NEW
Font size
WorksheetsКыргыз акындары боюнча тест
Total questions: 55
Worksheet time: 28mins
Аталган акындардын кимиси жазгыч акындар?
Токтогул, Барпы, Эшмамбет
Коргоол, Токтогул, Жеңижок
Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Молдо Кылыч
Калыгул, Арстанбек
“...Тим жүрбөстөн сөзүңө, Тийиштик кылдым өзүңө... Таппадым деп ыгыңды, Талым кыз сөзгө жыгылды.” Кайсы чыгармадан үзүндү, автору ким?
Тоголок Молдо, “Кедейлерге насыят”
Молдо Нияз, “О дүнүйө”
Тоголок Молдо, “Талым кыз менен Көбөктүн айтышы”
Молдо Кылыч, “Зар заман”
Тоголок Молдонун анекдоттук кырдаалдар кеңири чагылдырылган сатиралык чыгармасын белгиле.
“Үрпүкан”
“ Жер жана анын балдары”
“ Насыят”
“Кемчонтой”
“...Эсимди кудай алыптыр, Колумдун чени ошондо, Энеме унут калыптыр...”. кайсы чыгармадан, автору ким?
“Кемчонтой”, Тоголок Молдо
“Керме тоо”, Молдо Кылыч
“Санаттар”, Молдо Нияз
“Кызыл кыргыз тарыхы” аттуу эмгектин автору ким?
Молдо Нияз
Молдо Кылыч
Б.Солтоноев
О.Сыдыков
Нурмолдо Наркул уулунун ырларын жыйнаган фольклор жыйноочу ким?
Тазабек Саманчин
Болот Юнусалиев
Жаки Таштемиров
Калмурат Рыскултегин
“... Балдар сөзүм угуңар, Кулак салып туруңар. Ырас жери мактанбай, Бир ынтымак кылыңар...” кайсы чыгармадан үзүндү, автору ким?
Молдо Нияз, “Курманжан датка”
Казыбек, “Казалдар”
Тоголок Молдо, “Жер жана анын балдары”
Нурмолдо, “Нускоолор”
Б.Солтоноев жараткан арман – поэманы белгиле, кимге арналган?
“Шабдан казалы”, Шабданга
“Устанын аялынын кошогу”, устага
“Румкан”, баласына
“Үрпүкан”, сүйгөнүнө
О. Сыдыковдун 1913-жылы кайсы шаарда, кандай эмгеги китеп болуп чыкты?
Уфада, “Мухтасар тарых Кыргызыя”
Казанда, “Зилзала”
Уфада, “Тарых кыргыз Шабдания”
Бишкекте, “Шабдан казалы”
Молдо Кылычтын 1911 – жылы чыккан « Кысаи – Зилзала» аттуу китебиндеги «Алгы сөздү» ким жазган?
Т. Саманчин
Алдаш Молдо
И. Арабаев
С. Карачев
Молдо Кылычтын биринчи китеби качан, кайда басылып чыккан?
1910-ж., Ташкентте
1911-ж., Казань шаарында
1912-ж., Москва шаарында
1915-ж.,Алматыда
Ата-энеси менен Россиянын Оренбург шаарына айдалган акын ким ?
Казыбек Мамбетимин
Мukai Элебаев
Р.Шүкүрбеков
Коргол Досуев
Тоголок Молдонун ынтымакка, биримдикке чакыруу идеясы күчтүү өнүккөн, аллегориялык маанидеги образдар түзгөн поэмасын белгиле.
«Жер жана анын балдары»
«Эшек менен булбул»
«Кедейлерге насыят»
«Кемчонтой»
Тоголок Молдонун «Куштардын аңгемеси» чыгармасында кайсы куштардын талашы жөнүндө айтылат?
асман куштары
суу куштары, боз куштары
жырткыч куштары
бардык куштары
“Зар заман”, “Буудайык”, “Бүркүттүн тою” аттуу чыгармалар ким тарабынан жаралган?
Токтогул
Тоголок Молдо
Молдо Кылыч
Казыбек Мамбетимин уулу
Фольклор – кайсы тилден кабыл алынган, эмнени түшүндүрөт.
нем.-элдик билим, элдик ой
гр.- элдик сүйүү, оозеки чыгармачылык
анг.- элдик акылмандык, элдик билим
лат.-элдик чыгармаларды жыйноо
“Тарых кыргыз Шабдания” эмгегинин автору ким?
Б.Солтоноев
Молдо Нияз
О.Сыдыков
Тоголок Молдо
Кыргыз тилинде китеп болуп чыккан биринчи көркөм чыгарма кайсы, автору ким?
