wayground logo

Free Printable Worksheets

NEW

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

11-класс ЖРТ

Total questions: 21

Worksheet time: 11mins

Name
Class
Date
1.

Кайсы варианттагы сүйлөмдүн биринчи бөлүгү экинчи бөлүгүнүн себебин билдирип турат?

a)

Малчылар Чүйгө көчүп кетишкендиктен,жайлоонун чөбү кайра кулпура баштады.

b)

Дан эгиндерин убагында сугарып туса,түшүмү мол болот.

c)

Бала от алып келгенден кийин ,Сейде шалдырап отуруп калды.

d)

Нурбектин муундары калчылдап,денесинен тер кетти.

2.

Кайсы катардагы сүйлөмдө сызыкча белгиси туура коюлган?

a)

Бүгүнкү күндөн - эртеңкибиз кызыктуу.

b)

Бөлмөдөгү студенттердин саны - үч жүз.

c)

Келечектин ээлери - силерсиңер.

d)

Бул ишти колго ала тургандар - силер.

3.

Кайсы катардагы географиялык аталыштардын бардыгы туура жазылган?

a)

Түндүк Америка,Жакынкы чыгыш,Орто Азия

b)

Каракол,Базар-Коргон,Ростов-на-Дону

c)

Жети-Өгүз,Кара-Кулжа,Көкө-Мерен

d)

Борбордук Азия,Жалал-Абад,Төө ашуу

4.

Курч...

Жогоруда берилген сөз кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы менен туура айкашат?

a)

күрөк,сөз,тарак

b)

жигит,мүнөз,иш-аракет

c)

калем,тил,көз

d)

абал,максат,бычак

5.

Сайраган

Кайсы катардагы сүйлөмдү жогоруда берилген сөз менен толуктасак,өтмө мааниде колдонулган болот?

a)

Токтогулдай_____ ырчы бол.

b)

Тоо арасында____

булбул да жок.

c)

Бак ичинде ____

куштар жүрөт.

d)

Ээн талаада_____

кандай жарыктык.

6.

Кайсы катардагы белгиленген сөз санды билдирип турат?

a)

Ар бири ДААНА көрүнүп турду.

b)

Ар бир ДААНА айтылган сөз угулуп турду.

c)

Бир ДААНАСЫН уккан киши барбы?

d)

Ар бир ДААНАСЫН текшерип алган эле.

7.

Кайсы варианттагы белгиленген сөз жазуу эрежесине ылайык жазылган?

a)

Кыз узатуу кечесине ЧАКЫРУУ кагазын алдым.

b)

Кошунабыз апамды конокко ЧыКЫРЫП келиптир.

c)

Айгерим кызын чоң апасынын үйүнө ТЫШТАП кетти.

d)

Бакыт жаңы барган мектептин эрежелерине КӨМБӨЙ,кайра эски мектебинде окуп жатат.

8.

Агайын-туугандар,өгүнү айтылган сунушту кантип иш жүзүнө ашырабыз?

Жогорудагы сүйлөмдө канча бириккен сөз бар?

a)

1

b)

2

c)

3

d)

4

9.

Кайсы варианттагы белгиленген сүйлөмдөгү сөз заттык мааниде колдонулду?

a)

Мен БУЛ баланы көргөм.

b)

БУЛ качан келди эле.

c)

БУЛ табышмактуу суроону ким берди?

d)

БУЛ жигит эмне дейт.

10.

Кайсы варианттагы сүйлөмдө эрежеге ылайык келбеген ката бар?

a)

Биздин топто үч түрк бар.

b)

Курбуларымдын үчөө түркчө билет.

c)

Ар бир топто үч-үчтөн түрк бар.

d)

Келген коноктордун үчөө түрктөр.

11.

Мурда гүлдөп -өскөн өлкөдө олуттуу саясий дүрбөлөңдөр башталгандан улам буга мурда___ караган демөөрчүлөр андан ары каржылык салым кошууга ____менен мамиле кылып калышты.

a)

оң,жоомарттык

b)

үмүттүү,этияттык

c)

үмүтсүз ,кызыгуу

d)

чечкиндүү,ишеним

12.

Бензинге болгон баа кескин_____ токтотуу жайлары_____ себептүү ____автомобилдерге болгон суроо-талап______.

a)

арзандап,жетишсиз болгон,чоң жана кымбат,өстү

b)

кымбаттап,курулуп жаткан,кичине жана үнөмдүү,азайды

c)

арзандап,курулуп жаткан,чоң жана кымбат,азайды

d)

кымбаттап,жетишсиз болгон,кичине жана үнөмдүү,өстү

13.

Мындай жаңылыш пикир бар:___ кереги жок,анткени___

a)

дарылардын алдын ала камдоонун,алардын жарамдуулук мөөнөтү бар

b)

эс тутумду машыктыруунун ,баарын жазып алып турса болот.

c)

эски буюмдарды сактоонун,алар көп орун ээлейт

d)

зарыл нерселерди сатып алуунун,бул жөнүндө өкүнүп калуу мүмкүн

14.

Генри Форд автомобиль заводундагы оңдоо бригадаларынын мастерлерине жумуш убактысынын ____ бөлүгү үчүн гана акча төлөнгөн ,ошон үчүн алар оңдоо иштерин ____ жүргүзүүгө кызыктар болушкан

a)

алар иш менен алпурушкан,тынып-тынып

b)

алар иш менен алпурушкан,тез

c)

алардын иши жок болгон,шашпай

d)

алардын иши жок болгон,тез

15.

Тоо : үңкүр

a)

дарак : көңдөй

b)

жол:тюннель

c)

кудук:суу

d)

алжапкыч : чөнтөк

16.

кабар:кубаныч

a)

кабар:маалымат

b)

кабар:кат

c)

кабар:жаңылык

d)

кабар:тынчсыздануу

17.

үстөл:дасторкон

a)

пол:килем

b)

эмерек:каптама

c)

терезе:парда

d)

керебет:жапкыч

18.

бейкапар:камкордук

a)

түркөй:билим

b)

куралсыз:жеңиш

c)

жеңилгис:салгылашуу

d)

анык:факт

19.

такка отуруу:башкаруу

a)

дайындоо:милдет

b)

майрам:сыйлоо

c)

аткаруу:убада

d)

үйлөнүү:үй-бүлө

20.

гүлдөө:кыйроо

a)

кульминация:аягы

b)

күн:түн

c)

өнүү:өсүү

d)

пайда болуу:өбөлгө

21.

Кайсы варианттагы сүйлөмдүн белгиленген бөлүгү кыймыл -аракеттин себебин билдирип турат?

a)

ЭКӨӨНҮН ТЕН ЧОЛОСУ БОЛБОДУ,ээн отуруп эркин сүйлөшө албады.

b)

ЭКӨӨ ТЕҢ КӨП ОКУШТУ,шаарга барып жогорку билим алышты.

c)

ЭКӨӨ ТЕҢ ОКУУНУ АЯКТАШТЫ,диплом алып,ишке орношту

d)

ЭКӨӨ ТЕҢ СЫЙЛЫК АЛЫШТЫ,атагы чыгып,мыкты адис болушту.