WorksheetsКоопсуздук боюнча тест
Total questions: 8
Worksheet time: 4mins
Жеке коопсуздук деген эмне?
а) Мамлекет тарабынан коомду коргоо
б) Адамдын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч туудурган кырсыктардан сактануу
в) Топтордун ортосундагы кагылышуу
Коомдук коопсуздук эмнени билдирет?
а) Коомдо тартипти сактоо үчүн адамдардын бири-бирине ишениши
б) Мамлекет тарабынан адамдарды ар кандай коркунучтардан коргоо
в) Табигый кырсыктарды алдын алуу
Өзгөчө кырдаал кайсы учурда киргизилет?
а) Мамлекет коркунуч жок деп тапканда
б) Жарандардын өмүрүнө жана ден-соолугуна кооптуу абал жаралганда
в) Жаңы мыйзам кабыл алынганда
Социалдык мүнөздөгү кооптуу кырдаалга мисал:
а) Жер титирөө
б) Массанын мушташуусу
в) Сел жүрүшү
Биологиялык өзгөчө кырдаалдын себеби эмне?
а) Табигый кубулуш
б) Жугуштуу оорулардын жайылышы
в) Заводдогу жарылуу
Табигый кырсыктарга кайсылор кирет?
а) Жер титирөө, сел, бороон
б) Өрттөө, унаа кырсыгы
в) Коркутуу, алдоо
Техногендик кырсыктын өзгөчөлүгү:
а) Адамдардын агрессивдүү ишмердүүлүгүнөн чыгат
б) Техникалардын бузулуусунан же шалаакылыктан чыгат
в) Табияттын таасиринен чыгат
Өзгөчө кырдаалда эң негизги талап:
а) Дүрбөлөңгө түшпөй, көрсөтмөлөрдү так аткаруу
б) Өз алдынча чечим кабыл алып, баш ийбөө
в) Коопсуздук эрежелерине көңүл бурбоо
