Search Header Logo
pisa 2025

pisa 2025

Assessment

Presentation

Social Studies

Professional Development

Practice Problem

Hard

Created by

Нуржан Турукбаева

Used 2+ times

FREE Resource

26 Slides • 0 Questions

1

media

Кыргызстандын

PISA 2025 –изилдөөсүнө

катышуусу

- жалпы билим берүүнүн
сапатын көтөрүү жолу

2

media

МУГАЛИМДИН КҮЧҮН БИЛИМ

БЕРҮҮНҮН ӨЗӨГҮ КАТАРЫ
КАРАСА БОЛОТ. ЭЧ КАЧАН

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫ
МУГАЛИМДИН САПАТЫНАН

ЖОГОРУ БОЛБОЙТ...

МЕКТЕПТЕР СИЛЕРДИН
БҮГҮНКҮ ЭКОНОМИКА,

ЭРТЕҢКИ КООМУҢАР.

PISA ИЗИЛДӨӨСҮНҮН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ-

АНДРЕАС ШЛЯЙХЕР

3

media

Окуучулардын билим
жетишкендиктерин

баалоо боюнча

эл аралык программа

PISA

англ. Programme for

International Student Assessment

4

media

PISA

Мектептеги окуу программаларынын

күчтүүлүгүн эмес, окуучулардын негизги
предметтер боюнча билимдерин жана

көндүмдөрүн колдоно алуу, талдоо,

чечмелөө жана көйгөйлөрдү натыйжалуу

чечүү, ойлонуу жана баарлашуу

жөндөмдүүлүгүнүн артыкчылыгын текшерет.

5

media

PISA кимди баалайт?

Тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 15 жаштагы (15 жаш

3 айдан- 16 жаш 2 айга чейин) окуучулар катышат.
Көпчүлүк өлкөлөрдө б.а. ЭКӨУга катышкан өлкөлөрдүн көбүндө
бул курак милдеттүү билим берүүнүн акыркы мезгили болуп
саналат.

PISA эмнени баалайт?

PISA окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган
билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын
коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт.
Башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучу толук кандуу
коомго аралашып кетүүсүнө же болбосо турмушта өз ордун
табуусуна керектүү болгон көндүмү жана билими бар же жок
экенин баалоону максат кылат.

6

media

Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо

үч негизги багыт боюнча жүргүзүлөт

Математикалык сабаттуулук

Окуу сабаттуулугу

Табигый илимий сабаттуулук

Ар бир мамлекет кошумча багытты тандоону же андан баш

тартууну өздөрү чечет

7

media

2000-ж

2003-ж

2006-ж

2009-ж

2012-ж

2015-ж

2018-ж

2022-ж

(пандемия )

2025-ж

Окуу сабаттуулугу

Математикалык сабаттуулук

Табигый илимдер боюнча сабаттуулук

Окуу сабаттуулугу

Математикалык сабаттуулук

Табигый илимдер боюнча сабаттуулук

Окуу сабаттуулугу

Математикалык сабаттуулук

Табигый илимдер боюнча сабаттуулук

Предметтер аралык мүнөздөгү тесттин
атайын тапшырмалары: көйгөйлөрдү
жана көйгөйлүү кырдаалдан чыгуу

көндүмдөрүн баалоо

Санариптик сабаттуулук

Каржылык сабаттуулук

Интерактивдүү версия: тапшырмаларды

биргеликте чечүү

Глобалдык компетенциялар

Креативдүү ой жүгүртүү

Санариптик дүйнөдө билим алуу +чет тили

ЖЫЛЫ

НЕГИЗГИ БАГЫТТАР

КОШУМЧА БАГЫТТАР

8

media

ИЗИЛДӨӨ УЮМУ:

Экономикалык

кызматташтык жана

өнүктүрүү уюму

9

media

Изилдөө 3 жылда бир жолу өткөрүлөт.
Эл аралык баалоонун 8-циклы (2021-
жылы өтүш керек эле) пандемия шартына
байланыштуу жылдырылып, 2022- жылы
өткөрүлгөн.

