wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

Тарых боюнча тест

Total questions: 100

Worksheet time: 50mins

Name
Class
Date
1.

Адам коомунун өткөндөгүсү жана азыркы учуру коомдук турмуштун ар кыл формаларынын мейкиндик-убакыт өлчөмдөрүндө өнүгүшүнүн закон ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү илимдин аталышы:

a)
Тарых
b)

География

c)

Социология

d)

Антропология

2.

Тектин келип чыгышын жана адамдардын туугандык байланыштарын, уруусун, аты жөнүн изилдөөчү илимдин аталышы:

a)

Этнография

b)

Археология

c)

Генеология

d)

Антропология

3.

Кыргызстандын аймагында табылган алгачкы адамдардын издери тиешелүү доор:

a)

Неолит

b)

Мезолит

c)

Бронза

d)

Палеолит

4.

Байыркы адамдардын эн алгачкы кесиби:

a)

Анчылык жана жыйноочулук

b)
Сатуучу
c)
Техник
d)
Курулушчу
5.

Неолит доорунун негизги айырмачылыгы кайсы?

a)
Суу чарбасынын пайда болушу.
b)
Металлургиянын өнүгүшү.
c)

Өндүрүш чарба пайда болду.

d)
Адамдардын көчмөндүк жашоосун улантуусу.
6.

Кыргызстандын аймагындагы алгачкы уруу союзу кандай аталган?

a)

Сактар

b)
Токтогул
c)
Каракол
d)
Ош
7.

Б.з.ч. 1мин жылдыктын ортосунда сактар жөнүндө маалымат калтырган грек тарыхчысы:

a)
Геродот
b)
Тукидид
c)
Аристотель
d)
Платон
8.

Саймалуу -Таштагы аска-таш сүрөттөрү кайсы доорго таандык?

a)
Темир доор
b)

Коло

c)
Орто кылым
d)
Космостук доор
9.

Б.з.ч. 104-99-жж. «асман аргымактары» үчүн кайсы өлкөлөр ортосунда согуш болгон?

a)

Парфия – Кытай

b)

Индия – Согдиана

c)

Давань – Рим

d)

Кытай- Давань

10.

«Давань жылкыларынын» аска таштагы сүрөттөрү кайсы жерде?

a)
Кыргызстан, Талас облусу, Давань аймагы
b)
Тажикстан, Душанбе облусу, Давань аймагы
c)

Кыргызстан, Ош облусу, Араван

d)
Казакстан, Алматы облусу, Талас аймагы
11.

Б.з.ч. 3-к. алгачкы көчмөндөр империясын түзгөн уруулар бирикмеси:

a)

уйгурлар

b)

жужандар

c)

сактар

d)

гунндар, хундар

12.

Түрктөрдүн коншулаш урууларга кол салып турушунун башкы максаты:

a)

Борбордук Азияга үстөмдүк кылуу

b)

Дүйнөлүк соода жолдорун көзөмөлдөө

c)

Кочмо мал чарбасын өнүктүрүү

d)

Жаңы жайыттарды табуу

13.

Түрк элдеринин эн байыркысы:

a)
Гуннулар
b)
Тюрклер
c)

Кыргыздар

d)
Хунндар
14.

Билге каган менен Күлтегиндин урматына жазылган текст кайсы жазуу түрү менен жазылган?

a)

Руникалык

b)

Түрк

c)

Кирилл

d)

Латин

15.

Мифологиялык түшүнүктөр боюнча түрктөрдүн ата-бабаларын ким деп эсептешет?

a)

Эр-Тоос

b)
Ата-Бабалар
c)

Ашин

d)

Умай-Эне

16.

Борбордук Азиянын ири бөлүгү, анын ичинде Жетисуу, Тянь-Шань, Фергана жана Чыгыш Түркстан кайсы кагандыктын курамына кирген?

a)

Уйгур кагандыгы

b)

Батыш Түрк кагандыгы

c)

Чыгыш Түрк кагандыгы

d)

Карахан кагандыгы

17.

Махмуд Кашгари жана Жусуп Баласагын кимдер болгон?

a)

сүрөтчүлөр

b)

аалымдар.

c)

саясий ишмерлер.

d)

музыканттар.

18.