Молдо Кылыч, “Кысаи Зилзала”
Молдо Нияз, “Санаттар”
Тоголок Молдо, “Куштар аңгемеси”
Казыбек, “Казалдар”
“Курманжан датка”, “Даткайым” жөнүндөгү санаттар кимден калган мурас?
Молдо Нияз
Молдо Кылыч
Алдаш Молдо
Тоголок Молдо
К. Тыныстанов жараткан поэманы белгиле?
«Ким болду экен»
«Кыргыздар»
«Толубай сынчы»
«Жаңыл Мырза»
Кыргыз тил илиминдеги төл башы катары саналган инсанды аныкта.
О.Лепесов
С.Карачев
К.Тыныстанов
М.Элебаев
“Мариям менен көл жээгинде» деген аңгемени ким, качан жазган?
С. Карачев, 1921 – ж.
О. Лепесов, 1923 – ж.
К. Тыныстанов, 1924 – ж.
К. Баялинов, 1926 – ж.
К.Тыныстанов кыргызча которгон чыгарманы белгиле.
“Дубровский”
“Евгений Онегин”
“Хажымурат”
“Ийнелик менен кумурска”
Кыргыз тилиндеги биринчи прозалык чыгарманы белгиле.
“Зарлык”
“Күкүк менен Зейнеп”
“Мариям менен көл жээгинде”
“Соңку бир күн”
1904 – жылы Кемин жергесинде туулган акынды белгиле.
А. Осмонов
М. Элебаев
А. Токомбаев
К. Баялинов
Мукайдын өмүр жолун чагылдырган чыгарманы белгиле.
“Соңку бир күн”
“Узак жол”
“Төрт жолоочу”
“Ашырбай”
Мукай Элебаевдин «Узак жол» романынын жанрдык өзгөчөлүгү
тарыхый
автобиографиялык
философиялык
турмуштук
Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон Аалы Токомбаевдин чыгармасы кайсы?
«Солдат экен»
«Күүнүн сыры»
«Ант»
«Кандуу жылдар» - «Таң алдында»
Жусуп Турусбековдун адабий тушоосун кескен ырын белгиле.
«Жаңы сайма»
«Ленин жолу»
«Энеме»
«Быйылкы жаз»
Жусуп турусбековдун «Ажал ордуна» драмасында кайсы мезгилдеги, кандай окуялар сүрөттөлөт?
Улуу Ата Мекендик согуш
1916-жылдагы Үркүн
Кокон хандыгы
колхоздоштуруу мезгили
«Ай ушу сен, кейий берген энемсиң.
Бекер ойлоп, бекер кайгы жегенсиң…» деген саптар кимдин калемине таандык?
Ж. Бөкөнбаев
А. Токомбаев
Ж. Турусбеков
М. Элебаев
Кыргыз драматургиясындагы биринчи тарыхый драма кайсы, автору ким
«Абийир кечирбейт» Т.Абдумомунов
«Ажал ордуна» Ж. Турусбеков
«Күндүн чыгышы» А.Токомбаев
«Осмонкул» К. Маликов
Жоомарт Бөкөнбаевдин биринчи ырлар жыйнагы кандай аталат, качан жарык көргөн?
«Эмгек төлү», 1933-ж.
«Аялдар айнеги», 1929-ж.
«Ырлар жыйнагы», 1931-ж.
«Шайыр жаштар», 1933-ж.
Жоомарт Бөкөнбаевдин “чакырык” түрүндөгү ырын аныкта.
Улуу Марш
канга кан
кайда качат
Кош, Ала тоо, улун кетти майданга
Кубанычбек Маликовдун «Балбай» поэмасында кайсы мезгилдеги окуялар сүрөттөлөт?
XIXкылымдын биринчи жарымындагы
XIX кылымдын экинчи жарымындагы
революция жылдарындагы
согуш жылдарындагы
«Койчулар» аттуу пьесанын автору ким, качан жазылган?
А. Токомбаев 1927-ж.
М. Элебаев 1925-ж.
Ж.Турусбеков 1931-ж.
К.Жантөшев 1926-ж.
Балбай баатыр кайсы жерде, эмне себептен оо дүйнө салган?
Текесте, оорусунан айыкпагандыктан
Алма-Ата түрмөсүндө, ууландырылып
Пишпекте, катуу таяктын залалынын
Чүйдө, алган жаратынын өтүшүп кеткендигинен
Кубанычбек Маликов “Бийик жерде” драмасы үчүн кандай сыйлыкка ээ болгон?