10

media

ОКУРМАНДЫК САБАТТУУЛУГУ

Окурмандык сабаттуулугу- социалдык

жашоо-турмушка аралашуу, алдыга
коюлган максаттарга жетүү үчүн окуу

менен алектенүү, мүмкүнчүлүктөрүн жана

билимин кеңейтүү, тексттерди түшүнүү ,

баалоо жана аларды пайдалануу жөндөмү

11

media

ТЕКСТТИН 4 ФОРМАТЫ

Туташ эмес

тексттер
Туташ тексттер

Көп түрдүү

Аралаш

Жалаң кара сөз
Түшүндүрүү
Инструкция
Баяндама

График
Карта
Таблица тизмеси
Чек, талон

Туташ+
туташ эмес

Бир нече

тексттер

12

media

МАТЕМАТИКАЛЫК САБАТТУУЛУК

Бул адамдын математиканы ар кандай контекстте
иштеп чыгуу, колдонуу жана чечмелөө жөндөмү
Ал математикалык ой жүгүртүүнү, кубулуштарды

сүрөттөө, түшүндүрүү жана божомолдоо үчүн
математикалык түшүнүктөрдү, жол-жоболорду,

методдорду, фактыларды жана куралдарды

колдонууну, ошондой эле математикалык
маселенин чечилишин чечмелөөнү камтыйт

13

media

Математикалык сабаттуулук

эмнени текшерет

Математикалык түшүнүктөрдү, фактыларды

билүү

Математикалык
каражаттарды

(формула, эрежелерди)

эркин колдоно алуу

Индуктивдик ой
жүгүртүү, чыгаруу,
жагдайды баалоо,

далилдөө, оптималдуу

чечимин издөө ж.б.

14

media

ТАБИГЫЙ ИЛИМИЙ САБАТТУУЛУК

Табигый илимий сабаттуулук –бул адамдын табигый илимдерге байланышуу маселелер
боюнча активдүү жарандык позицияны ээлөө жөндөмү жана табигый илимий идеяларга
кызыгууга даярдыгы
Табигый илимий сабаттуулуктун сабактар менен байланышы
Табият таануу предмети мектепте окутулуучу табият жөнүндөгү бардык предметтер
(биология, физика, химия, география, астрономия) боюнча окуучуларга толук билим берүү
менен бирге , табигый- илимий билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылат жана
аталган тектеш предметтер аралык байланышты жүзөгө ашырат
Предметтер аралык байланыш- - бул окуучулардын таянып билүү ишмердүүлүгүн
активдештирген, ар кайсы предметтерден алган билимдерин жалпылап, синтездеп, ой-
жүгүртүү боюнча заманбап окутуунун маанилүү принциби болуп саналат.
PISA предметтерге бөлүнбөйт. Мисалы табигый илимдер сабаттуулугунан берилген
тапшырмада:
Жанрды аныкта (адабият)
Иллюстрация менен тексти дал келтир (көркөм өнөр)
Аралыкты эсепте
Кайсы мезгил сүрөттөлгөн, табиятты мунөздөө (мекен таануу, география, табият таануу)
Бак –дарак, кишилер, жаныбар (биология, география, химия)

15

media

Тапшырмалар форматы

Тест тапшырмалары анкета түрүндө болот жана белгилүү бир

көйгөйдүн түшүндүрмөсү менен тапшырмалар берилет. Анда ар
кандай мүнөздөгү жана кыйынчылыктагы бирден алтыга чейин
суроолор берилет

Тест суроолорунун ар кандай форматтагы (ачык же жабык)

колдонулат. Мында суроолорго өз оюн жазышы, жеке көз карашын
билдире алышы керек же, туура же, туура эмес деп баалана турган
(жабык

жооп)

жоопторду

тандап

алышы

керек.