Х-ХII кк. тиешелүү Кыргызстандагы архитектуралык эстеликтер:

a)
  • Таш-Рабат, Манас күмбөзү, Көлдөн чыккан таштар

b)

Көчмөндөр шаарчасы, Шоро-Башат, Арсланбаб

c)

Бурана, Өзгөн архитектуралык эстелиги, Шах-Фазил

d)

Кара-Хан, Айша-Биби, Саймалуу-Таш

19.

1125-1137-жж. азыркы Кыргызстандын түндүк аймагында болгон окуя ...

a)

Наймандар көчүп келишкен

b)

Уйгурлар үстөмдүк кылган

c)

Караханиддер гүлдөп өнүккөн

d)

Кара-кытайлар басып кирген жана Караханилер бийлиги кулаган

20.

Байыркы Енисей кыргыздарынын жакынкы коншулары:

a)

хазарлар, башкырлар

b)

наймандар, кереиттер

c)
  • аздар, чиктер

d)

карлуктар, кимектер

21.

Барсбек каган бийлик жүргүзгөн мезгил:

a)

VII к. аягы VIII к. башы

b)

IX к.

c)

X к.

d)

VI к.

22.

Ордо-Балыкты - уйгурлардын борборун кыргыздар басып алган жыл:

a)

756-ж

b)

924-ж

c)

840-ж

d)

956-ж

23.

Энесайлык кыргыздар колдонушкан алфавит:

a)
Латиница
b)
Араб алфавити
c)

VII к, өзүлөрү түзүшкөн руна сымал жазууну

d)
Кириллица
24.

Орхон-Эне-Сай жазууларын биринчи жолу 1894-жылы окуган  орус түрколог, академик:

a)
Иван Тургенев
b)
Лев Толстой
c)
Василий Радлов
d)

В. Томсон

25.

Минусин ойдунунан табылган «Алтын-Көлдүн таш жазуулары» деп аталган эпитафия арналган:

a)

Күлтегинге

b)

Барсбекке

c)

Тарыхый окуяларга

d)

Ашина династиясына

26.

«Моголстандын жапайы арстандары» деген эпитет кайсы тарыхчынын эмгегинде жазылып, кимдерге карата айтылган?

a)
Ибн Халдун
b)

Абдулазиз Бабур – жужандарга

c)
Ибн Сина
d)

Мурза Мухаммед Хайдардын – кыргыздарга

27.

Ал адамды XVI к. башында кыргыздардын башкаруучусу деп жарыялашкан:

a)
Асанбай уулу
b)

Мухаммед Кыргыз

c)
Кененбай
d)

Темир Бий

28.

XVI к. башында кыргыздар ... башкаруусунда биригишкен:

a)
  • Абылай хан

b)
  • Кошой баатырдын

c)
  • Чыңгыз хан

d)
  • Мухаммед Кыргыздын

29.

Европада «кыргыз» этнонимин биринчи колдонгон жана ал калк жөнүндө маалымат берген эмгектин автору:

a)

Менандр

b)
С. Т. Жээнбеков
c)

Геродот

d)
М. К. Кастанье
30.

Кыргыз элинин калыптанып буткон мезгили.

a)

XIV к.

b)

XV к. аягы - XVI к. башы

c)

XVII к.

d)
  • XIII к. ортосу

31.

Кыргыздар шарттуу турдо кандай топторго болунушот?

a)
Тарыхый, маданий, экономикалык топторго бөлүнүшөт.
b)
Саясий, диний, социалдык топторго бөлүнүшөт.
c)
Класстик, гендердик, жаштык топторго бөлүнүшөт.
d)

Оң канат, сол канат, ичкилик

32.

XV-XVI кк. Кыргызстандын коомдук-саясий тарыхы боюнча баалуу маалыматтар бар "Тарих-и Рашиди" аттуу эмгектин автору:

a)

Мухаммед Мырза Хайдар

b)

Шахрух Мирза

c)

Захириддин Бабур

d)

Ибн Баттута

33.

XVIII кылымдын аягында Россияга алгачкы элчилерди жөнөткөн Сарыбагыш уруусунун башчысы ...

a)
Асан
b)
Сардарбек
c)
Кенжебек
d)

Атаке бий

34.