Фадеев атындагы сыйлык
Ленин атындагы сыйлык
Токтогул атындагы сыйлык
Б.Сарногоев атындагы сыйлык
Жазуучу, драматург, артист, режиссер, мугалим, окуу – методикалык куралдарды жазган инсан ким?
А. Осмонов
К. Баялинов
А. Токомбаев
К. Жантөшев
Касымалы Жантөшевдин «Каныбек» романындагы негизги идеяны аныкта
Эркиндик үчүн күрөш, достук, таза сүйүү
Уруулар ортосундагы чыр чатакты басуу
Бийликке жетиш үчүн күрөшкө чыгуу
Күжүрмөн эмгекти жар салуу
“Аты Манас болсун, ар баладан калас болсун” -, деп бата берип, Манаска ат койгон ким?
Акбалта
Бакай
Дубана
Эштек
«Манас» эпосундагы Манастын образынын негизги сапаттарынын бирин белгиле.
душмандарына кечирмсиздик
жооштугу
айкөлдүлүгү
кара мүртөздүгү
«Манас» эпосунда башкалардан трагедиялык тагдыры, терең билим, амал-айласы менен өзгөчөлөнгөн каарман ким?
Алмамбет
Коңурбай
Бакай
Манас
«Манас» эпосу кандай окуяларды баяндоо менен башталат?
Манастын туулушу
Жакыптын түш көрүшү
кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүшүүсү
талоонго учурап, туш тушка тарап кеткен кыргыздардын оор абалы
«Манас» - кыргыздын бүткүл мифтерин, уламыштарын чогултуп бир убакытка келтирип, Манас баатырдан бир адамдын айланасына топтоштурулган энциклопедиялык жыйнагы” деген эмгектин автору ким?
Ч.Валиханов
В.Радлов
М.Ауэзов
Б.Юнусалиев
«Манас» эпосунда ач көздүгү, сараңдыгы менен айырмаланып, жалаң малынын гана кайгысын жегендиги үчүн Акбалтадан «Баладан малды жуук көргөн, бакыл киши экенсиң» деген нааразы сөздү уккан ким?
Көкөтай
Жакып
Бай
Эштек
«Манас» эпосундагы Чыйырдыга жолборстун жүрөгүн алып келген жылкычы ким?
Ошпур
Кутубий
Бадалбай
Акбалта
«Манас» эпосундагы Каныкейге тиешелүү негизиги сапаттар кайсылар?
жанда жок сулуулугу, назиктиги
сарамжалдуу уздугу, акылмандуулук
кызганчаактыгы, ичи тардыгы
кекчилдиги, канкордугу
«Манас» эпосунда өз каалоосу менен адам баласынын арасына келген уруусу кайып, кайберендердин ханынын кызынын аты ким?
Арууке
Сайкал
Каныкей
Акылай
«Манас” эпосундагы улуттук ар-намысты баарынан бийик туткан, атуулдук аракетке үндөгөн осуят кандайча аталат?
андай осуят жок
«Улуттук ар-намысты ыйык сактайлы»
«Улуттук ар-намыс баарынан ардактуу»
«Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет»
«Манас» эпосундагы «Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман» болгон каармандар кимдер?
Манас, Бакай
Жакып, Абыке, Көбөш
Манас, кырк чоросу
Алманбет, Чубак
«Манас» эпосунун негизги идеясы кайсы?
туруктуулук
сүйүү
жаратылышты коргоо
Патриотизм, Ата журтка чын дили менен кызмат кылуу
«Манас» эпосунда Манастын Карабөрк, Акылай деген аялдары турса да, аны бойдок экенсиң деп айтып, Каныкейге үйлөнүүсүнө себепкер болгон каарман ким?
Алманбет
Бакай
Жакып
Чыйырды
“Манас” эпосу жөнүндөгү алгачкы маалымат кайсы кылымда, эмне деген китепте айтылат?
VI-VIII кылымдарда, Орхон-Энесай жазууларында
X-XI кылымдарда, Фердоусинин “Шах-намэ” (“Падышалар жөнүндө китеп”)
XII кылымда, Низаминин “Искендер- намэ” деген поэмасында
XV-XVI кылымда, Сайф ад-дин Ибн Шах Аббастын “Мажму атут- таворих ” (“Тарыхтар жыйнагы”) деген китебинде
“Манас” эпосунда “айкөл” деген эпитет кайсы каарманга карата гана колдонулат?
Бакай
Манас
Алманбет
Каныкей