Тесттик

тапшырмалардын дээрлик жарымын эркин түрдө жооп берүүгө
болжолдонгон суроолор түзөт.

2015 –жылдан тартып компьютердик баалоого өттү. Дээрлик

бардык өлкөлөр санариптик форматтагы тестирлөөгө катышкан

16

media

Тесттен өткөн ар бир окуучуга эл аралык
1000 баллдык шкала боюнча балл берилет,
ал эми бир тапшырманы аткаруу үчүн
өзүнчө (математика, окуу, табигый илимдер)
- эл аралык балл 1000
Орточо балл 500

Тесттик тапшырмалар кандай бааланат?

СТАНДАРТТЫК ЧЕКТӨӨ 100 БАЛЛ
АЛ ЭМИ БАРДЫК ӨЛКӨЛӨРДҮН 2\3
БӨЛҮГҮ 400ДӨН 600ГӨ ЧЕЙИН БАА

АЛЫШАТ

17

media

PISA изилдөөсүндө табигый илимий сабаттуулукту изилдөө боюнча

окуучулардын көрсөткөн деңгээлдери

335-409 балл

1-деңгээл Күнүмдүк турмушта кездешүүчү кубулуштарды билүү. Маселени чечүү
үчүн ар кандай маалыматтарды аныктай билүү. Табигый билимдердеги
фактыларды, түшүнүктөрдү, закондорду түшүнүү

410-483 балл

2-деңгээлдеги окуучулар билимдерине таянып, маалыматтарды чечмелеп,
жөнөкөй эксперименттердеги түшүнүктөрдү таанып биле алат. Түшүнүктөрдү,
процесстерди, закондорду айырмалай алат

484-558 балл

3-деңгээлге жеткен окуучулар билим, билгичтигине таянып кубулуштагы
түшүнүктөрдү таанып, кураштыра алат. Мазмундук элементтерге негиздеп,
жөнөкөй эксперимент жүргүзө алат. Илимий жана илимий эмес суроолорду
аныктай билет.

18

media

559- 632 балл

4-деңгээлге жеткен окуучулар өздөрүнүн билимин пайдаланып татаалыраак маселелерди,
кырдаалды, процессти түшүндүрүп, жыйынтык чыгара алат. Алар эксперименттердин планын
негиздеп, жол-жоболорун жана ыкмаларын таанып-билип, билим элементтерине таянып
колдонот.

633-707 балл

5-деңгээлде окуучулар өздөрүнүн билимин пайдалануу менен аталышштарды тушүнүү,
кубулуш, окуялар менен процесстердин байланыштарын билет. Илимий билимдерди
байланыштырып, билим менен эксперименттерди жүргүзүп, маалымат алып өздөрүнүн
формулировкасын бере алат.

708-1000 балл

6-деңгээлге жеткен окуучулар табигый билимдер физика, биология, география, химия,
астрономиянын өз ара байланышкан мазмунун, жол-жоболорун жана методдорун жаңы
кубулуштарды, окуяларды болжоолорду түзүүдө колдоно алат. Алар илимий далилдерге жана
теорияларга таянып, аргументтерди башка далилдерге негиздей алат. Алган билимдерин
практикада колдонот, алардын жаратылыштагы байланыштарын, күндөлүк турмуштагы
маанисин аныктоого жетишет. Бул деңгээлде окуучулар табигый билимдерин жана өз алдынча
чыгармачылык менен алган билимдерин татаал эксперименттерди жүргүзүүдө колдонот.