Өз доорунун чыгаан саясий ишмери, өз алдынча Кыргыз мамлекетин түзүүгө аракеттенген, Кокон хандыгынын саясий турмушунда зор роль ойногон XVIII кылымдагы Түштүк кыргыздардын жетекчисин белгилегиле.

a)
Кубат бий
b)

Ажы бий

c)

Жантай датка

d)

Шералы хан

35.

Кененсары Касымовго каршы кыргыздардын күрөшүн жетектеген .

a)

Жантай карача

b)

Жангарач баатыр

c)

Ормон хан

d)

Боромбай хан

36.

1862-жылы Чүй кыргыздарынын кокондуктарга каршы көтөрүлүшүнүн жетекчиси .

a)

Боромбай бий

b)

Ормокун бий

c)

Байтик батыр

d)

Ормон хан

37.

XIX к. ортосунда Кокон хандыгында маанилүү роль ойногон, өз алдынча Кыргыз хандыгын курууга аракеттенген инсан. Ал 1860-жылы Узун-Агачта орус аскерлерине каршы салгылашууга кыргыз жоокерлерин катыштырбай койгон .

a)
Алымбек датка
b)

Шералы хан

c)

Боронбай хан

d)

Байтик баатыр

38.

Туркстан генерал-губернаторлугу качан түзүлгөн?

a)

1844-ж/г.

b)

1867-ж/г.

c)

1854-ж/г.

d)

1861-ж/г.

39.

XIX к. 40-жж. түндүк кыргыздардын ханы саналган сарыбагыш уруусунун башчысы:

a)

Боромбай хан

b)

Байтик баатыр

c)

Жантай карача

d)

Ормон

40.

Россиянын курамына биринчи кирген кыргыз уруусу:

a)
бугу
b)

сарыбагыш

c)

солто

d)

кушчу

41.

Түштүк Кыргызстандын Россиянын курамына кирүү процессинин Түндүктөн айырмасы:

a)

элдик референдум аркылуу

b)

дипломатиялык келишим менен

c)

соода жолу менен

d)

басып алуу жолу менен

42.

Россияга кошулгандан кийин Кыргызстандын аймагы караган областтар:

a)

Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Фергана, Самарканд

b)

Томск, Иркутск, Түркестан, Самарканд

c)

Чүй, Ысык-Көл, Ош, Талас

d)

Семиречье, Жаркент, Коконд

43.

Россиянын курамына киргенден кийин кыргыздар жашаган аймак кайсы генерал - губернаторлугуна караштуу болгон?

a)

Омск

b)

Алтай

c)

Казань

d)

Түркстан

44.

XIX к. аягында Кыргызстандагы отурукташкан элден алынуучу милдетүү негизги салык:

a)
харадж
b)

зекет

c)

бажы

d)

кырман салыгы

45.

Россиянын XIX к. 1860-80-жж. көчүрүп келүү (оторлоштуруу) саясатынын негизги максаты:

a)

жаңы элдерди маданиятташтыруу

b)

өлкөнүн чет райондорунда келгин дыйкандардан падышанын социалдык тирегин түзүү

c)
  • салык базасын кеңейтүү

d)

мусулмандарды христианчылыкка өткөрүү

46.

Орус падышачылыгы Кыргызстанда орус-тузем мектептерин ачуу максаты:

a)

эл агартуу

b)

исламга каршы иш жүргүзүү

c)

уезддик администрацияга кызматкерлерди даярдоо

d)

кыргыз балдарына билим берүү

47.

Россия өкмөтү кыргыздардын жерин каратып бүткөндөн кийин алдына койгон башкы максаты:

a)

Коңшу мамлекеттерге чабуул коюу

b)

Экономиканы өнүктүрүү

c)

Ислам динин жайылтуу

d)

Кыргызстандын мурдагы башкаруу системасын түп тамырынан өзгөртүү

48.

XX к. башында Кыргызстандын кайсы өнөр жай тармактары чет элдик капиталдын көнүлүн буруп жана аларга ынгайлуу шартта акционердик коомдор жана компаниялар түзүлгөн?

a)

пахта жана тамак-аш өнөр жайы

b)

тоо - кен иштетүүчү жана нефть өндүрүү

c)

мал чарбачылыгы

d)

жыгач жана булгаары иштетүү

49.

Кыргызстандагы 1916-жылдагы көтөрүлүштүн мүнөзү:

a)

дыйканчылык кыймыл

b)

диний көтөрүлүш

c)

чарбачылык баш ийбөөчүлүк

d)

улуттук-боштондук

50.

