NEW
Font size
Worksheetsмодул 1 женил Психология
Total questions: 18
Worksheet time: 9mins
Туура жообун белгиле. ”Психика” деген эмне?
адамдын темпераменти, мүнөзү
жүрүм-турум өзгөчөлүгү, көз карашы
реалдуу чындыктын баш мээде чагылуусу
адамдын ишенчээктиги, ак көңүлдүгү
Сүйлөмдү толукта. Ишмердүүлүктүн ишке ашуусунда ... мааниси абдан чоң.
кыймыл, аракет
сүйлөө, айтуу
ырдоо, бийлөө
уркоо, басуу
Туура жообун тап. Адамда кандайдыр бир турмуштук тажрыйбалардын негизинде боло турган окуяны алдын ала кабыл алууга даяр турган ички абалды эмне деп атайбыз?
кызыгуу
психика
мотив
установка
Туура жообун белгиле. Карым –катнаштын түзүлүшү канчага бөлүнөт, алар кайсылар?
коммуникация, интеграция
вербалдык, диалогдук кеп
коммуникация, перцепция, интеграция
карым-катнаш, перцепция
Туура жообун белгиле. Көнүл буруунуну түрлөрү.
көнүл буруунун туруктуулугу, термелүүсү, көлөм, элегейлиги
эрктүү, эрксиз, эрктүү көнүл буруудан кийинки көнүл буруу
эрктүү, эрктүүдөн кийинки көңүл буруу, көлөмү
эрктүү, эрксиз көнүл буруу
Туура жообун белгиле. Адамдардын көнүл буруусунун бир обьектиде узак убакытка кармалышы.
көңүл буруунун алмашуучулугу
көңүл буруунун туруктуулугу
көңүл буруунун бөлүнүүчүлүгү
көңүл буруунун чар жайыттуулугу
Туура жоопту белгиле. Адам баласынын акыл иш-аракетине байланыштуу пайда болгон сезим.
жек көрүү сезими
интелектуалдык сезим
моралдык сезим
эстетикалык сезим
Туура жоопту белгиле. Жаныбарларда ишмердүүлүк кездешеби?
айрым жаныбарларда кездешет
кездешпейт, инстинктик аракеттер гана болот
жашаш үчүн күрөшүү ишмердүүлүгү бар
жаныбарларда эмгек ишмердүүлүгү бар
Туура жоопту белгиле. Ан сезимсиз адамдар эмне үчүн личность боло алышпайт?
тез-тез ооруп турушат
эч нерсени түшүнүшпөйт
эмгеке жараксыз
алардын коомдо орду жок, максаты жок
Туура жообун белгиле. Ишмердүүлүктүн түрлөрү кайсылар?
педагогикалык, психологиялык
окуу,спрот, иш
окуу ,иш, ойноо
оюн,эмгек,окуу
Туура жообун белгиле. Инстинкт кандай өзгөчөлүктөргө ээ?
гендин натыйжасында үйрөнүлөт
туулгандан кийин берилет, сырткы чөйрөдөн үйрөтүлөт
тубаса берилет, ан сезимсиз болот
тубаса берилет, ан сезимдүү болот
Туура жообун белгиле. Коллектив деген кандай түшүндүрүлөт?
түрдүү курактагы адамдардын тобу
психикалык жактан жетишпеген адамдар
аң сезимдүү адамдар
максаты бир, бирдиктүү иш аракетти аткарууга багытталган адамдардын тобу
Туура жообун белгиле.Карым-катнаш деген эмне?
психика
жалпы түшүнүк
информация алмашуу же өз ара мамиле
ишмердүүлүк
Туура жоопту белгиле. Эмне үчүн карым-катнашта вербалдык жана вербалдык эмес каражаттар колдонулат?
карым-катнашка каражаттардын эч кандай тиешеси жок
анткени карым-катнаш эки жактуу процесс
анткени карым-катнаш татаал процесс, ошондуктан каражаттар көп керектелет
анткени сөз менен маалыматтын белгилүү бир бөлүгү берилсе, ал эми кыймыл-аракет, жест, мимика аркылуу калган бөлүгү берилет. Ошондо карым-катнашта вербалдык эмес каражаттар кепке кошумча өң-түс берип турат
Туура жоопту белгиле. Группада баары тынч отуруп, сабак болуп жатат. Капыстан эшик ачылды, бирок эч ким кирген жок. Балдар да, тарбиячы да баштарын эшик жакка бурушту. Бул кырдаал көнул буруунун кайсы касиетине мисал боло алат.
көңүл буруунун көлөмү
көңүл буруунун туруктуулугу
эрксиз көңүл буруу
эрктүү көңүл буруу
Туура жоопту белгиле. Адамдын белгилүү обьектиге көнүлдүн көп убакытка чейин топтой албоо өзгөчөлүгү.
көнүл буруунун элегейлиги
көнүл буруунун бөлүнүүсү
көнүл буруунун термелүүсү
көнүл бурунуунун алмашуусу
Сүйлөмдү толукта. Личносттун таануу процесстерине ... кирет.
кыялдануу, көнүл буруу
ойлоо , сезим
көнүл буруу, сезүү, кабыл алуу, ойлоо, эс
Ойлоо, элестетүү, эрк, мүнөз
Туура жоопту белгиле. Личносттун подструктурасы канчага бөлүнөт?
эндопсихикалык, экзопсихикалык
психикалык , педагогикалык
темперамент , мүнөз
мүнөз,психикалык