19

media

PISA 2025ТИН «БОЛЖОЛДУУ» ДИЗАЙНЫ

мектеп

директору

окуучулар

мектеп

мугалимдери

ата-энелер

Компьютердик вариант

Когнитивдик жөндөмдөрдү

талдоо

(120 мин)

Окуу, Математика, Табият
таануу, Санариптик дүйнөдө

билим алуу

Окуучунун анкетасы

(30-35 мин)

Тандоо анкетасы: ИКТ менен

тааныштыгы боюнча анкета. Чет

тилин билүү боюнча анкета

Компьютердик вариант

Мектеп үчүн анкета

(компьютерде онлайн)

(45 мин)

Тандоонун негизинде
мугалимдин анкетасы
(компьютерде, онлайн)

Тандоонун негизинде ата-

эненин анкетасы

(кагазда)
(30 мин)

20

media

21- кылымдын көндүмдөрү

Фундаменталдык билим

күнүмдүк жашоосунда окуучулар

өзөктүү көндүмдөрдү кантип

колдонушат

Компетенциялар

татаал тапшырмаларды

окуучулар кантип

чечишет

Мүнөз белгилери

өзгөрүп турган шартта
окуучулар милдеттерин

кантип аткарышат

Тил сабаттуулугу

Математикалык сабаттуулук

Табигый илимий сабаттуулук

МКТ сабаттуулугу

Финансылык сабаттуулук

Жарандык жана маданият

сабаттуулугу

Сынчыл ойлом

Көйгөйлөрду чечүү

Креативдүүлүк

Кызматташтык

Баарлашуу

Кызыкдар

Демилге

Чыдамкайлык\

кайтпооч

Шартка көнүү

Лидерлик

Маданий жана

социалдык билгичтик

21

media

Эгерде тесттик иште:

белгиленсе бир гана жооп туура болот;

квадрат болсо бир канча жооп туура болот;

___________ өз креативдүү ой –жүгүртүүлөрү

боюнча жазышат

мисал:
:

22

media

fioco.ru- «федеральный институт оценки
качества образования»
ncokoit.kg- национальный центр оценки
качества образования и информационных
технологий
KAO.kg- Кыргызская академия
образования

Сайттар:

23

media

Глобалдык компетенттүүлүк

класстагы жана класстан тышкаркы иш- чараларда
окуучулар төмөнкү темалар менен тааныштырылат

Глобалдык компетенттүүлүктү калыптандыруу төмөнкү жолдор менен ишке

ашырылышы

Бардык предметтердин мазмуну аркылуу
Класстан тышкаркы иштер аркылуу (класстык сааттар, ийримдик иштер)
Климаттын өзгөрүшү жана глобалдык жылуулук; глобалдык ден соолук

көйгөйлөрү(мисалы эпидемиялар); - дүйнөнүн ар кайсы аймактарында
ачарчылык жана начар тамактануу;- дүйнөнүн ар кайсы аймактарында
эркектер менен аялдардын бирдей укуктары

24

media

Финансылык сабаттуулук деген эмне?

Бул мүмкүн болгон финансылык кесепеттерди билип,
финансылык билимин практикада колдонуу үчүн зарыл
маалыматтарды алууга, түшүнүүгө жана баа берүүгө
адамдын жөндөмдүүлүгү

25

media

Креативдүүлүк –бул бир кесип эмес, кесипке
жөндөм, өзүбүздү өзгөртүү процесси. Ар бир адам
кыялданууга жаңы идеяларга ачык болсок,
креативдүү боло алабыз.
Жаңы билимдерди, инновациялык жана
эффективдүү чечимдерди алууга, идеяларды иштеп
чыгууга, баалоо жана жакшыртууга багытталган,
натыйжалуу пороцесске катышуу жөндөмдүүлүгү

Креативдүү ой жүгүртүү

26

media

КӨҢҮЛ

БУРГАНЫҢЫЗДАР

ҮЧҮН ЧОҢ
РАХМАТ!!

media

Кыргызстандын

PISA 2025 –изилдөөсүнө

катышуусу

- жалпы билим берүүнүн
сапатын көтөрүү жолу

Show answer

Auto Play

Slide 1 / 26

SLIDE