Кыргыз тарыхына арналган "Кыргыздар" деген тарыхый эмгектин автор:

a)
Бартольд В.В.
b)

Махмуд Кашгари

c)

Аалы Токомбаев

d)

Абдыкерим Сыдыков

51.

XX к. башында Кыргызстандын экономикасында жаны өзгөрүүлөр:

a)

нефть өндүрүү күч алган

b)

айыл чарба азыктарынын товардык өндүрүшү

c)

мал чарбачылыгы гана өнүккөн

d)

толук индустриализация аяктаган

52.

Кыргызстанда Совет бийлигинин алгачкы жылдарында эл арасында саясий үгүт жүргүзгөн демократиялык уюм:

a)

алаш

b)

кыргыз Социалисттер Бирлиги

c)

союз "Букара" и "Горнорабочий"

d)

кызыл Кыргыздар Союзу

53.

1913-1914-ж. Уфа шаарында "Мухтасар тарых Кыргызыя" жана "Тарых кыргыз Шадмания" деген тарыхый эмгектерин жарыялаган биринчи кыргыз тарыхчысы:

a)

Осмоналы Сыдыков

b)

Молдо Кылыч

c)

Ишеналы Арабаев

d)

Абдыкерим Сыдыков

54.

Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жана чындоого активдүү катышкан, биринчи кыргыз ыктыярдуу атчандар отрядын уюштуруучу:

a)
А. Осмонбеков
b)

Ж. Абдрахманов

c)

И. Айдарбеков

d)

С. Каралаев

55.

1924-ж. Кара-Кыргыз автономиялык областынын ревкомунун төрагалыгына дайындалган:

a)
II. Айдарбеков
b)

А. Орозбеков

c)

А. Осмонбеков

d)

Ж. Абдрахманов

56.

Кыргыз Автономиялуу областынын БАКин биринчи төрагасы:

a)

А. Осмонбеков

b)

А.Орозбеков

c)

Ж. Абдрахманов

d)

И. Айдарбеков

57.

Бүткүл Түркстандык IV сьездде түзүлгөн мамлекет:

a)
Түркстан АССРи/
b)

Өзбек ССРи

c)

Казак ССРи

d)

Советтик Орто Азия Республикасы

58.

1925-жылдагы «отуздун» каты - бул:

a)

агартуу тууралуу манифест

b)

большевиктер партиясынын официалдуу багытына биринчи жолу уюшулган каршылык

c)

антисоветтик кыймылдын планы

d)

айыл чарба саясатына каршы кат

59.

Кыргыз Автономиялуу Республикасы ... түзүлгөн.

a)
1926-ж/г.
b)

1928-ж/г.

c)

1921-ж/г.

d)

1924-ж/г.

60.

Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин алгачкы төрагасы:

a)
Ж.Абдрахманов
b)

А. Осмонбеков

c)

А. Орозбеков

d)

С. Каралаев

61.

1924-ж. 14- октябрда түзүлдү:

a)

Кара - Кыргыз Автономиялуу областы

b)

Кыргыз ССРи

c)

Кыргыз АССРи

d)

Түркстан АССРинин кыргыз округу

62.

Кулакка тартуу боюнча суроолорду «үчтүктөр» өз алдыларынча чечишкен. «үчтүктөр»-булар...

a)

колхоз жетекчилери, партия катчылары, молдолор

b)

жергиликтүү парткомдун катчысы, милиция кызматкерлери жана айылдык кеңештин мүчөсү

c)

партиялык активисттер, гезит редакторлору жана мугалимдер

d)

ОГПУ, НКВД жана сот

63.

Кыргызстандагы индустриялаштыруунун жүрүшүндөгү негизги кыйынчылыктар кайсылар?

a)
  • элдин каршы чыгышы

b)

жолдордун начарлыгы

c)

агартуу деңгээлинин төмөндүгү

d)

квалификациялуу жумушчу адистеринин жетишсиздиги

64.

Кыргызстандын түштүгүндө жер-суу реформасы жүргүзүлгөн:

a)

1923-ж.

b)

1926-ж.

c)

1927-1928-жж.

d)

1921-ж.

65.

