстандагы педагогикалык чеберчилик боюнча алгачкы докторлук диссертацияны коргогон окумуштуу:

a)

Т. Султанов

b)

Ж. Кулматов

c)

Р. Токтогулов

d)

Н. Асипова

46.

Макаренконун педагогикалык чеберчиликке болгон өзгөчө көз карашы:

a)

Окуучуларды өз алдынча иштөөгө мажбур

b)

Тарбиялоодо катуу талаптарды колдонуу

c)

Окуучуларды бирдей деңгээлде баалоо

d)

Ар бир окуучунун жеке өзгөчөлүгүн эске алуу

47.

Сухомлинскийдин педагогикалык чеберчилик боюнча негизги эмгеги:

a)

"Балдарга жүрөгүмдү арнайм"

b)

"Мезгил жана мугалим"

c)

"Мугалимге 100 насаат"

d)

"Педагогикалык поэма"

48.

Мугалим окуучунун жеке өзгөчөлүктөрүн аныктоонун ыкмалары:

a)

Окуучунун баардык сабактарын текшерүү, дайыма тарбиялоо

b)

Мугалимдин жеке тажрыйбасы, окуучуга мамиле кылуу

c)

Байкоо, аңгемелешүү, тестирлөө, анкета жүргүзүү

d)

Ата-энеси менен иштөө, окуучунун досторунан маалымат алуу

49.

Азыркы учурда мугалим педагогикалык чеберчилигин, жеке көз карашта ишке ашыруудагы кыйынчылыктар кайсылар де эсептейсиз?

a)

Окуучулардын мугалимдерге болгон сый-урматынын жоктугу

b)
g) Окуу процессинде ата-энелердин катышпагандыгы
c)

Мугалимдердин билим деңгээлинин төмөндү

d)

Убакыттын жетишсиздиги, класстагы окуучулардын көптүгү

50.

Мугалимдин окуучулар менен иштөөдөгү педагогикалык чеберчилигин баалоо критерийлери:

a)

Мугалимдин жеке тажрыйбасы

b)

Окуучунун жеке прогресси жана өнүгүүсү

c)

Класстын жалпы көрсөткүчү

d)

Окуучунун ата-энесинин катышуусу