Кыргыз АССРи Кыргыз ССРи болуп түзүлгөн:

a)

1924-ж.

b)

1928-ж.

c)

1926-ж.

d)

1936-ж.

66.

1921- 1922 жж жер суу реформаларынын негизги максаты кандай?

a)

падышачылык тартып алган жерлерди дыйкандарга кайтарып берүү

b)
  • жамаатташтыруу процессин тездетүү

c)

жаңы жерлерди өздөштүрүү

d)

жарандык согуштун кесепеттерин жоюу

67.

Москваны коргоодо баатырдык менен курман болгон кыргыз жигити:

a)
Д. Шопоков
b)

К. Үсөнбеков

c)

Д. Асанов

d)

И. Таранчиев

68.

Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы этабында Советтер Союзунун Баатыры наамын алган, генерал - лейтенант, Кыргызстандын жаштарын аскердик-патриоттук тарбиялоого активдүү катышкан инсан:

a)
К. Усенбеков
b)

Д. Шопоков

c)

С. Каралаев

d)

А. Осмонбеков

69.

Бул ысымдарды К.Үсөнбеков, Д.Шопоков, Д.Асанов, И.Таранчиев эмне байланышытырып турат?

a)

Кыргыз ССРинин эл баатырлары

b)

Советтер Союзунун баатырлары

c)
  • алар бардыгы жазуучу болгон

d)

СССР армиясынын маршалдары

70.

1970-жж. Кыргызстандын өнөр жайында иштелип чыккан, сапат жагынан дүйнөлүк рынокто эталон болуп эсептелген өнөр жай продукциясы:

a)
сурьма
b)

жез

c)

мунай

d)

көмүр

71.

1985-жылдан 1990-ж. октябрь айына чейин Кыргызстан КП БК биринчи катчысы болгон:

a)

А. Осмонбеков

b)

Т. Кулатов

c)

Т. Усубалиев

d)

Масалиев А.

72.

Улут аралык түшүнбөстүктөн келип чыккан коогаландуу «Ош окуясы» болгон :

a)

1986-ж. декабрда

b)
  • 1990-ж. июнда, 2010-ж.

c)

1991-ж. мартта

d)

1988-ж. апрелде

73.

Кыргыз АССРнин Конституциясын кабыл алган:

a)
1929-ж
b)

1926-ж

c)

1938-ж

d)

1936-ж

74.

1930-жылдарда репрессияланган Кыргызстандын көрүнүктүү лингвист-окумуштуусу:

a)

А. Токомбаев

b)

А.Жумалиев

c)

С.Жаншиков

d)

К.Тыныстанов

75.

СССРдин курамында Кыргыздардын улуттук мамлекеттүүлүгү башталган.

a)

1924-ж. 14-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу областы түзүлгөндө

b)

1936-ж. 5-декабрда

c)

1926-ж. Кыргыз АССРи түзүлгөндө

d)

1991-ж. көз карандысыздык алынганда

76.

1938-жылы 6-8-ноябрда кандай окуя болуп өткөн?

a)

Чоң-Ташта көрүнүктүү ишмерлер массалык түрдө көмүлгөн

b)

Сталинград салгылашуусу

c)

Биринчи беш жылдык планы кабыл алынган

d)

Конституция өзгөртүлгөн

77.

Канча кыргызстандык 1937-38-жж. тоталитардык режимдин курмандыгы болгон?

a)

40 минден ашуун

b)

20 минден ашуун

c)

5 миңге жакын

d)

100 миңден ашык

78.

Улуу Ата мекендик согуштун негизи бурулушу кайсы окуядан баштаган?

a)
  • Москва үчүн салгылаш

b)

Курск салгылашуусунан кийин

c)

Сталинград салгылашуусунан кийин

d)

Ленинград блокадасынан кийин

79.

1950-1961-жж. И.Раззаковдун кызматы:

a)

Кыргызстан КП БК 1-катчысы

b)

Кыргызстан КП БК 2-катчысы

c)
  • Жогорку Кеңештин төрагасы

d)
  • Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы

80.

1961-1985-жж. Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы болуп иштеген?

a)

С. Каралаев

b)

Т.Усубаелиев

c)

Ж. Абдрахманов

d)

А. Масалиев

81.

"Кыргыз Республикасыны Баатыры" - эн жогорку ардактуу наамга алгач татыктуу болушкан:

a)

Баялинов М., Касымалиев К., Калыев М.

b)

Сыдыкбеков Т., Садыков Т., Айтматов Ч.

c)

И. Раззаков, С. Каралаев, А. Масалиев

d)

Д. Шопоков, Д. Асанов, К. Үсөнбеков

82.

Кыргызстан БУУга качан мүчө болгон?

a)

1992-ж/г.

b)

1991-ж/г.

c)

1993-ж/г.

d)

1990-ж/г.

83.

Суверендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби качан кабыл алынган?

a)

1991-ж/г.

b)

1992-ж/г.

c)

1990-ж/г.

d)

1994-ж/г.

84.

Суверендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги кабыл алынган:

a)

1992-ж/г.

b)

1994-ж/г.

c)

1993-ж/г.

d)

1995-ж/г.

85.

Кыргыз Республикасынын гимни кабыл алынган:

a)

1992-ж/г.

b)

1994-ж/г.

c)

1991-ж/г.

d)

1993-ж/г.

86.

2014-жылы Кырчын жайлоосунда кандай иш-чара өттү

a)

I дүйнөлүк Көчмөндөр оюну

b)

II дүйнөлүк Көчмөндөр оюну

c)
  • Курманжан датка фестивалы

d)

Эл аралык туризм жарманкеси

87.

Баткен областына эл аралык террористтик топтор кол салган:

a)

март, 2000-ж.

b)

июнь, 1998-ж.

c)

октябрь, 2001-ж.

d)

август, 1999-ж.

88.

Кайсы орус генералы Курманжан датканы Алай ханышасы деп атаган?

a)

К. Кауфман

b)

И. Панфилов

c)

М. Скобелев

d)

А. Колпаковский

89.

И. Раззаковдун 100 жылдык юбилейи качан белгиленди?

a)

2005-жылы

b)

2010-жылы

c)

2013-жылы

d)

2015-жылы

90.

2005-жылдын 24-мартындагы окуялардын башкы натыйжасы ....?

a)

төңкөрүш басылды

b)

элдик референдум өткөрүлгөн

c)

мамлекеттик бийлик алмашты

d)

Конституция өзгөртүлгөн

91.

Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары жарыялаган мыйзам качан кабыл алынган.

a)

1987-жылы 1-июнь

b)

1991-жылы 31-август

c)
  • 1993-жылы 5-май

d)
  • 1989-жылы 23-сентябрь

92.

ХIХк. 30 жж. Нарын кыргыздарынын Кокон хандыгына каршы которулушун ким жетектеген?

a)
Тайлак баатыр
b)
  • Кененсарылардын өкүлү

c)

Жеңижок

d)

Молдо Кылыч

93.

Кыргыз элинин калыптануу процесси кайсы аймакта аяктаган?

a)
Тенир-Тоо
b)

Фергана өрөөнүндө

c)

Чүй өрөөнүндө

d)

Алай тоолорунда

94.

«Сорос-Кыргызстан» Фонду кайсыл тармакка көмөк корсотот?

a)

Саламаттык сактоого

b)

Айыл чарбасына

c)

Билим берүүгө.

d)

Туризмге

95.

КРнын мамлекеттик тузулушунун формасы .Форма государственного образования КР

a)

конфедерациялык

b)

Унитардык-Унитарная

c)

федерациялык

d)

автономиялык

96.

Кыргызстандандын түштүгүндөгү таш доорунун эстеликтери табылган жер:

a)
  • Таш-Рабат

b)

Кожо-Бакырган-Сай

c)

Саймалуу-Таш

d)

Айгүл-Таш

97.

Давань падышачылыгында болжол менен канча шаар болгон?

a)
70
b)

30

c)

60

d)

50

98.

«Жабгу» сөзү эмнени түшүндүрөт?

a)

түрк аскер башчысы

b)

салык чогултуучу

c)

хан кеңешинин катчысы

d)

карлуктардын жол башчысы

99.

Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн доору " түшүнүгүн тарых илимине киргизген илимпоз:

a)
В.В.Бартольд
b)
  • Л. П. Потапов

c)

Н. А. Аристов

d)

Ю. А. Зуев

100.

Окумуштуулар орто таш кылымын кантип аташат?

a)

палеолит

b)

мезолит

c)

бронза доору

d)

неолит